Фото – Милициянын каттосунда турган Бостерилик балдар кармалды

Ысык-Көл облусунда милициянын оперативдүү каттосунда турган Бостерилик 2 бала кармалды. Бул тууралу  Turmush сайтына облустук милициядан билдиришкен.

Маалыматка караганда, көрүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ИИМдин, Ысык-Көл ОИИБдин жана Ысык-Көл РИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Бостери айылынын эки тургуну колго түшүрүлдү.
Санкциянын негизинде тинтүү жүргүзүү учурунда Бостери айылынын 26 жаштагы тургуну, мурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (каракчылык) менен соттолгон Ү.Бактыбектин үйүнөн мыйзамсыз сакталган марихуана табылган. Баңгизаттын салмагы 2 кг 700 гр түздү.
Ушул эле айылдын КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опузалоо) менен соттолуп келген тургуну М.Айдардын (27 жашта) үйүнөн мыйзамсыз сакталган автоматтын 11 огу табылып алынды.
Аныкталган эки факты боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-241-беренелери (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү жана ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен кылмыш иштери козголуп, кылмышка шектүү катары кармалышкан адамдар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда алардын үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *