Фото – Жалал-Абад облустук милициясында баардык иш кагаздарынын 95% мамлекеттик тилде жүргүзүлөт

Жалал-Абад шаардык мэриясынын демилгеси менен  күч органдарынын кызматкерлеринин арасында «Тилин сактаган улут тарыхын сактайт» деген аталышта кароо-сынак өттү.

Бул иш-чарага күч түзүмдөрдүн арасында  Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнөн “Ала-Тоо” командасы, Улуттук гвардиянын 704-аскер бөлүгүнөн “Шер” командасы, шаардык өрткө каршы кызматынын “Калкан” командасы жана аскер комиссариатынан куралган “Шумкар” командасы таймашты. Калыстар тобунун мүчөлөрү шаардык мэрия тарабынан дайындалды. Кароо-сынактын программасына «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, элдик ыр, кыргыздын тарыхый чыгармаларынан монолог айтуу, улуттук бий, жаңылмач айтуу камтылган. «Иш-чаранын максаты — кыргыз тилин даңазалоо, күч кызматкерлеринин алакасын жакшыртуу, патриоттук сезимди күчөтүү.

Жыйынтыгында     1- орунду Жалал-Абад ШИИБнин “Ала-Тоо” командасы багындырып, калыстар тобу тарабынан сыйлыктар менен сыйланышты .

Айта кетүүчү жагдай, Жалал-Абад ОИИБнын баардык иш-кагаздарынын дээрлик 95 пайызы мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.

zha-til-synagy2

zha-til-synagy3

zha-til-synagy4

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *