Фото – Кытайга тийип, эрине кыргыз жарандыгын алып берип жаткан кыздар талкууга түштү

28-ноябрда Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Аймира Калыкованын “Жаңы доор” тайпасына кытайлык жигиттерге турмушка чыгып, аларга кыргыз жарандыгын алып берип жаткан кыргыз кыздарына нааразы болуп жазган посту чуу жаратууда.

Айрым окурмандар алар жарандыкты алгандан кийин таштап кетишет деп пикир калтырса, кээ бирлери Кытайдын демографиялык саясатына каршы мыйзам чыгарыш керек, кытайга тийген кыргыз кыздарынын жарандыгын жокко чыгарып, алардын төрөгөн балдарына жарандык бербеш керек деген пикирлерин калтырышкан.

“Мен кыргыз кыздарынын башка улутка турмушка чыгышына каршы деле эмесмин, балким, жүрөгүндө кыргыз деген өз улутуна жалыны бийик патриот кыздардан болсо, кандайдыр бир деңгээлде пайдасы тийиши мүмкүн. Бир мисал: немецке турмушка чыгып, Германияда жашаган бир кыргыз кызы жөнүндө репортажды ушул интернеттен көрүп калдым эле. Короосуна кыргыз үйдү кооздоп тигип, ичин бүт кыргыздын улуттук орнаменттери менен жасалган буюмдарга толтуруп, балдарына, жолдошуна комуз черткенди, кыргыз тилин үйрөтүп койгон экен. Ал кыргыз келин диссертация жактаган, илим доктору экен. Интервьюсунда: “Мен колуман келишинче өлкөбүздүн бутка турушуна жардам берем, бул жакка келген кыргыз студенттерине колдоо көрсөтүп жатам, жүрөгүм кыргыз деп согот” – дегенин окуп, ыраазы болгом.
Бирок, кыргыз кыздары кытай жарандарына турмушка чыгып,..  аларга Кыргызстандын жарандыгын алып берип, КР да калтырганына каршымын!…

Кытайлар дүйнөдө саны жагынан эң көп улут экендигин мен айтпасам деле, баарыңыздар жакшы билесиздер да. Эсиңерге келгилечи, кыргыздын керилген сулуу кыздары,..” – деп жазган Аймира Калыкова.

Посттун алдына Аймира Калыкова иллюстрация катары Facebook социалдык тармагынын дагы бир активдүү колдонуучусу Айсулуу Жылдызбекованын элге ачык жарыялаган “Менин кытай күйөөм” аттуу фотолор топтомун жарыялаган.

 

2 comments

  • Эми, чындыгын айткандай,Кыргыздарда улуттук арнамыс деген таптакыр жок деп айтсан болот.Маселен ,кайсы уйбулодо уул кыздарын Биз кыргызбыз,андыктан Биринчи кезекте, озубуздун улутту сыйлайлы,кобойтойлу деп
    деп тарбиялайт, андай жок,жок,жок.Биз Патриот болуп,Кыргыз ата менен сыймыктанышыбыз керек!!!

  • Кубат says:

    Фу блин, кантип бака, жылан, эшек, ит, чочко жегендер менен обушуп, бир тошо жатаышат. Куйоо таппай жатса, айылдык эле кыргыздын тын балдарына тийсе болбойбу? Акча дегенде олгону калдынарго

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *