Фото – Швейцариянын президенти Ален Берсенин жерге олтура калганы соцтармактарда талкууга түштү

Бул сүрөттө жерге, бордюрга олтура калып, кагаздарын карап жаткан адам Швейцариянын президенти Ален Берсе. Өткөн жумада Нью-Йоркто өткөн Бириккен Улуттар уюмунун Генералдык ассамблеясынын кезектеги сессиясы учурунда сыртка чыккан Ален Берсе бордюрга олтура калганы социалдык тармактарда кеңири талкууга алынды. Бирок Швейцариянын өзүндө бул адаттагыдай эле көрүнүш. Ал жерде президент, министрлер жана депутаттар жөө жана жан сакчысы жок эле жүрүшөт.

Бул сүрөттө Швейцариянын Тышкы иштер министри Дидье Бурхальтер жумушуна баратып, трамвай күтүп, аялдамада турат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *