Фото – «Чынгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары» III Эл аралык Ысык-Көл форумунун ачылышы

Кыргыз Республикасынын Президенти Соронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Чыңгыз Айтматов жана учур чакырыктары» эл аралык Ысык-Көл форумунун ачылыш аземине катышты жана форумдун катышуучуларын кайрылып, сөз сүйлөдү.
Россиянын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андрей Крутько Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин кайрылуусун окуду. Биринчи Ысык-Көл форумунун катышуучуларынын атынан «Адамзатты сактап калуу жана өнүктүрүү» Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Рустем Хаиров сөз сүйлөдү. Ал ошондой эле форумдун катышуучуларына Михаил Горбачевдун, италиялык окумуштуу Аугусто Фортинин жана испан дипломаты Федерико Майордун каттарын окуп берди.
КМШнын Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун кеңешчиси Александр Гончаров, ЮНЕСКОнун кластердик бюросунун директору Криста Пикат, ТЮРКСОЙ башкы директору Дүсанбай Касеинов, Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Иван Белеков, Азербайжан Милли Меджлисинин илим жана билим берүү боюнча комитетинин төрагасы, Азербайжан Илимдер академиясынын вице-президенти Иса Габбибейли жана Россия Федерациясындагы Татарстандын Премьер-министринин орун басары Лейла Фазлеева, Башкыртстандын Премьер-министринин орун басары Фанзиль Чингизов жана казак жазуучусу Олжас Сулейменов өз сөздөрүндө форумдун маанисин жана Айтматовдун улуулугун белгилешти.
Андан ары форум өз ишин пленардык отурумдар форматында улантты.
6-7-октябрда форум Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарында уланат.
Форумдун ишине жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келишкен жана кыргызстандык белгилүү жазуучулар, окумуштуулар, культурологдор, филологдор катышууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *