Фото – Forbes дүйнөнүн эң кымбат актрисаларын атады

Forbes журналы 2017- жылдын эң кымбат актрисаларынын аттарын атады. Рейтингдин биринчилигин “Ла-ла-ленд” фильм-мюзиклинде башкы ролду жараткан Эмма Стоун ээледи. Ал 12 ай ичинде 26 млн. доллар акча тапкан. Ал эми анын артындагы Дженифер Энистон 25,5 млн доллар табууга жетишкен.

28 жаштагы Эмма Стоун Дэмьен Шазеллдин “Ла-ла-ленд” фильминдеги Мианын ролу менен ага 445,3 млн доллар акча табууга көмөк көрсөткөн.

Экинчи орунда турган 48 жаштагы Дженнифер Энистондун бир жылдык тапкан акчасы жогоруда белгиленгендей  25,5 млн долларды түзөт. Журнал анын негизги акча табуу булагы катары рекламалык компанияларды көрсөткөн.

Тизменин үчүнчү ордун Дженифер Лоуренс ээледи. Анын жылдык маянасы 24 млн долларды түздү. Ага негизги булак “Мама!” , “Кызыл таранчы” фильмдери жана Dior рекламалык компаниясы болуп берди.

Алардын аркасында эле 18 млн. доллар тапкан Мелисса Маккарти, Мила Кунис 15,5 млн. долларлык маянасы менен жана Эмма Уотсон менен Шарлиз Терон – экөөнүн тең бир жылдык кирешеси 14 млн. долларды түзгөн. Рейтингди Кейт Бланшетт менен Джулия Робертс (12 млн. доллар), жана Эми Адамс 11,5 млн. долларлык киреше менен жапты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *