Фарида Карбосова, ырчы: “Ушакчы адамдардан кол үзүп гана кутулуу керек”

– Кандай адам ушак менен алектенет деп ойлойсуз?

– Ушакты колу бош, кылаарга иши жок, бирөөнүн жакшылыгын көрө албаган, ички дүйнөсү тар адамдар чыгарат деп ойлойм. Кайсы бир философтун: “Өз күчүнө ишенбеген, колунан иш келбеген, ниети кара адамдар ушак менен алектенет”- деп айтканы бар. Менин оюмча да ушундай. Көбүнчө ушак мыкты, иш билги адамдарды ээрчийт. Анткени ушакчылар өзүнөн алдыга озуп кеткен кызматкерлерди көрө алышпайт. Анын кадыр-баркын түшүрүүнүн жолун издеп, ушактай баштайт. Мындай адамдардан кол үзүп гана кутулуу керек. Анткени аларды жеңүү мүмкүн эмес. Алар кайда болбосун суудан кургак чыгышат.

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *