Фото – Бозгундагы Мелис Мырзакматовдун жаңы сүрөтү жарыяланды

Бүгүн, 10-октябрда журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн фейсбуктагы баракчасында бозгунда жүргөн саясатчы Мелис Мырзакматовдун жаңы сүрөтүн жарыялады. Ал сүрөттө Мелис Мырзакматов арыктап, спорттук формага келгени  көрүнүп турат . Дайырбек Орунбековдун айттымында Мелис Мырзакматов 2 жылдан бери салмак таштоо үчун сууда сүзүп, спорттук машыгуулар менен алектенип жүрөт.

“Мелис аке 2 жылдан бери сууда сүзүп, машыгып жатканы тууралуу мен кабардармын. Анын ашыкча салмактан арылышы – кусалык же кыйналганына байланыштуу эмес. Машыгуунун жыйынтыгы. Айрым достор “куса болуп, казы-карта жебей арыктаган тура”, -дешүүдө. Андай пикирлер тамактан башка баалуулугу жоктордун ой жүгүртүүсү. Мурда семиздер мода болсо, азыр арыктар мода болуп калган. Жашабай жатып, курсагына тогуз айлык бала байлап алгандай жигиттерге мотивация бериптир, азаматсыз өкүл ата!”, – деп жазат Дайырбек Орунбеков.

Батма Иманбекова

Булак: Кyrgyztoday.кg

1 ой-пикир

  • Мэлис Мырзакматов Оштун мэрлик кызматын жакшы аткарды. Ал ар кңнң эртең менен саат 08.30 да Элди кабыл алчук-арыз муңун укчу. Ак-буура дарыясынын боюндагы көчөнү Сонун кылып оңдоп койду, Генерал Исаковдун жолун(алайдан келген жолду) Ак-Буура көчөсүнө чейин улады. Көчөгө чыгып алган Жерлерди тазалады! Манас Атага, Барсбекке эстелик , Ошко кире бериш жерге эстэлик койду.
    Эми , чынында Аны кээ бирөөлөр Көптүрүп ийди. Аны алып кэлип Иш берүү керек!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *