Фарид Ниязов: “Абийирим таза. Атамбаев менен Жээнбековдун биримдигин колумдан келишинче сактаганга аракет кылдым”

– Коомчулук оппозициянын ишемби күнкү өткөн курултайынын жыйынтыгын талкуулоодо. Сиздин пикириңизде ал өлкөдөгү коомдук-саясый кырдаалга кандайча таасирин тийгизиши мүмкүн?

– Биринчиден, ал жерде оппозициянын баары чогулган жок. Формасы боюнча да, катышуучулардын курамы боюнча да, мазмуну боюнча да ал жакта курултайга, жок дегенде, аз-маз окшошкон эч нерсе болбоду. Экинчиден, театрдагы оюндай эле иш болду. Катышкандар да өзүлөрүн оюнда отургандай алып отурушту. Баары өз ролун ойноп беришти.

Эми кеп Ак үйдө калды. Бул иш-чараны өткөрүүгө жардам берүү менен оюнда эмне болгону эми ачыкка чыгат. Эки жол бар: кырдаалды мындан ары да курчута берсе болот, бирок бул өлкөгө кандай таасир этерин ойлонуп көрсө да болот. Азырынча бул жаңы бийлик өз кемчиликтерин экс-президентке карата ойдон чыгарылган каршылык көрсөтүү менен актагысы келип жаткандай таасир калтырууда. Экс-президент болсо, өткөн 8 ай бою жөн гана унчукпай отурду, көз көрүнөө ачыкка чыкпады, өлкөнү да кыдырган жок.

-Эки адамдын мамилеси жөнүндөгү маалыматтар ЖМКга батпай кетти. Президент менен экс-президент өз ара айыптоолорун айтып атышты. Мунун канчалык зарылчылыгы бар эле? Эксперттердин бир тобу чатакташуу коомдук туруктуулукка кедергисин тийгизет деп чочулашууда.

– 31-мартта А. Атамбаев жаңы президент катары кеңештерин айтып, өзүнүн досу катары сак болууну эскертти. Айтканда да өз стилине сала, ары-бери сыйпалатпастан туруп эле «атамбаевчесинен» курч айтты, бирок анын мындай сөздөрүнө биз эчак көнүп калган эмеспизби. Бирок көптөр тескерисинче, бул жолу Алмазбек Шаршенович эмоцияга алдырбаганын белгилеп жатышат.

6 жыл башкарган соң, кыязы 7 жыл башкаргандан кийин дейли, анткени эсиңизде болсо керек, 2011 -жыл деле саясый талаада премьер -министр болуп иштеген А. Атамбаевдин үстөмдүгү астында өтпөдүбү, өлкөдөгү бийликтин тизгинин башкага өткөрүп берген адамдьш ички сезимдерин түшүнүү керек деп ойлойм.

Сооронбай Шарипович ага мураскер болуп баратканда анын президенттигинин алгачкы маалы шексиз кайым айтышуулар жана талашып-тартышуулар менен коштолоорун эң сонун билген. Бирок мен ишенип турам, муну алтургай, иштеп жаткан президент менен да талкуулаганбыз, белгилүү бир убакыттан кийин Алмазбек Шаршенович баштагы ыргагынан чанып, жаңы жагдай шарттарга, жаңы сапаттагы жашоосуна көнмөк, өлкө башчыларына да баштагыдай көп кеңеш айтпай калмак. Ал эми ал Кой-Таштан туруп өлкөнү башкаргысы келген деген сөздөр болбогон бир былжырак кептер. Анын 2015 -2017 – жылдардагы таасири ага кайра президент болуп шайланууга мүмкүнчүлүк берген конституциялык өзгөртүүлөрдү киргизгенге толугу менен жетишмек. Коррупцияга каршы туруу кызматын алдын ала өкмөткө өткөрүп туруп, премьерлик кызматка өтүп кетиши да турган кеп болчу.

Бирок Атамбаев, биз, алтургай, Конституцияга бир жобо киргизели, ага ылайык, экс-президент мамлекет башчысынын кызматынан кеткенден кийин эки жыл бою Коопсуздук кеңешинин төрагалык кызматын сактап кала алат деген сунушубуздан да баш тартып койду. Жадагалса, ушул сунушту да четке какты. Бийлик реалдуу тынч жол менен өткөрүлүп берилиши керек дегенинен кайткан жок. Анан да албетте, менин билишимче, жаңы президент анын кеңештерине кулак төшөөрүнө ишенген эле.

Ошондуктан ал кеңешин да бербедиби. Адегенде расмий эмес достук кездешүүлөр учурунда берип жүрдү, анан түшүнүүчүлүктүн болбой жатканы өлкөгө кесепетин тийгизе турган терс көрүнүштөргө алып баратканын көргөн соң, ачык айтты. Андан ары болгон иш болду. 2018-жылдын апрелинде эле, башкача айтканда, Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийинки 2 айдан жана КСДПнын съезди өткөндөн бир айдан соң премьер -министр менен башкы прокурор алмашты. Жээнбеков өз жолу менен кетээри баарына биротоло айдан ачык болду. Ошондуктан май айларында А. Атамбаев кандайдыр бир кеңештерди айтканын токтотту, айтайын дегенге аракет да кылган жок, кимдир бирөөлөргө таасир кыла да алмак эмес. Ошону менен мен экс-президентти байкап туруп, ал баарын тарых сотуна калтырууну чечкен экен дедим.

Ушул жылдын жазында чатактын андан ары ырбап кетээрине тобокелчиликтер менен коркунуч туулганы көрүнүп калганда, чыңалган абалды басаңдатуу үчүн А. Атамбаев диалогко барганга даяр болчу. Май айынан тарта биз тараптан экс-президент менен учурдагы президенттин ортосуңда жеке жолугушуу өткөрүү максатка ылайык келери туурасында бир нече жолу сунуш айтылды. Мен муну адегенде Турдуназир Бекбоев аркылуу айттырдым. Андан бул маселе КСДПнын Саясый кеңешинде көтөрүлдү жана депутаттар президентке кирип чыгышты. Буга акыркы аракеттер октябрь жана ноябрь айларында болду.

Бирок болбоду… Тилекке каршы, ушуңдай ар бир кайрылуудан кийин экс-президентке болгон катуу кысым күчөгөңдөн күчөдү. Жалаа жабуу, анын жакын адамдарын куугунтуктоо, коркутуп -үркүтүүлөр ого бетер күч алды. Биздин кайрылууларыбыз кыязы, А.Атамбаевдин алсыздыгы катары кабыл алынды окшойт. С. Жээнбековдун чөйрөсүндө болсо, биз билгендей, келгиле, экс-президентти дагы бир аз кысып көрөлү, ошондо ал толугу менен кол көтөрөт дешкен. Ал жакта Атамбаевди Кыргызстаңдан «сүрүп» чыгарып, аны кеткенге аргасыз кылып, кайтып келбегидей кылууну каалагандыктары ачык эле көрүңдү.

Биздин көптөгөн тарапташтар А.Атамбаевге кирип: «Качанга чейин улам бир жаагыңызды чапсын деп тосуп бересиз? Эмнеге мизин кайтарбасыз? Эмнеге эл менен жолугушпайсыз? Айыптоолордун агымына кантип чыдап жатасыз? Эмнеге күтүлбөген жерден сизди башкы коррупционерге айландырышты, мурдакы башкы коррупционерлер болсо, бардык мамлекеттик расмий иш-чаралардын ардактуу коноктору болуп жүрүшөт? Эмнеге адамдарга өз позицияңызды түшүндүрбөйсүз ? », – деп айтып жатышты.

Бирок экс-президент маек берген жок. Өткөн 8 ай бою болгону бир жолу гана билдирүү жасап, анда да анын жолдошторунун камалышына карата эки ооз комментарий гана берди. С.Жээнбековго тоскоол болбогонго аракеттенди.

А. Атамбаевдин жакында эле берген оор жоопторуна Сооронбай Шариповичтин өзүнүн ачыктан ачык катаал маеги чагым болуп берди. «Апрель» телеканалына берген маегинде Алмазбек Шаршенович адегенде ЖМКда жана интернетке кенен жайылтылган жалаа жабууларга жана негизсиз айыптоолорго кеңири жооп берейин деген ою бар эле. Маекти адегенде октябрда жазсакпы дешкен, анан, эсимде, 9-ноябрга, анан 14 -ноябрга жылдырып отуруп, акыры 17 -ноябрда жазып алышты.

-Бул тирешүүгө жекече сиздин чоң салымыңыз болгону туурасында да божомолдор бар. Буга кандайча түшүндүрмө бересиз?

-Ар кандай кыйын кырдаалда мен биринчи кезекте өзүмдү күнөөлөйм. Ушундай тарбияланганмын. Ооба, мен президент менен экс-президентган өз арамамилелеринде калканычтын ролун аткара алган жокмун. Отставкага кетип жатып муну Сооронбай Шариповичке да, Алмаз Шаршеновичке да айтканмын. Бирок менин абийирим таза. Мен экөөнүн биримдигин колуман келишинче сактаганга аракет кылдым. Мага мындай учур болдубу, жокпу, аны убакыт көрсөтөт. Улам арылап барган сайын, менин бул миссиям башынан эле аткарууга мүмкүн болбогонуна көбүрөөк ыктап барам. Бирок бул кабатырлануудан тапкан ооруну басаңдатпайт. Бирге болсок, көп иштерди аткармакпыз…

-Медиа-Форум ушул тапта эмне менен алек?

-Кетирилген каталардын үстүнөн абдан убайымга салган, бирок пайдалуу иш жүрүүдө. А. Атамбаев өзүнөн кийин өнүгүүнүн пайдубалына бекем турган өлкөнү калтырып кетти. Апрель ыңкылабы учурундагы бытчыты чыккан өлкө менен түк салыштырып болбойт. Жарык бар. Газ бар. Жолдор курулууда. Жүздөгөн мектептер курул ду. 2010-жылга салыштырглндл эң эле корголбогон катмар – бюджетте иш
тегендердин айлык акылары эки эсеге жогорулады, пенсиялар өсүп жатат. ЕвразЭБге кирдик, жүз миңдеген мигранттардын жашоосун жеңилдеттик. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду сыяктуу өнүктүрүү институту түзүлдү, мунун аркасы менен ондогон ишканалар курулду, дагы эле курулуп жатат. Масштабдуу тарыхый изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. 1916-жылда курман болгон ата-бабалардын арбагына урмат көрсөтүлдү. Көчмөндөр оюндары сыяктуу кыргыз бренддери пайда болду. Санай берсек, абдан эле көп. Кыргызстандыктар бүгүн Атамбаев президент болгонго чейинки мезгилге караганда алда канча жакшы жашап жатышат. Ошол эле убакта биз таза иштеп, болгон күч-кайратыңды Мекенге кызмат кылууга арнасаң деле, көп иштер аткарылып, көп нерселер курулганы менен баары бир сын такканга шылтак табылаарын көрүп жатабыз.

Иш сындоодо гана эмес, биз өзүбүз кетирген реалдуу катачылыктарыбызды жана реалдуу кемчиликтерибизди талдап жатабыз. Тилекке каршы, алар болгон. Дагы бир жолу кайталайм, бул биринчи кезекте Алмазбек Шаршеновичтин өзүн абдан сар-санаага салган процесс болууда жана мен бүгүн анын президенттик мөөнөтүн кайра башынан оюнан сыдырып жатканын көрүп турам. Бул Алмазбек Атамбаев менен чогуу иштешкен баарыбызга тиешелүү. Биз күн сайын, айрыкча алгачкы айларда бийликте турган мезгилдеги өзүбүз туурасында кандайдыр бир жаңы нерселерди билип турдук. Бүгүн эми көптөрдү уктук, көп нерселерди кайра башынан саресептеп чыктык, көп нерселерге өкүндүк дегендей. Айрыкча кадр маселесинде. Биз көп учурда идеялык жактан берилген, эң ишенимдүү партиячыларды унутуп, сыртынан иштей алчудай, шайлоого добуш таба  алчудай көрүнгөн, бирок ичинде кайсы учурда болбосун, пайда чыккан жерге өтө качканга даяр, «котур ташы» барларга басым жасаган экенбиз. Ошондуктан биз азыр баштан өткөрүп жаткан мезгил толук мыйзам ченемдүү.

Бирок Алмазбек Шаршенович буга да ыраазы болуш керек деп көп айтат. Дооматтарды бүгүн уксак, кетирген катачылыктарыбызды талдап чыксак, жогеле дегенде, аларды четтеткенге аракет кылып, келечекке карата туура жыйынтык чыгарабыз деп калат. Муну жетекчилердин жаңы мууну ушундай эле катачылыктарга жол бербеши үчүн жасашыбыз керек дейт

-КСДПдачы?

– Билесизби, ал жакта азыр таптакыр башка адамдар иштей баштады. Эски партиялаштар, жаштардан да адамдар бар. Партиянын катчылыгы партиялык билеттерди алмаштырууга даярдыкты башташты. КСДПны толугу менен реконструкциялап чыгуу башталып жатат. А. Атамбаевде да, биздин жаш балдарда да ниеттер арбын. Буюрса, бир жылдан кийин бул таптакыр жаңылаганган, жаңы типтеги партия болоруна ишенем.

-Сизге дагы бир суроо: С.Жээнбековдун былтыркы жылдагы шайлоо кампаниясынын каражаттары боюнча маалыматтын чыгып кетиши боюнча. Мамлекет башчысынын аппараты муну фейк жаңылык деп атады жана түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Бирок ал тизменин реалдуу экенин тастыктагандар барган сайын көбөйүүдө. Айрым саясатчылар, алтургай, 2017-жылдагы президенттик шайлоонун легитимдүүлүгүнөн шектене башташты. Сиз Сооронбай Жээнбековдун штабынын начальниги катары буга эмне дейсиз?

-Мен бул суроого эчак эле түшүндүрмө бергенмин. Эсимде, аны сиздер да жарыяладыңыздар окшойт. Ошондуктан кайталап отургум келбейт.

-Сиз Атамбаевге эң жакын адамдардын бирисиз. Анын командасын коррупцияга айыпташууда. Сиздин шефиңиз премьерлик жана президенттик кылган 7 жыл ичинде сиздин жеке жана үй-бүлөңүздүн оокат мүлкү канчалык өстү?

– Кудайга шүгүр, бардар эле турмушта жашайбыз! Атам менен апам өз колдору менен курушкан үйдө эле турабыз. Аны акыркы жолу 2007-жылы оңдоп түзөөдөн өткөргөнбүз. Андан тышкары, советтик мезгилде өзүм иштеп кеткен Беловодск айылында кичинекей эки бөлмөлүү батирибиз бар.

Бирок өзүмдү байларга же жадагалса, бай катмарга жакыныраактарга да кошо албайм. Үй-бүлөдөгү мүлккө келсек, салыштырмалуу кымбат буюм бар, аны ушул жылы Алмазбек Шаршеновичтин жардамы менен коопсуздук кызыкчылыктарынан улам гана алганбыз. Бул 2007-жылкы Тойота Ленд Крузер, аны эки жүздүк деп да коюшат. Машине жаңы болбосо да, наркы бир топ акча турат, муну өзүм эч качан сатып ала алмак эмесмин. Муну кызматтык машине деп койсом да болот. Бул машинеден башка Апрель ыңкылабына чейин биздин үй-бүлөдө болгон мүлккө эч нерсе кошулган жок.

-Жакында эле «Дело №» газетасы сизде 40 гектардан ашуун жер бар деп жазып чыкты. Окуп берейин: «Бул жерлердин келип чыгышы дагы эле сыр бойдон калууда. Фрунзелик интеллигентердин үй-бүлөсүндө туулуп-өскөн, өмүр бою кабинеттик жумуш менен алектенген Фарид Ниязов кандайча күтүлбөгөн жерден ири фермер-жер ээлөөчү, Ватикан мамлекетинин аянтына тең келген жер ээси болуп чыга келди? Бул суроону биздин газета көптөн бери коюп келет. Бирок алиге жообун таба элек». Сиздин түшүндүрмөнүздү үксак?

-Ушул макаланын автору муну үчүнчү жолу жазып жатат, бирок буга чейин бир да жолу же мага, же мен иштеген президенттин Аппаратына, же басма сөз кызматына кайрылган жок. Ак үйдө өткөн иш-чараларда аны менен жолугушуп калчубуз, бирок ал сураган эмес, мен деле териштирейин деп жабышкан эмесмин.

Чынында Апрель ыңкылабына чейинки 9 жыл ичинде (2001-жылдан бери) мен мамлекеттик кызматтарда иштеген эмесмин жана ыраматылык атамдын өтүнүчү менен, айыл чарбасы менен алектене баштагам. Ошол кезде мен москвалык «Коммерсантъ» гезитинин штаттан тышкы кабарчысы болуп иштечүмүн, жана ошол эле мезгилде Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл аймагына караштуу «Ийгилик» дыйкан чарбасынын башчысы деген статусум бар болчу. Бул Бишкектен 45 чакырым ары жайгашкан. Мен мамлекеттик кызматка кайтып келген 2010-жылга карата, бизде жубайым жана атам менен 40 гектардан ашуун сугат жерибиз болгон.

2007-жылы биз кичи мекенибиздеги айыл тургундарынан (экинчи рыноктогу же жеке менчиктеги) 16 жарым гектар, ал эми 2009 – жылы болсо, ошол эле айыл аймагында жашаган башка айыл тургундарынан дагы 17 гектар жерди кошумча сатып алдык. Андан тышкары, 6,4 гектарлык сугат айдоо жерлер биздин кичи мекенибизде эмес, мен советтик мезгилде жашап, иштеген жана башка айылдыктардай эле мыйзам тарабынан аныкталган тартипте акысыз үлүш жерлерди алган Москва районунда жайгашкан эле. 2000-жылдардың башында бул 6,4 гектар сугат жерди менин жакын досум, Беловодск айлынын тургуну Жумакан Түлөбековичке пайдаланып турууга бергенбиз. Ал каза болуп калгандан кийин (Апрель ыңкылабынын активдүү катышуучусу эле) биз 6,4 гектар сугат жерди сатып, ордуна өзүбүздүн Нурманбет айыл аймагынан кайра эле жеке менчиктен 3 гектар сугат жана 7,72 гектар кайрак жерди сатып алганбыз. Мунун баары декларацияда көрсөтүлгөн. Алар эгерде Мамлекеттик кызмат архивинде 5 жыл сакталып, анан жок кылынса, мен сактап жүрөм жана аларды редакцияга көрсөтүүгө даярмын.

Атамдын көзү тирүү кезде биздин үй-бүлөдө 37 гектар сугат айдоо жана 7, 72 гектар кайрак жерибиз бар эле. Бүгүн менин үй-бүлөмдүн карамагында 37 гектар сугат айдоо жери жана 3 гектар кайрак айдоо жери бар. Адегенде эле баса белгилеп коёюн, бул жерлердин 1 гектарынын рыноктук баасы бүгүн 60-80 миң сомду түзөт же Бишкек шаарынын жака белиндеги айдоо жерлерине салыштырмалуу 7-10 эсеге ылдый турат.

Башкача айтканда, биздин бардык 40 гектар жерибиздин рыноктук наркы эки бөлмөлүү элиталык батирдин, алтургай, аны өз алдынча бүткөрүп алуунун наркына да караандабайт. Биз айыл тургундарынан он бир жыл мурда жер сатып алган учурда айыл аймагындагы 1 гектар жерди 7-8 миң сомго эле сатып алса болчу. Менин фермерлик иштеримдин чоо жайы мына ушундай.

-Бирок ошого карабай, социалдык тармактарда сизди жакын арада кылмыш жоопкерчилигине тартуу туурасында имиштердин арааны жүрүүдө. 2015-жылда «Вечерний Бишкек» газетасын рейдерлик жол менен тартып алуу боюнча ишти айтышууда. Окуянын мындай бурулушуна даярсызбы?

-Келиңиз, кадыресе ой калчап көрөлү. Кеп менин кандайдыр бир иштеримде эмес. Кеп С. Жээнбеков менен А. Атамбаевдин ортосундагы мамилелерде. «Боорукер адамдар» Ниязовду Атамбаевден бөлүп салуу милдети коюлганын жазып да, айтып да жатышат. Адегенде досторум аркылуу өлкөнү тезирек таштап чыгып кетсин деген ишара жасашып, алтургай, ынандырууга да аракеттеништи. Мен жолдош катары да, адам катары да мындай кыла албасымды түшүнбөй жатышат. Анан менде да ишеним бар. Кийин балдарымдын жана досторумдун көзүн кантип карайм?

Акыркы жолу жадагалса: органдарга эмне кылсаңар да кылгыла, бирок Фарид Форумда болбошу керек деген команда берилгенин жеткиришти. «Вечерка» болсо максатка жетишүүнүн гана куралы. Бирок, ким билет, балким, калыс териштирип да калышаар. Баары болушу мүмкүн. Ак үйдөгүлөр менин «Вечерний Бишкекке» мурда да, кийин да эч кандай тиешем жок экенин жакшы билишет. Ээлик кылуучулардын ортосундагы чатакка жана сот процесстерине андан бетер тиешем жок.

Билесизби, чындыгында тескерисинче болуп жатат, басылманын ээси алмашкандан кийин мен «Вечерка» менен болгон байланышымды толугу менен жоготтум. Менин Александр Ким менен мамилелерим эң жакшыдай сезилген. Александр Рябушкин менен болсо, эч кандай мамилем болгон эмес. Ал кыска убакытка «Вечерканын» баш редактору болгон кезде мен премьер-министрдин басма сөз катчысы катары аны менен өкмөттүн ишин чагылдыруу маселелерин талкуулагандан кийинки жыйырма жылдай көргөн жокмун. Аны менен өмүрүмдө болгону эки-үч жолу гана сүйлөшкөм. Жыйырма жылдан бери аны бир да жолу көргөн эмесмин, телефон аркылуу да сүйлөшкөн эмесмин. Азыр болсо экөө менен да, «Вечерка» менен да эч кандай мамилем жок.

Чындык баары бир жолун табат. Чатактын башында кайсы бир таасирлүү адам Александр Кимди Рябушкиндин артында мени турат деп абдан ишендирип койгондой сезилет. Кимдир бирөө ошентип ынандырып, ал ошол кимдир бирөөгө ишенген.

– Эми анчалык убайымга салбаган суроолорго өтөлү. Сиз башчылык кылган «Апрель» фонду эки телеканалдын кошо ээлик кылуучусу деп эсептелет экен. Мунун сизге эмне кереги бар? Сиз кайрымдуулук кыласызбы же саясат менен алектенесизби?

-Ал жакта бизде символикалык түрдө гана үлүшүбүз бар жана ал башкарууга таптакыр таасир этпейт. Биздин ал жактагы катышуубуз бир гана максатка баш ийдирилген: Апрель ыңкылабынын идеяларын коргоо жана кайрымдуулук темасы телеканалдардын чыгармачылык контентинен түшүп калбашы керек.

-«Апрель» фондунун акчасы көппү?

-Албетте, көбүрөөк болсо жакшы болмок… 7 -апрелде курман болгондордун, Апрель ыңкылабы учурунда жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнөн кайрылуулар көп түшөт. Башка жарандар да кайрылышат. Жардам бергенге аракет кылабыз, бирок көп учурда мындай боло бербей калат. Дарыланууга жардам бөлүп жүрдүк, кээде материалдык жардам бөлүүгө жетишебиз… Негизинде болсо, максат буга чейин билдиргендей, 7 -апрелде аталарын, балдарын, ага-инилерин жоготкондорго жардам көрсөтүү. Жаракат алгандарга колдоо көрсөтүү…

Булак: Knews

 

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *