Фото – Таң калычтуу “темир тулпарлар”

Заманбап автомашиналар

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча автомобиль чыгаруу жагынан немистер алдыга озуп чыгышты. Дүйнөнүн ири машина чыгаруучулар арасында немистердин  Volkswagen компаниясы турат. 2016-жылы алар 10 млн автомашина чыгарган. Бул жерде сөз Фольксваген маркасы тууралуу гана болбостон, анын курамына кирген бренддер, алсак,   Skoda, Audi, Seat, Man, Scania, Porsche, Bentley, Bugatti и Lamborghini  боюнча да жүрүүдө.

Экинчи орунда  япондордун Toyota  компаниясы ээлейт. 2016-жылы япондор 9,9 млн темир тулпар чыгарган.  Бирок алар машина чыгаруунун көлөмү жагынан Фольксвагенден кийинки орунду ээлейт. Ал эми автомобилди сатуу жагынан Тойота, мисалы,  Седан Corolla сатуу боюнча көч башында келе жатат. Ал эми француз-япон Renault-Nissan дүйнөдөгү популярдуу биринчи үчтүккө кирет. Бул биргелешкен компания 2016-жылы 8, 5 млн автомобиль чыгарган.

Андан кийинки дүйнөдөгү ири автомобиль чыгаруучуларды бул инфографикадан көрүүгө болот.

Дүйнөдөгү автомобиль чыгаруучу ири компаниялар:

(2016-жылдын жыйынтыгы менен)

(Focus 2move маалыматы боюнча)

Бул ири компаниянын автомашиналары биздин, Кыргызстандын жолдорунда да зуулдап жүрүп жатканына баарыбыз күбөбүз.

 “Тойотанын” жаңы учуучу машинасы

Биз жогоруда дүйнөлүк ири автомобиль чыгаруучу компаниялар тууралуу сөз козгодук. Ал эми биздин максатыбыз катардагы автомашиналар тууралуу эмес, адаттан тышкары машиналар туурасында болмокчу. Бизге кечээ жакында эле фантастикадай туюлуп жаткан автомашиналар чыгарыла баштады.  Фантастика эмей эмне, ээ, машина эми жолдо жүрбөстөн, учуп жүрсө… Алардын бири –уча турган машина. Япон компаниясы, андан мурдараак америкалык компания, анан голландиялык компания, айтор, учурда дүйнөнүн чар тарабынын автомобиль чыгаруучу компаниясы учуучу машинаны чыгаруу менен алектенип, сынактан өткөрүп жатышат. Алардын кимиси биринчи сатыкка чыгарат болду экен, аны келечек  көргөзөөр.

Япониялык айтылуу “Toyota” компаниясы  Skydrive деп аталган учуучу машинаны чыгарууга 350 миң доллар бөлүп берди. Ал 2020-жылы Токиодо өтө турган олимпиаданын ачылышында учурулуп, аны башкарган адам олимпиадалык отту жага турганы пландалып жатат.

Бул учуучу машина бир кишилик. Машинанын узундугу — 2, 9 м, туурасы 1,3 метр, бийиктиги — 1,1 метр, үч дөңгөлөктүү болот. Учуучу машинаны абага анын төрт кыймылдаткычы алып чыгат, алар квадракоптёрдукундай, горизонталдык абалда жайгашкан. Skydrive кадимки машина өтүүчү жолдон да жүрө алат, 10 метр бийиктикке уча алат. Максималдуу ылдамдыгы саатына—100 чакырым.

Skydrive машинасын чыгаруунун  үстүнөн 30 ыктыярдуу адам иштеп жатат. Ушу тапта АКШ, Германия, Нидерландия, Словакия, Кытай жана Жапониянын фирмалары илимий фантастиканы чындыкка айлантып, учуучу машина жасоо менен алек. Cartivator стартабынын инженерлери учуучу автомашинанын 2025-жылы сатыкка чыгарабыз деген ойдо. Cartivator буга чейин уча турган автомашинаны крауфандинг (crowdfunding) же долбоорго кызыкдар адамдардан Интернеттен чогултулган акчанын эсебинен каржылап жаткан. Бул долбоор 2012-жылы учуучу автомобилди жасоо максатында түзүлгөн.

Жерде да, сууда да бирдей жүрчү жана асманда да уча алуучу гибриддик унааны жасоо үчүн инженерлер  бир далай убакыттан бери аракет жасап жүрүшөт. Андай алгачкы машина- америкалык инженер, Кенже Роберт Фултон (Robert Edison Fulton Jr.) жасаган FA-2 Airphibian. Анын салмагы 680 кг, узундугу 6,7 м болуп, максималдуу ылдамдыгы 193 км/саат эле. Бирок ал машинаны сатыкка чыгара алышкан эмес.

Учуучу машина чыгаргандардын дагы бири

Ошондой эле Google ду уюштуруучулардын бири Сергей Брин да өз дирижаблин Калифорниядагы илим изилдөө борборунда куруп жаткандыгы маалымдалган. Андан мурдараак эле ошол эле  Бриндин Google дагы өнөктөшү Ларри Пейж да учуучу автомобилин”  YouTubeканалына койгон.

Бирок учуучу машиналар сериялык түрдө чыгарыла элек. Булар— сыноочу моделдери.

Голландиялык компаниянын учуучу машинасы

Голландиядагы PAL-V International B.V компаниясы уча турган машинанын сериясын чыгарды. Ал машина үч дөңгөлөктүү келип, Liberty деген аталышка ээ болгон. Эки орундуу, эки моторлуу машинаны—гироплан, гирокоптер деп атап коюуга болот. Ал кадимки эле автомобиль өтчү жолдон да жүрүүгө ыңгайлашкан.  Анын  жыйыштырып коюучу пропеллери Rotax кыймылдаткычы бар, кубаттуулугу саатына 160 чакырым жүрө алат. 100 чакырымга чейин ал 9 секундда күүлөнө алат. Учканда машина 3500 метрге чейинки бийиктикке чыга алат, эң жогорку ылдамдыгы— саатына 180 чакырым. Абадан май куюп алганы менен 500 чакырымга чейин жете алат. Конуу үчүн ага болгону 30 метр жер керек. Саатына 26 литр май сарптайт. Анын салмагы 664 кг.  Жалпысынан максималдуу 910 кг салмак менен уча алат.

Айдоочусуз жүргөн машина

Tata OneCAT. Фото: © Tata Motors

Келечекте машина чыгаруучулар дагы бир далай кызыктарды чыгарып, көздү кызарткан турушат. Учуучу машиналар менен катар эле дүйнөдө айдоочусуз жүрөт ала турган автомобилди чыгара башташканы маалым.

Айтылуу Volvo, Mercedes-Benz, Ford и Google компаниялары бүгүнкү автомобиль технологиясы алда канча алдыга кетти, жеңил машиналар айдоочусуз эле автоматтык түрдө башкарганга даяр экенин айтышат. Анда качан айдоочусуз машинанын пайдаланылышына уруксат беришет? Эксперттер 2020 жана 2030-жылдардын ичинде деп жооп беришет.

Айдоочусуз жүрө турган машиналардын арткы жана капталдарындагы күзгүсү болбойт. Эгер сырттагы көрүнүш сизге жакпаса, эшиктерди экран катары колдонуп, мультимедиалык контент аркылуу  кино көрүп барсаңыз болот.

Айдоочунун отургучу, алдыда отурган жүргүнчүнүн отургучундай эле, 180 градуска бурулуп, машинанын ичин мейманканага айлантып кое алат. Ортосунда кайра жыйналуучу стол болуп калат. Бараткан багытын машинанын ичиндеги ар бир жүргүнчү интерфейс аркылуу башка жакка буруп кое алат. Бул ойдон чыгарылган нерсеге окшошуп турса да,   Mercedes компаниясы  эми 15 жылдан кийин ушундай машинаны массалык түрдө чыгарууга бел байлап жатат.

Айдоочусуз машинанын кемчилиги эмнеде?

MDI AIRpod. Фото: © MDI

Айдоочусуз жүрө турган машина учурдагы шартта Кыргызстанга жарабайт экен деп айтууга негиз бар. Анын себеби мындай:

Айдоочусуз жүрө турган машинанын бир кемчилиги бар. Ал машина жол кыймылы идеалдуу болсо гана коопсуз жүрө алат. Анткени машинанын баары автопилот тарабынан башкарылган болушу керек. Бир түр машина эле айдоочусуз жүрө алса, калган машиналарды айдоочу башкарат эмеспи. Алардын бири жол эрежесин бузуп кетет, бири мас абалында болот, дагы бири жакшы айдай албайт, дагы бири чарчап калат. Ал эми айдоочусуз машина жол кыймылы белгиленген тартипти сактаганда гана  коопсуз жүрө алат. Учурда Японияда жана АКШнын үч штатында, Калифорния, Флорида, Невадада, мыйзам боюнча робот машиналардын жүрүшүнө уруксат  берилген.

Бирок дүйнөдө идеалдуу жол эрежеси сакталса, анын ичинде биздин өлкөбүздө да ошондой шарттар түзүлүп калган заман келсе, эмнеге автомашинанын эшигинен кино көрүп, айдоочусуз эле мейманканада олтургандай жол жүрүүнү кыялданууга болбосун. Адамзаттын колунан келбеген эч нерсе жок эмеспи. Демек, алдыда бизди, биздин урпактарыбызды кызыктуу, таң каларлык турмуш күтүп турганы кубантат.

Пневмомобилдер

Дүйнөдө автомашиналардын ар түркүнү чыгарууга даярдалып жатат. Учуучу машинанлар, айдоочусуз жүрүүчү автомашиналар менен катар эле май куйбай, аба менен жүрө турган автомашинаны чыгаруу аракети тууралуу да айта кетели. Алар пневмомобиль деп аталат. Пневмомобилдер күйүүчү майды колдонбойт. Анын ордуна кысылган абаны пайдаланып, айлана-чөйрөнү булгабайт, үнөмдүү.

Электромобилдер качандыр бир кезде күйүүчү май менен жүргөн транспортту керектен чыгараары бышык. Анткени нефть менен газдын запастары да Жер планетасында чектелүү. Ар кайсы өсүмдүктөрдөн алынуучу биоотун да чексиз эмес, анткени жер жүзүндө адамдардын санынын өсүшү менен анын запастары да азаят. Ал эми кысылган абанын күчү менен жүргөн машина келечектин машинасы дегендер басымдуулук кылып бара жатат.

XIX кылымда темир жол транспортунда “кысылган абанын” күчү менен жүргөн машина ойлоп чыгарышкан.   Азыркы учурда ал идеяны ишке ашыруу жагы кеңири жайылтыла баштады. Индиянын Tata Motors компаниясы  OneCAT деп аталган кысылган абанын күчү менен иштей турган автомобиль иштеп чыгарган. Анын иштөө тартиби мындай: камерага атмосфералык аба толтурулат, андан кийин ал кысылган кислород менен аралаштырылат да, ал автомобилдин багында сакталат. Ал аралашма иштеп, поршенди кыймылдатат.

Ошондой эле пневмомобилди француздардын MDI компаниясы чыгарган. Алардын пневмомобили AIRpod деп аталып, массалык түрдө чыгарылууга даярдалган. Бул кичине машина бакты бир толтурганда 250 чакырымга чейин жете алат. Ал саатына 75 чакырым жүрөт.

Пневмомобилдин эң  жакшы жактарынын бири—ал экологиялык таза машина болуп саналат. Мындай машиналарды майлап убара болуунун кажети жок. Кыймылдаткычты муздатуунун да кереги жок. Запастык бөлүктөрү да көпкө чейин иштен чыкпайт.

Аба менен жүрүүчү машиналар ырас эле келечектин машинасы болуп саналат. Айрыкча нефтинин жана газдын запасынын кыйналган биздин Кырызстан сыяктуу өлкөлөр үчүн табылгыс дары эмеспи. “Газпромнефть” Азия компаниясы бензинди кымбат сатып жатканда бизге андай машиналар келсе, мен дароо сатып алмакын. Анткени Бишкекте Аи98 бензини 39, 4 сомдон, Аи 92-25,8 , Аи 80-32, 7 сомдон сатылып жатпайбы.

Айтор, бул жагынан эртеңки күндү күтүп, кыялданып туралы. А балким эртең андай бензинсиз, аба менен жүргөн автомашиналар сатыкка чыгып, биздин өлкөгө да келип калгысы бардыр.

Даярдаган Курманбек Насирдин уулу 

Булак: “ПолитКлиника”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *