Фото – “Лексусту” жүктөп кетем деген эвакуатордун бекиткичтери үзүлүп кетип, унаанын тетиктерин майыштырып салды

Бүгүн, 15-январда Бишкектин Чүй проспекти менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде мыйзамсыз токтотулуп коюлган “Лексус RX-300” жол тандабасын жүктөп кетем деген эвакуатордун бекиткичтери үзүлүп, “Лексустун” эки крылосун майыштырып салды.

Майышкан Лексус RX-300 жол тандабасын башка эвакуатор келип жүктөп, айыпка кармалган унаалар токтоочу жайга алып кеткен.

Эреже боюнча эми “Лексустун” оңдоп-түздөө чыгымдарын эвакуатордун ээси – фирма төлөп берет.

Фотолор интернеттен алынды

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *