Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаевге сөгүш жарыяланды

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу каржылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Белгилей кетсек, Гүламжан Анарбаевге карата сөгүш эмне себептен улам жарыяланганы азырынча белгисиз, бирок социалдык тармактарда Гүламжан Анарбаевдин колу коюлган «өзгөчө маанилүү» деп белгиленген банктарга тиешелүү кат чоң кызуу жараткан.

Эске салсак, 17-декабрда каржылык чалгындоо кызматы банктардан алардагы уячалардын ээлери тууралуу маалымат беришин талап кылган.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *