Фотобаян – Ысык-Көлгө кыштаганы келген Кызыл канат – фламингону сүрөткө тартып алышкан

Кыргызстанда кезиктирүүгө мүмкүн боло турган өзгөчө сулуулукка ээ, экзотикалык канаттуу Кызыл канаттын сүрөттөрү фейсбук социалдык тармагына жарыяланды. Аны жарыялаган кесипкөй сүрөтчү Иван Турковский.

Кыргызстандын канаттууларуу тууралуу кыскача аңгемелерди жазып келген сүрөтчү бул жолу Кызыл канат (Обыкновенный фламинго (рус), Phoenicopterus roseus (Pallas, 1811) (лат), Greater flamingo (анг) тууралуу жазды.

“Ооба, бир караганга таңгалычтуу бирок, бул экзотикалык канаттууну бизде сезондук миграция убагында жана кыштоо учурунда Ысык-Көлдө кезиктирүүгө болот. Мен ошол жактан жолуктургам. Аянычтуусу мен алардын так ордун айта албайм, аны көрүүнү каалагандар канаттууга зыян келтиришеби деп кабатырланып жатам”, – деп жазат ал.

Автор мындан сырткары канаттуулардын өң-келбеттери, дене түзүлүшү тууралуу дагы жазган.

“Узун буттуу жана узун моюндуу, чоң, ылдыйга ийилип турган мурду бар канаттуу. Эркек менен ургаачысынын өңдөрү окшош, эркектери кичине чоңураак. Салмагы 2-4 кг, узундугу 125-145 см, канаты 31,0-35,4 см, канат керүүсү 140-160 см”,  – деген Турковский.

“Биз өзүнүн табийгый өзгөчөлүгү жана улуулугу менен таңгалдырган укмуштуу өлкөдө жашайбыз, ушуну эстей жүргүлө жана этияттык менен мамиле кылгыла”, – деп кошумчалаган фотограф.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *