Фото- Ош ШИИБнын кызматкерлери Дүйнө чемпиону болгон кесиптешин тосуп алышты

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергѳѳ кызматынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Алмаз Балтабаев 1-6-ноябрь күндөрү Ѳзбекстандын Бухара шаарында өткөн гиря спорту боюнча Дүйнөлүк чемпионатта, 1- орунду алып, алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматынан билдирди. 

Бүгүн Ош ШИИБнын кызматкерлери дүйнѳ чемпиону болгон кесиптешин «Достук» ѳткѳрмѳ бекетинен тосуп алышты. 
Ардактуу жеңишке жетишкен Алмаз Балтабевди Ош ШИИБнын башчысы М. Боронов кызуу куттуктап, мындай кызматкерлер ички иштер органдарынын сыймыгы экендигин билдирип, кызматтык жана спорттук ийгиликтерди каалап, ѳзүнүн белектерин тапшырды.
Алмаз Балтабаев буга чейин да гиря спорту боюнча Кыргызстандын жана КМШнын бир нече жолку чемпиону болгон.

На данном изображении может находиться: 5 человек, люди стоят

На данном изображении может находиться: 8 человек, люди стоят и на улице

На данном изображении может находиться: 1 человек, стоит, шляпа и на улице

На данном изображении может находиться: 1 человек, стоит и в помещении

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *