Фото – Тоскоол-Ата күмбөзүнүн жанындагы булак күчтүү дарылык касиетке ээ

Ноокен районуна караштуу Шайдан  айыл аймагындагы Тоскоол-Ата айылындагы Тоскоол-Ата күмбөзүнүн жанынан чыккан булактын чоң дарылык  касиетке ээ экендиги тээ илгертен эле “Узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына кеңири белгилүү болуп, эл оозунан түшпөй даңаза катары  айтылып келет. Тээ илгертен эле кулак  оорусу менен ооругандар, кулагынан ириң жана ар кандай суюктуктар аккандар бул жерге келишип, бети-башын жана кулактарын булак суусуна чайкашып, жергиликтүү шайыкка куран түшүртүп, зыярат кылышкан соң көптөгөн адамдар, аял-эркектер жана балдар өздөрүн кыйнап келген дарт азабынан шыпаа табышып, жакшы болуп сакайып кетишкен. Ал түгүл бул жерге коңшулаш Өзбекстан жана Тажикстан Республикаларынан зыярат кылганы келишкендер арбын болгон. Табияты кооз келген Тоскоол-Атага жана анын касиеттүү булагына Кыргызстандын бардык булуң бурчтарынан атайылап зыярат кылганы келгендердин аяктары азырга чейин үзүлбөй келет.

Тоскоол-Ата күмбөзү туурасындагы элдик уламыш легенданын таржымалы туурасында  жергиликтүү шайык жана молдо Маматжан Султанов мындайча баян этти.

-XYII-XVIII кылымдарда кыргыз эли калмактар менен жер үчүн тынбай такай согушуп келишкен. Калмактар жер соорусу болгон, мал-жандыктарын багууга абдан ыңгайлуу келген жана жаңгак, мисте, бадам, айтоор аралаш токойго мол келген Тоскоол-Атаны басып алабыз дегенде эки көздөрү төрт болуп, кызарып турчу экен. Ошол кылымдары калмактар он миңдеген кол менен Тоскоол-Атага ири согуштук жортуул жасашат. Ошондо эл башкарган кадырман уулу аксакалдар баатыр кыргыз жоокерлеринин башчысы болгон эр-жүрөк, эч нерседен тайманбаган баатыр бир туугандар Кабыл менен Казалга ак баталарын беришет. “Эл-жериңерди канкор баскынчы калмактардан коргой турган тагдыр чечээр кыйын кезен келди. Киндик каныбыз тамган, ата-бабаларыбыз ыйык тутуп, конуштап келген кооз жерибизди калмактарга алдырып жиберсек, анда тагдырыбыздын биротоло талкаланганы, жерибиздин жексен болгону дешип катуу кайгырышат. Элдин ар-намысына жараган эр-азаматтарыбыз турганда, калмактарды бул жерден биротоло кууп чыкпасак бизде эч качан тынчтык жана бейпилдик болбойт. Эли-журтубуз үчүн, ыйык жерибиз үчүн башты канжыгага сайып, өмүр менен өлүм үчүн кырчылдашып чабыша турган кезең келди. Силердин алдыңарда бир гана жол бар, ал калмактардын миң сандаган колунун таш-талканын чыгарып, жергебизден биротоло кууп чыгышыңар керек,- дешип аксакалдар менен энелер алакандарын жайып, балдарына ак баталарын беришет. Тоо-ос Кабыл баатыр, эли-жериңди душмандардан коргоп, калмактардын таш-талканын чыгарып кайт! Тоо-оос Кабыл! Силерди Манас атабыздын арбагы менен руху колдосун!”,- дешип аксакалдар ак баталарын беришет. Бир туугандар Кабыл менен Казал баштаган кыргыздын эр-жүрөк миңдеген жоокерлери ошол казатта калмактардын таш-талканын чыгарып, жергебизден аларды биротоло кууп чыгышат. Кан суудай агып, эки тараптан миңдеген эр жүрөк жоокерлер каза болушат. Ошол улуу согушта калмактардын жаасынан Кабыл баатыр дагы баатырларча курман болот. Анын сөөгү коюлган жерге кийин күмбөз тургузулат. “Тоо-ос Кабыл баатыр!” деген сөз арадан көптөгөн жылдар өткөн соң, Тоскоол-Ата аталып калган. Жергиликтүү калк турак-жай салуу үчүн жер казганда адамдарга таандык болгон сөөктөр азырга чейин табылат. Мунун өзү бул жерде калмактар менен катуу кыргын жана согуш  болгондугун айкын тастыктайт,- дейт Тоскоол-Ата күмбөзүнүн шайыгы Маматжан Султанов.

Бүгүнкү күндө дагы Тоскоол-Ата айылындагы дарылык касиетке ээ болгон булакка зыярат кылгандардын аяктары  дагы деле үзүлбөйт. Жалал-Абад шаарынын тургуну Бурулай үй-бүлөсү жана эки баласы менен бул жерге атайын зыярат кылганы келди.

-Кичине баламдын кулагы ооруганынан Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасына алып барып дарылаттым. Дарыгер баламдын кулагын тазалап, дары-дармектерди жазып берди. Бул туурасында угуп калган 87 жаштагы тайнем, ооруктун ардагери, Базар-Коргондук Тажикан Умурзакова баламды Тоскоол-Атадагы булакка алып барып, зыярат кылуубузду сунуш кылды. Тайнебиздин айткандарын жок дебестен атайын жакшы ниет кылып, бир короз, күрүч, май, сабиз, туз алып барып Тоскоол-Ата булагына зыярат жасадык. Жергиликтүү шайык Маматжан аба Султанов атайын куран түшүрүп, биздин ак дилдеги ниет-тилектерибиз кабыл болоорун айтты. Азыр баламдын кулагы оорубай калды,- дейт Жалал-Абад шаарынын 29 жаштагы тургуну Бурулай Абдраимова.

Тоскоол-Ата айылындагы күмбөз менен касиеттүү ыйык булактын жанында адамдын колунун беш бармагын элестеткен аябагандай чоң байтерек өсүп турат. Бул байтерек дагы бул жерге келип, чын ниетинен сыйынып, зыярат кылгандардын ой-тилектерин ишке ашырууга жардам берет деп коюшат жергиликтүү тургундар. Кезинде Тоскоол-Ата токой чарбасында директор болуп иштеген Байзак Дамашев менен анын жубайы Рысбүбү Иманалиеванын уулу Туратбек Байзак уулу өз  эсебинен Тоскоол-Ата айылынын элине чоң мечит салып берген. Кочкор-Ата шаарында жайгашкан “Кыргызнефтегаз” ААКнын Тоскоол-Ата токой чарбасынын табияты кайталангыс кооз келген Алаш жайлоосунда эс алуу жайын иштетип келишет. Ноокен районунун Шайдан айыл аймагына караган Тоскоол-Ата айылында учурда 360 кожолук, же 2,5 миңден ашуун калк жашайт.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *