Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Хабиб Нурмагомедов менен жолугуп, аны жеңиши менен куттуктады

Түркияга барган расмий сапарынын алкагында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков ММА чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен жолугуп, аны жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу мушкердин атасы, ММА машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов өзүнүн Фейсбук баракчасында жарыялаган.

“Кыргызстан бизди баардык деңгээлде жакшы тосуп алып келген, бул жолугушуу да абдан мөмөлүү жана пайдалуу болду, Сооронбай Жээнбеков бизди жеңиш менен куттуктады”, – деп жазган Нурмагомедов.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков Түркияга Режеп Таип Эрдогандын чакыруусу менен  Түрк Республикасынын негизделгенинин 95-жылдык мааракесине катышууга  кеткен.

 

 

 

 

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *