Фотобаян – Кыргызстандын 2018-жылдагы эң келбеттүү мырзасы деп Аскат Осмонов аталды

Кечээ, 17-февралда Бишкекте өткөн Mister Universal Ambassador Kyrgyzstan сынагынын жеңүүчүсү болуп, Бишкектеги 11-класстын окуучусу Аскат Осмонов аталды. Бул тууралу штаб-квартирасы Индонезиянын Сурабая шаарында жайгашкан бүт дүйнөлүк Mister Universal Ambassador уюмунун басма сөз кызматы жарыя кылды.

Маалыматта Mister Universal Ambassador Kyrgyzstan сынагында Аскат Осмонов өзүнүн 20дан ашык атаандашынан озуп чыкканы айтылат.

Эми Аскат Осмонов бүткүл дүйнөлүк Mister Universal Ambassador сынагына Кыргызстандын атынан катышат.

Эсиңиздерге сала кетсек, Mister Universal Ambassador Kyrgyzstan сынагы былтыр биринчи жолу өткөрүлүп, анын жеңүүчүсү болуп Азиз Юсупов аталган.

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *