Фото – Атамбаев жүрөгүнүн үшүн алып койгон чиновниктер ал кызматтан кетсе да кабинеттериндеги Атамбаевдин портреттерин алып салуудан коркуп олтурушат

24-ноябрь күнү жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инагурациясы расмий өтүп, анда Алмаз Атамбаев кызматын өткөрүп берди. Атамбаевдин доору бүттү. 24-ноябрдан тартып Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбеков ишке киришти. Алтургай Россияга жумушчу сапарга барып, андан ары Минскидеги ОДКБнын саммитине катышып келди. Путин, Назарбаев, Лукашенколор менен тең ата сүйлөшүп, кыргыз-казак чек арасында Атамбаев түзүп кеткен көйгөйдү чечти.

Ал эми Атамбаев экс-президент катары 25-ноябрь күнү эле Индостан жарым аралындагы Гоа штатына эс алууга учуп кетип, 10 күн эс алып Кыргызстанга кайтып келди.

Ошого карабай Атамбаевден жүрөгү түшкөн чиновниктер бүгүнкү күнгө чейин кабинеттеринен экс-президент Атамбаевдин портретин алып салып, анын ордуна КР президенти Сооронбай Жээнбековдун расмий портретин илгенден коркуп олтурушат. Атамбаевдин көзү менен тең айланып кызмат кылган кошоматчылар портреттен тиктеп турган Атамбаевдин көзүнөн жалтанып, аны алып салууга жүрөгү даабай, колу барбай жатат. Кокус Атамбаев кайра келип калса эмне болот деп калтырашат.

Аткаруу бийлигинин бардык тепкичтеринде ушул абал. Ал эми Жогорку Кеңештин 120 депутаты “Атамбаевге жатып беришкенин” экс-депутат Чолпон Жакупова айтып чыккан.

Премьер-министр Сапар Исаковдун кабинети, 27-ноябрь күнү өткөн кеңешмеден бир көз ирмемди өкмөттүк сайт жарыялаган.

Талас “губернаторунун” кабинети, 3-декабрь 2017-жыл

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *