Фото – Ч. Айтматов атындагы сыйлык казак акыны Олжас Сулейменовго ыйгарылды

Санкт-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясында казак жазуучусу жана акыны Олжас Сулейменовго Чыңгыз Айтматов атындагы маданий мурастарды, тынчтыкты жана достукту сактоо боюнча сыйлыгы тапшырылды.

Сыйлыкты Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асель Кодуранова тапшырды.

“Чыңгыз Айтматов менин устатым жана досум болгон. Ал жазуучу гана эмес, алысты көрө билген акылман адам. Мындай улуу кишинин атындагы сыйлыкты алуу мен үчүн сыймык”, – деди Олжас Сулейменов.

Айта кетсек, сыйлык 2012-жылдын ноябрь айынан тарта КРдин Жогорку Кеңеши тарабынан бериле баштаган. Ал маданият, адабият, искусство жана жалпы гуманитардык илимдер боюнча ийгилик жараткан, ошондой эле өлкөлөрдүн ортосундагы ынтымакты чындаган эмгектер үчүн берилет.

Эскерте кетсек, 2016-жылы бул сыйлыкка эл акыны Шайлообек Дүйшеев татыган.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *