Фото – АКК УКМК: Генпрокуратуранын башкармалыгынын башчысы $200 миң доллар пара алган учурунда кармалды

Бүгүн, 16-апрелде КР УКМКнын Анткоррупциялык кызматы КР Генпрокуратурасынын Мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттордогу өкүлчүлүк башкармалыгынын башчысы У.Ч.ны $200 миң доллар пара алган учурунда кармады. Бул тууралу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Жеке булактардын билдиргенине караганда бул жогорку кызматтагы адам – КР Генералдык прокуратурасынын Мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттордогу өкүлчүлүк башкармалыгынын башчысы Чалбаев Уланбек Акматович.

Ал жабырлануучудан $500 миң доллар пара талап кылып, $200 миң доллар пара алган учурунда кармалган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *