Финполчулардын изине түшкөн чекисттер же коррупцияга каршы күрөшкө жеңин түрө киришкен президент Жээнбеков

Президент Сооронбай Жээнбековдун 8-февралдагы Коопсуздук кеңештеги кебинен кийин «бармак басты, көз кысты» болгон бир топ иштердин «экинчи өмүрү» башталууда. Бул чоң казатта президенттин дагы, премьер-министрдин дагы эрки, каалоосу жетет деп жалпы эл чындап кубанып турган учуру.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшкөн кызматтын өкүлдөрүнүн чет элдик инвесторлор менен байланышкан бул иштеги аракеттери былтыр көп сөзгө жем таштаган. Анда сөз башынан болсун.

Бышкан ашты жечү көп же ишенчээк инвесторлор тууралуу
Бул окуя чынында өтө таң калычтуу жана өтө кызык экен. Кыскача баяндап өтсөк, 2017-жылдын 27-сентябрында Улуттук коопсуздук кызматы акыркы жылдары Кыргызстандагы эң ири логистикалык компаниялардын бири болгон кыргыз-австриялык «Транс Азия Экспресс» компаниясынын бир катар жетекчилерине кылмыш ишин козгогон. ММКлардагы маалыматтарга караганда, бул кылмыш ишинин фигуранттары өлкөбүздүн авиация тармагындагы аты белгилүүү инсандар экен. Тагыраагы Эрик Акматов (Айтылуу «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын кожоюндарынын бири, «Манас эл аралык аэропорту» ААКнын мурдагы вице-президенти), Асан Токтосунов («Компания Манас Менеджмент» ЖАКнын президенти, «Транссистема-Бишкек» жүк ташуучу экспедиторлук компаниясынын башчысы) жана Таалайбек Турумбеков (башкы аэропортубуздун мурдагы вице-президенти, мамлекеттик «РСК-Банктын» директорлор кеңешинин мүчөсү)

Ал эми жабыр тарткан тарап «T&F Trade & Finance Ges.m.b.H» деп аталган австриялык инвестициялык компания экен. Алардын биргелешкен «Транс Азия Экспресс» компаниясындагы өнөктөштөрү 2016-жылдын аягында «Транс Азия Эксперсс Плюс» деп аталган окшош компанияны түптөп, 2-3 айдын ичинде бардык активдерди, акча, келишим жана кардарлардын базасын ошол «Плюска» өткөрүп салышкан. Натыйжада жакшынакай иштеп жаткан кирешелүү «Транс Азия Экспресс» компаниясы бир заматта ишмердүүлүгүн токтотуп, карызга баткан. Ал эми австриялык инвесторлор кыргыз өнөктөштөрүнүн айынан жумшаган инвестициясынан куру жалак калган экен.

Акматов, Турумбеков жана Токтосуновдордун таасирдүү тааныш-билиштери көп экени айтылып, жазылып жүргөнүнө караганда, бул иш боюнча кылмыш ишинин козголушунун өзү чоң жетишкендик катары сыпатталып келет. Күтүүсүз козголгон бул иш чынында эле кыргыз коомчулугунда кол тийгистер жок экендигинен кабар берип, эртеңки жаркын келечегибизге үмүт отун жандыргандай болду.

Унчукпай кутулуу
Өткөн жылдын күз айында козголгон бул чуулгандуу кылмыш иши боюнча «Транс Азия Эксперсс» дагы, «Компания Манас Менеджмент» дагы үн катып, ММКларда аты-жөнү аталып жаткан Токтосунов, Акматов, Турумбековдор дагы ак же көк деп айтпаганы таң калычтуу болууда. Интернет айдыңында бул окуя боюнча алардын пикирин билдирген бир дагы маалыматты таба албаганыбыз күдүк ойлорубузду күчөтүүдө. УКМК кылмыш иши козголгону так жана анык экенин гана жар салды.

Ал эми жабыр тарткан тарап массалык маалымат каражаттарына өз пикирин кенен-кесири айтып келүүдө. Австриялык компаниянын директору Якоб Конопатч мырза айрым кыргызстандык ММКларга берген маектеринде окуянын чоо-жайын төкпөй-чачпай айтып берген. 2009-жылы «Транс Азия Экспрессти» кантип түптөгөнүн, кантип кыргызстандык өнөктөштөрү тарабынан алданып, көп жылдан бери бутуна тургузуп келген бизнесинен кантип ажырап калганын баяндаган. Кызыгы, дал ошо маектер чыккандан кийин таасирдүү кимдир бирөөлөрдүн куйругу кымыңдай баштаган көрүнөт. Анткени ошондон кийин окуя ушундай тездик менен кыймылга келе баштаган.

“Tuz.kg” булагынын жазганына караганда, Конопатчтын маеги чыккандан эки күн өткөндөн кийин 2017-жылдын 3-ноябрда бул кылмыш иши УКМКдан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Эскиче Финпол) өткөрүлүп, дагы 13 күндүн ичинде (ал күндөрдүн жарымынан көбү дем алыш жана майрамдар болчу экен) ГСБЭПтин тергөөчүсү Шерипбаев тарабынан «Акматов, Токтосунов, Турумбековдордун аракеттеринде кылмыш ишинин белгилери жок» деген жыйынтык менен кылмыш иши тездик менен жабылган. Албетте мындай чуулгандуу ишти бир жуманын ичинде иликтеп чыгууга физикалык жактан мүмкүн эмес экени түшүнүктүү го. Бирок тергөөчү Шерипбаевдин «мыктылыгын» ушундан көрүңүз 7 күндүн ичинде «Транс Азия Экспресстин» кызмат адамдарынын баарынын көрсөтмөлөрүн алып, бардыгын текшерип, тескеп бүтүп, кылмыш ишин жаап салган.

Финпол байкабай калган көз карандысыз аудит
Бирок Кудай жалгап, «жабылуу аяк жабылуу бойдон калбай» бул иштеги кызыктын баары кайра калкып чыкты. Бул кылмыш иши Финполго кеткенге чейин УКМК тергөөчүсү «Транс Азия Экспресс» ЖАК жана «Транс Азия Экспресс Плюс» ЖЧКсынын каржылык-чарбалык ишмердүүлүгү боюнча ревизия жасап, аны белгилүү аудитордук компаниялардын бирине табыштаган.

Финполчулар бул ишти жаап салганы менен иш кынтыксыз аткарылган эмес жана дал ошол ревизиянын жыйынтыктарын ишти жапкан токтомго тиркебей калышкан. Же атайын унутуп калышкан. Анткени аудитор-эксперттердин мындай бүтүмүнөн кийин бул ишти жапмак түгүл кайрадан чукуп чыгыш керек болчу да.

Канчалык ак экенин, таза экенин айтып, таасири күчтүү тааныштары канчалык жардам берген күндө дагы, УКМКнын эксперттери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгына ишенсек, бул кылмыш ишинин фигуранттары көптөгөн миллиондук чыгашаны чет элдик инвесторлорго гана эмес, мамлекетке дагы келтиришкен экен!

Көз карандысыз аудит жабыр тарткан тараптын айткан арманы анык экенин билдирди. Жергиликтүү менеджерлер «Транс Азия Экспресс» ЖАКтагы бизнес, активдердин бардыгын «Транс Азия Экспресс Плюс» компаниясына өткөрүп алганын айтып, «… «Транс Азия Экспресс Плюс» түзүлгөндөн тартып азыркы убакытка чейин мыйзамдык укугу жок болсо дагы өз ишмердүүлүктөрүндө өз кызыкчылыктары үчүн «Транс Азия Экспресстин» персоналдарын, негизги жана айлантуудагы каражаттарын, кеңселик имараттарын жана башка материалдык жана каржылык ресурстарын бул акционердик коомго жана анын акционерлерине зыян келтирүү менен иштетип келишкен». Мындай ишмердүүлүктүн натыйжасында «Транс Азия Экспресстин» 54 пайыз акциясынын ээси болгон «T&F Trade & Finance Ges.m.b.H» компаниясынын тарткан зыяны 10 520 323 сомдон 41 973 768,8 сомго чейин деп эсептелген.

Мындан тышкары «Транс Азия Экспресстин» президенти Акматов, директорлор кеңешинин мүчөсү Токтосунов аларга ишенип берилген жана биргелешкен ишкананын жалпы каражаттарын өз каалагандарындай пайдаланып келишкен. Алар көп жылдан бери компаниядан ири суммадагы акчаларды колдонуп келишкен жана негизги акционер шек санабашы үчүн аны бухгалтердик эсеп-кысапта көрсөтүшкөн эмес деп айтылат – аудиторлордун жыйынтыгындда.

4 жыл ичинде Акматов өзү «башкарган» ишканага 433 129 АКШ долларын, Токтосунов 124 000 доллар жана 233 000 сом карыз болуп калгандыгы жазылган. Бул он чакты барактан турган төбө чачты тик тургузган фактылардын бир эле үзүмү экен.

УКМК эмне үчүн кылмыш ишин козгогондугунун сыры ушунда турбайбы. Алар башынан эле ал жактагы башаламандыктардан кабардар окшойт.

 Ошондой эле аталган ревизиянын жыйынтыктарында булардан башка «Транс Азия Экспресс» жана «Транс Азия Экспресс Плюс» компанияларынын жооптуу адамдарынын аракеттеринен аткезчилик, бажы төлөмдөрүн, салык жана камсыздандыруу алымдарын төлөөдөн баш тартуу, кош бухгалтердик эсеп-кысап жүргүзүү, акчаларды кымырып алуу жана башка толгон-токой кылмыштык аракеттер баяндалган.

Мисалы «Транс Азия Экспресстин» 2011-2016-жылдар аралыгындагы кирешеси 13 869 436 сом деп көрсөтүлгөн. А чынына бул жылдар аралыгында компания 1 124 395 доллар же 77 729 201,5 сом пайда тапкан экен. Ушундай жол менен киреше үчүн болгон салык 17,8 пайыз гана төлөнүп, түшкөн бардык кирешелердин тагыраагы 82,2 пайыз киреше салыкчылардан жашырылып калган деп жазылган. Андан башка дагы конверт менен берилген айлыктар, мыйзамды бузуу менен кызматкерлерди каттоо, маяна, салык жана төлөмдөрүн төкпөй коюу сыяктуу «майда-чүйдөлөрү» дагы бар экен.

Дагы бир кызыгы, ошол эле менеджерлер «Транс Эксперт Сервис» деген компанияны көзөмөлдөшкөн. Кеңсеси дагы, кызматкерлери дагы жок бул компания аркылуу Кыргызстанга Түркиядан, Кытайдан товарлар ташылып келип, андан ары биздин Дордойго, Казакстан, Россияга ташылып турганы айтылат. Аудиторлор аты-жыты жок бул компанияга түшүнүксүз жагдайлардан улам 30 миллион сом жана 70 миллион рубль түшкөнү жана 34 миллион долларга келишим түзүлгөнү өзгөчө көңүлүн бурат. Анан дагы Мамлекеттик салык кызматынын Ленин райондук бөлүмү тарбынан салыкчылардын фирмалык бланкасы же мөөрү, инспектордун колу коюлбаган чечими менен «Транс Эксперт Сервис» компаниясы 39 663 177,14 сом киреше үчүн салык, НДС, пайыздар жана салыктык санкциялар үчүн кошумча төлөмү жазылган.

Аткезчиликпи же бажычылар «байкабай» калдыбы?
Текшерүү жүргүзгөн эксперттер тапкан кызыктардын дагы бири – «Транс Азия Экспресс» Кыргызстанга ташылып келип жаткан товарлардын салмагын азайтуу аркылуу бажы төлөмдөрүн жана салыктарды атайын төмөндөтүү боюнча туруктуу схема иштеп келгени. Эгер ал эксперттердин бул изилдөөсү чындык болсо, чоң чуунун анык себеби болушу керек эле. Себеби алар биздин өлкө аркылуу Россия, Казакстанга аткезчилик жолу иштеп жатканын айтышууда. Дал ушул сыяктуу айыптоолор былтыр кыргыз-казак чек арасындагы чыңалууну жаратып, эл аралык келишпестик чыгып кете жаздаган.

«Транс Азия Экспресс» компаниясынын документтерине караганда 2017-жылдын январь-март айларында Кыргыз Республикасынын аймагына авиа жана транзиттик транспорт аркылуу импорттогон товарлардын салмагы көрсөтүлгөн салмактан 22 643 киллограмга көбүрөөк болгон.

Мындай «акылдуу» жана мыйзамсыз жол аркылуу компания 83 188 долларды экономдоп калган. Ал эми мамлекет албетте ошончо акчадан куру жалак калган. Бул 3 эле айдын ичиндеги көрүнүш. Бул схема бир эле жылдан бери иштеп жатпагандыгын эске алсак, канча деген акчалар сол чөнтөк менен кеткенин элестете бериңиз.

Документте көрсөтүлгөндөн көп товарды кантип алып кирди, бир канча мамлекеттик органдар тыкыр текшерет да? – деген акыйкаттуу суроо албетте пайда болууда.

Мунун дагы чечилиши жөнөкөй экен. Жүктүн бардыгы Кыргызстанга самолет аркылуу конуп, траптан түз эле «Компании Манас Менеджмент» жүк терминалына келип түшөт экен. Ал компаниянын бизге тааныш Асан Токтосунов башкарат эмеспи. Асан мырза ошондой эле чуулгандуу «Транс Азия Экспресс» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү, Эрик Акматовдун жакын досу жана өнөктөшү.

Баса, «Компания Манас Менеджмент» толугу менен «Манас эл аралык аэропорт» ААКнын курамында болсо, өз кезегинде аэрпорт Мамлекеттик мүлк фондусуна карайт. Ал эми Токтосунов «Транс Азия Экспресс» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп жатпайбы. Кызыкчылыктардын кагылышы деген юридикалык, мыйзамдык түшүнүк көз көрүнөө тебеленип калганы менен булардын иши жоктой. Балким Бажы мыйзамдарынын бузулушу тууралуу айткан Казакстан тарап ушундай схемалар тууралуу айтып жаткан жокпу?

Ушул сыяктуу мыйзам бузуулар кашкайып турса, Финполиция эмнеге негиздеп бул кылмыш ишин жаап салды деген суроо чынында эле көпчүлүктү түйшөлтүүдө. Тергөөчү Шерипбаев жогорудагы мыйзам бузуулардын баарын иликтеп чыккан ревизиянын кортундуларын каратып туруп эле карабай койгондой элес калтырууда. Карагысы да келген жок окшойт. Профессионал юрист эмес, катардагы эле карапайым адам тергөөчүнүн аракетинде толгон-токой мыйзам бузуулар жатканын түшүнүп жатса керек.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңештин жыйынындагы билдирүүлөрү күч органдарындагы ушул сыяктуу «бармак басты» иштерди жасагандардын түн уйкусун бөлө баштады.

Мыйзамдуулукту катуу талап кылган өлкө башчсынын сөзү ушул сыяктуу иштерде жабыркаган бизнесмендердин үмүт отун жандырды.

T&F компаниясынын өкүлдөрү дагы өздөрүнө жасалып жаткан мындай зордукка моюн сунуп бербестен Башкы прокуратурага, Австриянын жана Кыргызстандын элчиликтерине кайрылып, президентке, премьер-министрге, ЖК төрагасына дагы кат жолдошкон.

Мамлекет башчысынын сөздөрү таасир этти көрүнөт, бул иштин мыйзамдуулугун текшерип жаткан Башкы прокуратура бир нече жумадан соң Финполдун кылмыш ишин токтотуу тууралуу токтомун жокко чыгарып, тергөөнү кайра жандандырды. Бирок бул ишти кайра тергөөнү ошол эле Финполго берип койгону туура эмес болуп калгандай.

ГСБЭПтеги тергөө ишинин обьективдүүлүгүнө дагы ишенүү кыйын болуп турат, анткени айрым массалык маалымат каражаттарындагы фактыларга караганда, «Транс Азия Экспресс» компаниясында Акматовдун орун басары болуп мурдагы финполчу Арзымат Нурхалиев деген неме иштейт. Анын бир тууганы Адилет Нурхалиев «Компания Манас Менеджмент» ЖАКтын коомерциялык директору. Ошол эле Адилет Нурхалиев жогоруда миллиондогон доллар кытайлык, түркиялык товарларды салыксыз ташыган делинип жаткан «Транс Эксперт Сервис» ишканасынын директору экендиги да айтылат.

Баса, аудиторлор дагы бир маанилүү жагдайга өзгөчө көңүл бурушкан экен. Жогорудагы компаниялардын баарынан өтө ири суммадагы акчалар «Росинбанктагы» эсептерге которулуп турган. Андан кийин бул акчалардын көбү накталай түргө которулуп, андан аркы изи белгисиз. Бирок аудиторлор Токтосунов менен Акматов аталган банктын акционерлери экендигин байкабай калышкан. «Россиялык Инвестициялык Банк» ачык акционердик коомунун интернет сайтындагы маалыматтарга караганда, жогорудагы экөөнө 7,5433 пайыз акциялар таандык экен. Салыштырып көрсөк, мамлекеттин бакыйган Мүлк фондусунун аталган банктагы үлүшү 8,2740 пайыз экен. Банк менен Мүлк фондусу дагы этияттабаса, ар кандай болуп кетиши мүмкүн болууда.

Аткезчилик, салыкты жашыруу, акчаларды кымыруу, аны легалдаштыруу деген сыяктуу иштер бажы, салык, күч органдарындагы таянган тоосу күчтүү адамдардын гана калкалоосунда жазасыз калышы мүмкүн.

«Карга карганын көзүн чокубайт» деген заманга толук болбосо дагы чечкиндүү чекит коюуга багытталган өлкө жетекчилигинин азыркы аракеттери бул ишти дагы көңүл сыртында калтырбаса керек. Башкы прокуратура ишти кайра тергегиле деп өктөм үн каткан соң, сөзсүз бир мыкты жыйынтык болушу керек.
“Tuz.kg” ж.б. маалымат булактарынан даярдалды

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *