Фото – Бишкекте иттер союлуп, эти сатылууда…

Бишкекте таштанды челекке бир нече иттердин ыргытылган  ичеги карындары, терилери, баштары табылды. Мындай маалыматты Азамат Койчиев деген Фейсбук колдонуучусу сүрөттөр менен бирге жарыялады.

Бул маалымат интернетке чыгары менен катуу талкууга алына баштады. Өз кезегинде маалымат тараткан колдонуучу: “Ушул туурабы, же дагы бир кафелердин биринде жыргап “баранинанын” оордуна “собачина” жеп жатабы жарандарыбыз” деп билдирди.

Маалыматка ылайык, иттердин калдыктары Жаш Гвардия жана Ленинградский көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды челектердин бирине ыргытылган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *