Фаризат Асанкалиева, жазуучу: “Турмуштун толкуну  жээкке сүргөн сайын, мен кайрадан толкунга умтулуп жашайм”

Биздин бүгүнкү каарманыбыз Фаризат АСАНКАЛИЕВАнын калеми менен айтылуу “Асабадан” бери жакшы таанышпыз. Өзгөчөлөнгөн стили, элге алынган ысымы бар курч калемдүү талант. Анын калемине таандык көптөгөн ырларды элибизге белгилүү ырчылар ырдап жүрүшөт. Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Алты китептин автору.

— Сиздеги таланттын башаты эмнеден деп ойлойсуз?

— Бала кезимде өзүмө-өзүм батпаган ашкере тентек кыз элем. Бирок, сабакты мыкты окудум. Ал кезде мага түшүнүксүз дүйнө мени дайыма азгырып турчу. Бала күнүмдөн көркөм адабиятты көп окудум. Акындардын ырларын жатка айтчумун. Гезит-журналдарды калтырбай окучумун. Анан бир күнү апамдын ыр дептерин окуп калдым, сонун ырларды жазыптыр. Окуп алып аябай таасирлендим. Көрсө, апам эч кимге билдирбей ыр жазат экен. Апамдын чыгармачылык жактан көзү ачылбай кетти. Апамдан айрылганыма быйыл жети жыл болот. Азыркыга чейин ошол ыр дептерин ыйык табериктей сактап жүрөм. Балким, апамдын таланты мага өткөндүр… 5-6-класстан  баштап бир нерселерди чиймелеп  жаза баштадым. Кызыгы, мен жаза баштагандан тартып, тентектигим калды. Ошентип калем менен достошуп кеттим. Бул достук – менин жүрөгүмө жаккан достук десем жаңылышпайм. Ошондуктан алгач журналистикага, кийинчерээк чыгармачылыкка ооп кеттим.

— Ар бирибизди Айтматов дүйнөсү маяк сымал чыгармачылыкка, улуулукка чакырып тургансыйт. Айтматов дүйнөсү сиздин жашооңузда кандай орунду ээлейт?

— Айтматов ааламы – бул көз жеткис, сөз жеткис мухит… Айтматов ааламына аралашуу ар кимдин эле тагдырына жазылган эмес. Кудайдын буйругу экен, мен ошол ааламга аралашып калганым үчүн бактылуумун. Чыңгыз Төрөкуловичтин батасын алгам. Бата алуу элибиздин ыйык жана бийик салты. “Бата менен эр көгөрөт” дегендей, балким аалам сыймыктанган инсандын батасы тийгендир… Жашоодо ар кандай жагдайлар болот, кубанасың, ыйлайсың, кайгырасың дегендей. Өзгөчө маанайың чөгүп, кайгырып турганда  Чыңгыз Төрөкуловичтин бата бергенин эстейм. Андайда кадимкидей кайратыма келип, кандайдыр бир канат бүткөнсүп, учкум келип кетет. Демек, менимче бата – бул позитивдүү энергия деп эсептейм.

Жалгыздыкты кандай кабыл аласыз?

— Философиялык көз караштан алганда, ар бир адам өзүнчө жалгыз. “Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар” деп бекеринен айтышпайт. Менин жалгыздыгым сезилбейт деле, чынымды айтайынбы, жалгыздык жөнүндө  ойлогонго убакытым жок. Анан “мен жалгызмын” деп депрессияга баткандарды түшүнө албайм… Жалгыз калуу же жалгыз болбоо жөнүндө ар бир адам өзү чечет. Ошентсе да мен жашоого дайыма позитивдүү караганга аракет кылам. Жашоону шаңга айлантуу ар бирибиздин өз колубуздан келет.

Кыйынчылык, жашоо үчүн күрөштүн жашооңузга кандай таасири бар?

— Жашоо – күрөш. Кыйынчылыктар, кайгы-капа, кубаныч, жакшылык менен жамандык эриш-аркак жүрөт. Бүгүн кайгырсаң, эртең сенин көчөңдө майрам болот. Ошондуктан кандай болбосун башты бийик көтөрүп жашаш керек. Менин башымдан да көптөгөн кыйынчылыктар өттү.. . Ал күндөрдү мен өзүмдү-өзүм курчутуп, өзүмө-өзүм кайрат айтып жеңип келатам.  Менин тагдырымдан укмуш китеп, укмуш кино тарса болот. Дегеле жалгыз бой аялдын турмуш менен күрөшү жөнүндө бир чыгармам жазылып бүтүп калды. Күрдөөлдүү күздө китеп болуп чыгып калар.  Кудай буюрса, баары жакшы.

— Сүйүүңүздү жолуктурдуңузбу?

— Чыныгы сүйүүгө жолуга элекмин. Тек гана жакшы көрүү сезимдер болду. Биз көбүнчө жакшы көрүү менен сүйүүнү алмаштырып алабыз… Таза сүйүү мен үчүн кол жеткис нерсе. Ырларымда сүйүүнү күтүп жүргөнүм билинип эле турат. Эмнегедир мен сүйүүнү такыр арзан баалагым келбейт. Чоң сүйүүгө жолугарыма ишенем.

Апалар тууралуу китептериңиз жарык көрдү. Деги эле жарыкка чыккан китептериңиз, чыгармачылыгыңыз тууралуу сөз козгосок?

— Бүгүнкү күндө алты китебим чыкты. Ар бири өзүнчө мен үчүн кымбат. “Бейиш – энелердин таманында” аттуу чоң китептерим – менин жеке чыгармачылык долбоорум. Канчалаган энелердин батасын алып, канчалаган энелердин ыраазычылыгын уктум. Жакында “Атанын сөзү – акылдын көзү” аттуу чоң китебим чыкты. Бул менин кичинекей ийгиликтерим деп эсептейм. Раматылык Эгемберди Эрматов агай “башкалар жупкадай китеби менен мактанып жүрөт, сен эмнеге унчукпай жүрөсүң?” деп айткан эле. Мен чоң китептерди жаздым деп мактанбайм. Кеп китептин көлөмүндө эмес, кеп маанисинде. Ошол китептер элдин жакшы баасына татыса, мен бактылуумун! Алдыда көп максаттарым бар. Мезгили жеткенде элге тартуулайм.

— Керемет ырларды жазасыз. Көпчүлүк ырларыңызга обондор жаралып, эл алдында ырдалып жүрөт. Поэзияңыз тууралуу кеп козгосок…

— Негизи мен чыгармачылыгымды ыр жазып баштагам. 18 жашымдан тарта “Асаба” гезитинде иштеп калдым. Ал жакта чоң акындар менен кесиптеш болдум. Ошондо алардын көзүнчө “ыр жазам” деп айткандан уялчумун. Дегеле азыр деле акынмын деп айткандан тартынам. Бир жолу Айчүрөк Иманалиеванын үйүнө маектешкени барып калдым. Ошондо күндөлүк дептерим колуман түшүп кетти, ичиндегилер чачылып жатып калды. Айчүрөк эже кагаздарды жыйнап атып, ырым жазылган баракка үңүлүп калды.”Кимге айтам арманымды” деген ыр болчу. Мага берчи деп алып калды, кийин ошол ырга өзү обон чыгарып ырдап чыкты. Ошентип ырларымды сурай башташты. Менин поэзияма ыр жараткан обончуларга ыраазычылыгымды билдирем. “Ырларыңды канчадан сатасың?” деп көп сурашат. Ишенесиңерби, ушуга чейин эч кимге ыр сатып көргөн эмесмин. Мен үчүн ырларымдын элге жетип атканы маанилүү. Мен ыр жазууга өтө олуттуу карайм. Ошондуктанбы, эмдигиче ыр жыйнагымды чыгарууга батынбай жүрөм.

— Аялдын бактысы эмнеде?

— Чырактай балдарым бар. Менин бактым ошолор. Эне болуу – чоң бакыт. Эне деген наамды президент бербейт, же бир коомдук уюм бербейт. Эне деген наам – Кудайдан берилген улуу наам. Ошол наамга татыктуу болушубуз керек деп эсептейм.

— Эми жаз, энелер тууралуу пикириңизди уксак…

— Жазды жакшы көрөм, себеби жаз айында төрөлгөм. 7-март туулган күнүм. 8-март аялдардын эл аралык майрамы. Апам мен төрөлгөндө атама “туулган күнүн 8-мартка жаздыралы” дептир. Атам “жок, кызым жыл сайын эки күн катары менен майрамдасын” деп өзүмдүн туулган күнүмдү жаздырган экен. Ошентип жыл сайын эки күн катары менен майрамдап келатам. Кудайым майрамдаганга жеткирсин! Негизи жашоодо “таш ыргытканга аш ыргыткан жанмын”. Турмуштун толкуну мени жээкке сүргөн сайын, мен кайрадан толкунга умтулуп жашайм. Ийгилик издеп келбейт, ийгиликти издеш керек. Мен көптөгөн кайраттуу, акылдуу, нускалуу апаларды көрдүм, аларды китебиме жаздым. Ар биринен сабак алдым, үйрөндүм.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып апаларды, айымдарды майрамы менен куттуктайм!

Үзүл-кесил түштөрүмдө жолугам…

Тартуу кылып жалгыздыктын таңдарын,

Таарынычтан башка дүйнө тандадың.

Таалайыңа жазылган бир мезгилде,

Тагдырлашым болгонуңду танбагын.

 

Убай жеген каректерде муз катып,

Уланбаган ойлор көңүл муздатып.

Ууздай сүйүүм ууландырып жүрөктү,

Улагамда калгам сени узатып…

 

Үмүттөрүм өчүп сенин жогуңдан,

Үшкүрүктөр тосуп улам жолумдан.

Үлбүрөшүп жарык кылган сезимди,

Үзүл-кесил түштөрүмдө жолугам.

 

Суктанарлык эмес сенсиз абалым,

Сумсайыңкы күндү тосуп аламын.

Сылап өткөн сагынычтуу жүзүмдөн,

Сыдырым жел айтаар сага саламым.

 

Туюп турам…

Мен сенин жүрөгүңдүн ыйлаганын,

Алыста жүрсөм дагы угуп турам.

Жанчылып, жандүйнөңдүн кыйналганын,

Каралдым, кадимкидей туюп турам.

 

Бир келген тирүүлүктүн жолдорунда,

Белгисиз бир сүйүүгө байландыңбы?

Мээримсиз сүйүктүүңдүн колдорунда,

Капаска түшкөн кушка айландыңбы?

 

Эркиндик эңсеп кээде көктү карап,

Канатың каккылайсың билип турам.

Андайда мен да сендей көптү самап,

Жүрөктү канжалатып тилип турам.

 

Чынжырга байлангандай бир бутуңдан,

Уча албай мен тарапка сабыласың.

Жашоодо айрылгандай бир кутуңдан,

Муңканып, мени көп-көп сагынасың.

 

Башыңа бакыт болуп кондум эле,

Жолуңа жарык болуп күйдүм эле.

Мен дагы бир бактылуу болдум эле,

Мен сени бир башкача сүйдүм эле…

 

Кейибе, боорум толгоп аяп турам,

Канткенде бул азаптан куткарамын.

Жыгылсаң сүйүүм менен таяп турам,

Жолуңдан караңгыны кууп саламын,

Кара такты жүрөгүңдөн жууп саламын!

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: Азия Ньюс 

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *