Фируз Холмуродзоданын туугандары: ал бирөөнүн өч алуусунан улам соттолду

Тажикстандын Коррупция менен күрөшүү агенттигинин мурдагы башчысы Фируз Холмуродзода жергиликтүү аткаминерлердин өч алуусунун курмандыгы болду. Бул тууралуу анын бир тууганы Фарход Холмуродов Жогорку соттун агасына карата чыгарган өкүмү боюнча пикирин билдирип жатып айтты.

19-сентябрда Тажикстандын Жогорку соту Фируз Холмуродзоданын мүлкүн мамлекеттин пайдасына алып, 15 жылга эркинен ажыраткан. Андан тышкары ага жазасын өтөп бүткөн соң жетекчилик кызматта 5 жыл иштөөсүнө тыюу салынган. Коррупция менен күрөшүү агенттигинин мурдагы башчысы коррупцияга жана пара алууга айыпталууда. Бул иш боюнча сот жараяны жабык эшик артында өткөн.

– Тергөө Фирузга кимдир бирөө пара бергенин билдирүүдө. Анын качан, кимден жана кандай шартта пара алганы белгисиз. Кылмыштын күбөлөрү жок, башка далилдери да жок. Менимче, сот жараяны тергөөдө Фируз Холмуродзоданын күнөөсүн далилдей турган материалдардын жоктугуна байланыштуу жабык өттү. Азыр Фируздун соттолушу – тууганы антикоррупциялык мекеме тарабынан камалган күч түзүмдөрүндө иштеген жогорку кызматтагы аткаминерлердин биринин өч алуусу экени белгилүү болуп калды. Ал кылмыштын бетин ачуу менин агам жетектеген тергөө тобуна тапшырылган болчу, – дейт Фарход Холмуродов.

Айтымында, бардыгы тең Фируз ал иши үчүн бир нече айдан кийин генерал чинин алат деп күтүп жатышкан.

Апрелдин соңунда Тажикстанда Коррупция менен күрөшүү агенттигинин бир нече кызматкери камалган. Алардын бир катарына буга чейин сот өкүмдөрү чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *