Фото – Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунда аялдар үчүн атайын семинарлар өткөрүлдү

Кечээ, 10-октябрь күнү «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан “2016-жыл Тарых жана маданият» жылына карата «Улуттук маданият, илим жана дин» долбоорунун алкагында Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунда аялдар үчүн уюштурулган атайын семинар болуп өттү. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

sem1sem2sem3sem4

Бул боюнча Ыйман фондунун түштүк аймактык координатору Айбек Султан уулу билдирди. Анын айтымында фонд Ош облустук казыяты менен биргеликте райондордун аймагындагы аялзатынын Исламдагы ордун жана маани, маңызын түшүндүрүү максатында жолугушуу лекцияларын өткөрүүдө. Жолугушуу райондук мамлекеттик администрациялардын жыйындар залында уюштурулуп, райондордун акимдери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана аялдардын катышуусунда өттү. Жолугушууда Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев “Үй-бүлө куруунун маңызы жана максаты (аялдын ролу)” аталышында баян жасап, бүгүнкү күндө жаштар арасында жана болочок энелердин тарбиялык калыптануусунда болуп жаткан көйгөйлөргө токтолуп, аларды жоюуунун жолдорун түшүндүрүп берди. Мындан сырткары катышуучулар тарабынан үй-бүлө курууга даярданууга байланыштуу берилген суроолорго шарияттын негизинде жооптор берилди. Ал эми уюштуруучулардын бири казыяттын аялдар менен иш алып баруу адиси Жамила Жапашова өткөрүлгөн жыйындар абдан маанилүү экендигин жана аялдардын маалыматты ар түрдүү булактардан алып, түшүнбөстүккө кабылуусунун алдын алаарын белгиледи. Мындан сырткары болочок аялзатынын жашоодогу ордун, үй-бүлөдөгү жоопкерчилик милдетин руханий жактан сезүүсүнө багыт берээрин кошумчалады.

Эскерте кетсек, аталган жолгушуу башка райондордо улантылат.

sem5sem6sem7sem8sem9

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *