Фото – Адабий жана тарых багытындагы 26 китептин бет ачары болду

“Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасына” ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги №151 буйругунун негизинде  Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан “Азыркы кыргыз адабияты”, “Дүбүрт”, “Дүйнөлүк адабият”, “Дүйнө”, “Тарых жана маданият” серияларынын алкагында 26 китеп жаңыдан жарык көрдү. Бул туурасында мамлекеттик тил боюнча улуттук комисииянын басма сөз кызматы билдирет.

Көркөм-адабий жана тарых багытындагы китептердин бет ачар аземи Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн утурлай 29-августта А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында өткөрүлдү.

Иш-чарага катышкан КР Президентинин Аппаратынын өкүлү С.Тажиматов жана КР Өкмөтүнүн өкүлү А.Исаев куттук сөздөрүн айтып, жылуу пикирлерин билдирди. Ошондой эле, бет ачар аземге КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, КР Ѳкмѳтүнѳ караштуу жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамлекеттик агенттигинин, КР Улуттук илимдер академиясынын, КР Мамлекеттик китеп палатасынын, КР Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү, А.Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасынын директору Ж.Бакашева баштаган китепкананын кызматкерлери, китептердин авторлору, түзүүчүлөрү, котормочулары жана башка акын-жазуучулар, Кеңешме органдардын мүчөлөрү, ЖМК өкүлдөрү катышты.

Бет ачар аземди “Дүбүрт” сериясынын алкагында китептери жарык көргөн жаш калемгерлер поэзия мүнөттөрү менен жыйынтыктады.

Авторлор, түзүүчүлөрАталышы
“Азыркы кыргыз адабияты”сериясы
1Аман СаспаевАңгемелер
2Мырзаш АшырбековЖол түгөнбөйт
3Салижан ЖигитовКүн тууду
4Ишенбай МансуровАк бугу
5Нурпаис ЖаркынбаевИчээр суум бүткөнчө
6Абдыкадыр СадыковАкындын чыгармачылык өнөрканасы
“Дүйнө” сериясы
7Султан РаевРассказы
8Топчугуль ШайдуллаеваВсему свое время
9Сүйүнбай Эралиев (англ. которгон А.Токтоматова)Ак Мөөр
10Э.ЭрматовПророк Магомед
“Дүйнөлүк адабият” сериясы
11Габриэль Гарсиа Маркес (которгон А.Пазылов)Полковникке эч ким кат жазбайт
12Мухтар Ауэзов (которгон К.Укаев)Дүрбөлөң заман
13Мигель Де Сааведра СервантесДон Кихот
14Мукагали Макатаев (которгонЖ.Көчөрбаева)Ырлар
15Файзуллин Мухаммадаев (которгон М.Каримов)Биздин Чыңгыз
16Янн Мартел (которгон Фарида Исанова)Пинин өмүрү
17Такеши Кидано (которгон Ф.Исанова)Кикудзиро менен Саки
“Дүбүрт” сериясы
18Каниет ОрозбековКызыл китебим
19Эрлан ЖумагазиевМашакат өмүр
20Улан МамбетжановКат жазчы мага
21Исламидин ДооровЭртең кайра жаз келет
22Артём ХегайШкатулка с зеркалами
“Тарых жана маданият” сериясы
23Нурдин УсеевМанас эпосунун жана Орхон-Енисей жазма эстеликтери
24Макалалар жыйнагы“Манас” эпосу-кыргыз тарыхынын, тилинин, маданиятынын соолбос булагы
25Орозбек Айтымбетов(О.Айтымбетовдун эмгектеринин негизинде иштеп чыккан Мукан Усубакунов)Кара кыргыз кайра жаралышы
26Ш.Жапаров

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *