Фото – Премьер-министр Сапар Исаков дүйнөлүк ири порт операторлорунун бири “DPWorld” өкүлдөрү менен биргелешкен кызматташуунун келечегин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу алкагында Дубай шаарында (БАЭ) дүйнөлүк ири порт операторлорунун бири “DPWorld” өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында биргелешкен кызматташуунун келечеги жана компаниянын жакынкы арадагы инвестициялык планы талкууланды.

Тараптар «DPWorld» компаниясынын адистери Кыргызстандын ички рыногунун келечектүү тармактарына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп чыгуусу тууралуу макулдашышты.

«DPWorld» – деңиз портторун жана жер үстүндөгү логистикалык инфраструктураны камсыз кылуучу, дүйнөнүн 40 өлкөсүндө иштеген ири оператор.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *