Феликс Кулов, мурунку өкмөт башчы, генерал-лейтенант: «Атамбаев “Миң киши өлсө эч нерсе эмес, эң башкысы бийликти алабыз” деп айткан»

— Феликс Шаршенбаевич, бүгүн өлкөдө кош бийлик жүрүп жатканын эч ким талаша албайт. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден кийин да мурункусундай өлкөнү башкара берем деген максатта экенин билдирип койду. Ал киши өлкөдөгү стабилдүүлүктү мен орноттум, мени эл дагы деле колдойт, экинчи мөөнөткө барып алсам деле болмок дегендей пикир жаратууда. Эл Атамбаевдин экинчи мөөнөткө калышына чыдайт беле?

— Атамбаев бийликтен кетти. Кеткен кишини таш менен урган болбойт. Ал кишинин дагы жакшы эмгектери бар. Бирок, өлкөдөгү стабилдүүлүктүн орношу элдин эмгеги. Биринчи революция болгондо көзү ачык аксакалдан “Аксакал, экинчи революция болобу же болбойбу?” деп сурадык. Ал киши “Экинчи революция болот. Эмне үчүн? Себеби, кан төгүлбөсө тынчтык болбойт” деп жооп айткан. Экинчи революцияда кан төгүү болуп, токсонго жакын азамат көз жумду. Болду эми, эл тынч болот. Эл кан төгүлгөнүн көрдү. Мына, Тажикстанда жарандык согуш чыгып, 150 миң киши көз жумган. Мен тынчтык орнотуучу катары ошол жакка баргам. Мени Акаев жиберген. Ал жакта Рахмон, Акбаршо Искандаров, оппозиция лидери Мулло Абдулло менен жолуктум. Баары ачык эле “Эң негизгиси Ислам дини эмес, улуттун кызыкчылыгы, элди сакташ керек” деп айтышкан. Азыр кээ бир учурларда Рахмон татаал чараларды көрүп жатат. Бирок, тажик эли ага чыдоодо. Мен бүгүн Абдил Сегизбаевдин интервьюсун окудум. Ал “Мен тынчтыкты камсыз кылууга салым коштум” деп айтыптыр. Стабилдүүлүктү орнотууда анын кайсыл эмгеги бар? Мен Коопсуздук министри болуп иштеген адаммын. Анын эмгеги көп провокацияларды жасабаганы эле. Бирок, бир канча адамды камабадыбы. Бакиевдин тушунда ушундай адамды камаганда эл көчөгө чыкмак. Биринчи революцияда кан төгүлгөн эмес да. Азыр кыргыз эли да чыдап жатат. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаттарынын эмгеги болсо, биз парламенттин ичинде гана тиреш жүргүздүк. Бирибиз дагы элди көчөгө алып чыкпадык. Элди алып чыгам дегендер болсо дагы эл көчөгө чыкпайт болчу. Азыр да эл кимдир бирөөнү ээрчип көчөгө чыкпайт.

— Эмне үчүн чыкпайт деп ойлойсуз?

— Жогор жактагылар эски боюнча башкара албайт, төмөн жактагылар эски боюнча жашагысы келбейт. Мен биринчи революция учурунда колонияда олтургам. Биздин балдар “Форумга” барышкан. Ал колоннаны Атамбаев башкарды. Анда борбордук аянтка тынчтык митингин өткөрүүгө барабыз деген гана ой болгон. Бийликти алып коёбуз деген ой эч кимде болгон эмес. Борбордук аянтка эл чогулганда, ак кепкачандар элди таш менен уруп киргени себеп болгон. Кыргыздын адилеттүүлүк деген жакшы сапаты бар. Бирөө таш менен урган болсо, токтоп калбайт. Дароо жообун берет. 1990-жылы Оштогу улуттар аралык тополоң чыкканда, мен Ош шаарында комендант болгом. Ошондо дагы таң калгам. Балдар атка олтурса эле баатыр болуп чыга келет. Кыргызда бар ушул сапат башкаларда кездеше бербейт. Экинчи ирет улут аралык кагылышуу болгондо снайпер атып жатса кыргыз бала ага таш менен жооп берип жатканын видеого тартып алышкан экен. Украиндик “Кыргыздар силер баарыңар Советтер Союзунун Баатырысыңар же болбосо акмаксыңар. Снайперге таш менен каршы чыгып жатасыңар” деп айтып жатпайбы. Кыргыздар жоош эл деп айтышат. Белгилүү бир чекке чейин гана. Экинчи революция кандай болду? “Форумга” чогулган элге биринчи Свердлов РИИБнин балдарын жиберишкен. Ал жакка УКМКнын “Альфасын” жибергени чоң катачылык болгон. Аларды “Форумга” эки машина менен куралдандырып жиберген. Провокаторлор аларды басып алып, куралды тартып алышты. Экинчи чоң катачылык, 6-апрель түнү оппозиция лидерлерин камакка алуу болду. Эл өздөрүнүн лидерлерин издеп, Ак үйдөн сурайбыз деп чыкты. Жолдон куралды тартып алышты. Ак үйгө келгенде бул жакта дагы даярданган топ күтүп турган. Кан төгүү ошондон келип чыкты да. Менин жеке пикиримде бул жерде Жаныш Бакиевдин күнөөсү чоң. Ал мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы эле. Анын буйругу жок курал колдоно албайт болчу. Алар элге курал колдонсок кылмышкер болобуз, бирок бизге каршы курал менен келгендерге ок чыгарууга укугубуз бар деп ойлогон болсо керек. Элдин арасында “Альфанын” куралын тартып алып, куралданган адамдар дагы болгон да.

— Ошол курал-жаракты дагы атайын таштап, Ак үйгө эл курал менен келсин дегендей кылган деп айтышат го?

— Ооба, ошентип айтып жүрүшөт. Бир топ балдар Ак үйгө курал менен келишти. Ушул дагы себеп болду. Бийликтин дагы бир катачылыгы, алар балдарды атканда – башка атышкан. Төрт дос келе жатса, бирөөсүн атып жарадар кылышканда, алар ооруканага кетишмек. Досун башына атып өлтүрүп жатса артка качпайт да. Отставкадагы полковниктин баласын өлтүрүп жатса, ал үйүнө барып жатып алмак беле. Албетте ал дагы ачык күрөшкө барат. Атамбаевдин учурунда дагы кандайдыр бир себеп болгондо баарын сүрүп, тазалап коймок. Садыр Жапаровду камаганда анын бошотулушун талап кылып чыккандарды кууп таратпады беле. Милициянын өзү эгер дагы 500 киши болгондо бизди талкалап, сындырып коймок деп айтышпадыбы. Ошон үчүн президент, коопсуздук кызмат, милиция ойлонушу керек. Элдик парламенттин мүчөлөрүн, Текебаевди, Жапаровду камашпадыбы, кимдир бирөөлөрүнүн күнөөсү болгон болсо керек. Ар бир киши периштедей таза эмес. Бирок, ошол күнөөнү далилде. Далил жокпу, ал эркиндикте жүрүшү керек. Мен юрист катары айтайын, булардын күнөөлүү экенине далил жок. Бул эмне Сегизбаевдин жетишкен эмгегиби? Тескерисинче, бул анын күнөөсү. Ушул ишти жасаган прокурордун күнөөсү. Бир тобу жакшы, бир тобу жаман деп элди экиге бөлүп салышпадыбы.

— Сиз катардагы аскерден генералга чейин жеттиңиз. Абдил Сегизбаев эч кандай чини жок генерал болуп УКМКны башкарды. Жолдубаева прокуратурада бир күн иштебей башкы прокурор болду. Атамбаев ушундай тажрыйбасы жок, айтканын аткара бергендерди кызматка койбодубу?

— Туура. Атамбаев азыр үй-бүлөлүк кланга жол бербейм деп айтып жатат. Чындыгында Атамбаевдин учурунда үй-бүлөлүк клан болгон жок. Бирок, Сегизбаевдин биринчи аялы тарабынан байланышы бар. Шоопурун жана башкаларды бийлик жетекчилигине чейин алып келди. Азыр КСДПнын депутаты Рыскелди Момбеков Атамбаев менен жолукканда “Илмиянов тууралуу ачуу чындыкты бетине айттык” деп айтып жатат. Атамбаевдин адискөй эмес кадрларды бийликке алып келгени жагынан кемчилиги бар. Анын дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Алтай цивилизациясы деген идеялары жакшы болгон. Мен ал киши менен жолукканда “Пенсияга чыкканымда ушундай менен алектенем. Маданиятты, тилди өнүктүрүүгө аракет кылам” деп айткан. Мен абдан жакшы идея дегем. Бирок, саясатка аралашып кетпедиби. Президент болуп кайрадан бир партиянын төрагалыгына келиши, баары бир төмөн кулоо.

— Сиздин “Ашууда” деген китебиңиз чыккан. Ошол китепте “Атамбаев миң адам өлсө дагы бийликти алабыз деп айткан” деген бир сап жүрөт. Атамбаевдин бул сөзү эмнеден улам айтылган?

— Ооба, китепте ошондой учур жазылган. Атамбаев дайыма эмоция менен сүйлөйт да. Жолугушуу болуп жатканда “Келгиле, бийликти басып алабыз” деп айтканда, сага мунун эмне кереги бар, цивилдүү жол менен бийликке келишибиз керек дегем. Атамбаев “Миң киши өлсө эч нерсе эмес, эң башкысы бийликти алабыз” деп айткан. Жөнөкөй адамдардын баары эле Советтер Союзунун Баатырыбы? Мен курал тууралуу түшүнүгүм болсо да атыш керек деген сөздү айтпайм деп айткам. Кийин балдарга бул эмне деп жатат деп айттым. Кызык да, алар ар кандай согуш үчүн мыкты даярдык керек экенин, жакшы даярданган балдар зарыл болорун, эмне менен басып алууну, андан кийин эмне кылуу керек экенин түшүнүшпөйт. Жөн эле курал алып өлтүрөм дегендей эле кеп.

— Ошентип айтканыңыздан кийин эмне деди? Уялдыбы?

— Жок. Ар ким өз оюнда калды.

— Парламент Сапар Исаковдун жылдык отчётуна канааттанбай, ишенбөөчүлүк көрсөттү. Коомчулук ичинде Исаковдун ишине эмес, президент Жээнбековдун өкмөт башчы болуп иштеген сегиз айына канааттанбайбыз деген баа берилип жатат деген сөздү таратканга аракет көрүлүп жатат. Кайсыл өкмөт башчынын ишине баа берилип жатат деп ойлойсуз?

— Сапар Исаковдун иши менен азыркы президенттин ишин аралаштырбаш керек. Депутаттар, эл Исаковдун иштеген мезгилине баа берип жатат. Жээнбековдун ишине канааттандырарлык эмес деген баа берилди деп айтуу акылга сыйбайт. Жээнбеков президент болуп шайланып, элден өз баасын алды. Экинчи жагдай, өзгөртүлгөн Конституцияда президенттин ыйгарым укуктарын кичине болсо да азайткан. Ушул да талаш жаратчу жагдай. Мен Сооронбай Жээнбековду жүз пайыз түшүнүп турам. Ал мени эл шайлады, эл алдында өзүмдүн убадама, программама жоопкермин дейт. Бирок, анын укуктары чектелүү. Премьер-министрди эл шайлабайт, аны бир канча фракциялар гана шайлайт. Шайлоодо президент канча добуш алганын, премьерди шайлаган үч фракциянын добуштарын салыштырып көргөндө, алар президенттен үч эсе аз добуш алган. Ушул жерде Конституцияга талаш жаратчу маселе камтылган. Азыркы Конституцияны Атамбаев өзүнө ылайыктаган деген сөз коомчулукта айтылып жатат. Убакыт өтүп кайрадан өкмөт башчысы болуп келүүнү каалаган дегендер да бар. Бул эми кайсыл бир учурларда айтылып калган сөз деп ойлойм. Атамбаевдин “Мени президент болуп экинчи мөөнөткө калыңыз деп сурангандар болгон. Өзүм кааласам ошону деле жасамакмын” деп айтканын “бахвальство” деп эсептейм. Себеби, ал эч качан өзүнүн мөөнөтүн узарта албайт болчу. Эки революциядан кийин, эл бийликти узурпацияга каршы күрөшкөн соң, ал “нагло” мөөнөтүн узартканга барганда, үчүнчү революцияга себеп жаралмак. Элдер бизди дагы алдап кетти деп санамак. Бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп бердим деп мактанып жатат. Бийликти өткөрүп берүүгө милдеттүү болчу. Башка варианты калбай калган. “Мен баарын жасасам болот эле” деп айтып жатпайбы. Ал эч нерсе жасай алмак эмес.

Жасаса мүмкүн согуш чыкмак. Өмүрбек Текебаевди, Садыр Жапаровду, Адахан Мадумаровду жана башка саясатчыларды карагыла, алар кандай абалда болчу? Мен дагы сыртта карап турмак эмесмин. Роза Отунбаева, Абдыганы Эркебаев баштаган белгилүү саясатчылар айтчу сөзүн айтып чыгышмак. Биз согушка барбаганыбыз менен күчтүү каршылыкты уюштурмакпыз. Бул теманы талкуулаганбыз.

— Атамбаев кетем, пианино үйрөнөм дегенинен эл чыдады. Өзү дагы мынча күн калды деп санап олтурбадыбы…

— Анын өзүбүздүн адамдарды шылдыңдаганына көнүп, макул деп эле калбадыкпы. Бирок, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди, Казакстандын парламент спикерин, Түркиянын президенти Эрдоганды, Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовду шылдыңдабадыбы. Мындан кийин кайда барат? Ким менен уруша турган болсо, баары менен урушту. Аксакалдарды “акшакалдар” деп айтканы, биздин каада-салтыбызды тепсегендик да. Жазуучу Асанбек Стамовдун Кытайга барып келип, мага айтып берген жакшы кеби эсимден кетпейт. Токсонунчу жылдары чыгармачыл топ Кытайга барганда, аларды Дэн Сяопин кабыл алыптыр. Биздин жазуучуларга Дэн Сяопин“Ар бир мамлекеттин улуттук идеологиясынын маңызы эмнеде?” деп суроо берет. Жазуучуларыбыз ойлонуп калышат, Дэн Сяопин “Мен жооп берейин. Ар бир мамлекеттин улуттук идеологиясынын маңызы бул – улуттук каада-салтты сактоо жана улууларды урматтоо” дептир. Атамбаев улууларды “акшакалдар” деп шылдыңдап, эмнеге урматтабайт, мен түшүнбөйм?

— Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы мамиле күн өткөн сайын салкындап баратат. Эки достун тиреши ачыкка чыгып, чыңалып баратат. Тирешти токтотуп калыша алабы? Улана берсе эмне менен аяктайт?

— Жээнбековдун жакшы сапаты – ал токтоо адам экен. Менимче чырга барбайт. Өзүнүн ишин аткара берет. Атамбаевден айырмасы да публиканын адамы эмес экендигинде. Премьер-министр болуп иштеп турганда дагы көп көзгө көрүнө бербей, өзүнүн ишин аткара берди. Азыр дагы ошол принципти карманат. Атамбаевдин кылгандарына Жээнбеков көңүл деле бурбаса керек. Атамбаев деле азыр өзүнүн абалы кандай экенин түшүнөт да. КСДП фракциясынын депутаттары менен акыркы жолугушуусуна 19 депутат барганы, кээ бирлери белгилүү себептер менен барбай калганы, Строкова менен Момбеков эмнеге нааразы экенин бетине ачуу чындыкты айтканы эле партиянын ичинде абал жакшы эмес экенин билдирет. Атамбаевде кол тийбестик жана башка өзүнө керектүү жакшы шарттардын баары бар. Саясатчылар да өзүн ойлошот. Көздү жумуп алып, анын айткандарын аткара бербейт. Мыйзамдуу шайланган өлкө башчысы бар экенин түшүнөт, ага каршы чыгып, Атамбаевди колдоого барышпайт. Ошондуктан Атамбаев вакуумда калган абалы менен Жээнбековго каршы туруштук бере албайт. Өзүнүн партиясы колдобогондон абалы кыйын болот. Эл болсо такыр колдобойт да. Бетме-бет жолукканда кээ бир сөздөрүн айтып алышы мүмкүн, азыркыдай болуп публиканын алдына чыгып алып сүйлөй албайт. Жээнбековду оппозиция, эл, КСДП да колдоого алып жатат. Баары өзгөрүүнү каалап турат.

Маектешкендер: Бекен Назаралиев, Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо”

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *