Фархат Иминовдун үстүнө кара булут айланууда

Президенттик шайлоодон соң мекенинен безип кеткен Өмүрбек Бабановго удаа фракциясындагы 5-6 эл өкүлүнө иш топтолуп, керек кезде козголору тар чөйрөдө айтылууда. Мындай тизмеде «Республика – Ата Журт» фракциясынан парламент депутаты Фархат Иминовдун бар экенин кайда катат элек? Мына ошондон тарта дээрлик эки айга чукул убакыттан бери Фархат Иминовдун парламентте карааны көрүнбөй, жиги билинбей жатканы неси? Мындай шарт кезекте депутаттык дооронду саргая күтүп тургандарга майдай жагып, Иминовдун эл өкүлү катары ишке чыкпаганын парламенттеги этика комитетине чейин кароого батыл киришкенге бар аракеттерин көрүүгө ашыгып жаткандары кабарланды. Парламентке келбей, экинчиден, бийликке жакпай калган эренди дал ушул жагдайда БШК дароо мүмкүнчүлүктү коё бербей, буттан чалабы? Өзү карайлап, караанын көргөзбөй турганда мындай маалыматтар катуу
тийет го?

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *