Фотобаян – Падыша-Ата петроглифтери

Таш бооруна чегилип түшүрүлгөн жазуулар, сүрөттөр жана петроглифтер, байыркы Ата-бабаларыбыздын руханий турмушунан бизге калтырган кабары аны туура так чечмелеп алуу биздин милдет!
Аксы жана Чаткал райондорунун чек арысында тагыраак айтканда деӊиз деӊгелинен 3714 метр бийиктеги Чаткал кырка тоолорунун, Падыша-Ата мамлекеттик коругунун сырт тарабы, Кашка-Суу айыл округунун мамлекеттик запас жериндеги (ГЗЗ ) Шар капчыгайында аска бетине тартылган петроглифтер бар. Чоӊ-чоӊ эки плита ташка өтө жогорку чеберчилик менен ташка чегилип жазылган. Сүрөт түшүрүлгөн таштар капчыгайдын күн чыгыш тарабынан кандайдыр бир табият кырсыгынан көчүп түшкөндүгү даана байкалып турат. Бул таштарда аркандай сүрөт жана чиймелер тартылган. Ал таштарга күндүн, (солярные знаки) жыландын, куш сыяктуу жаныбарлар түшүрүлгөн. Падыша-Ата петроглифтеринде адамдын таш ыргытып жатканы жана үч баштуу ажыдаар адамдын борпусун соруп, (эротические сцены и плодородия ) жаткан сүрөтү жана түшүнүксүз сызылган чиймелер (лабиринт) тартылган.
Бул жердеги сүрөттөрдү б. з. ч. II миӊ жылдыктын б. з. I миӊ жылдыгына таандык деп, айтсак болот. Себеби, Саймалуу –Таш Петроглифтерине окшоштук жактары бар. Атап айтсак күндүн, жыландын жана адамдын жапайы жаныбар менен алышып, жаткандары.
Саймалуу –Таш Петроглифтери б. з. ч. II мин жылдыктан б. з. I миӊ жылдыгынын 1 – жарымына чейин Теӊир – Тоодо жашаган уруулар менен элдердин (сак, хунну, усун, түрк) социалдык-экономикалык жана руханий турмушун чагылдырып маалымат берет.
М. Асанбеков, Ч. Жолдошевалардын жазган материалдары боюнча « Жыландын образы байыркы жомоктордо көп эле жолугат. Ал көп учурда, зыяндуу, коркунучтуу күчтөр жана талкалоочу окуяларды билдирет. Мисалы: Ыйык Зороастра китеби Авестада жылан, кыйратуучу образда баяндалган»
Падыша-Ата петроглфтеринде да, ошол доордо жашаган элдердин кайгылуу окуясынан кабар берип тургандай.
Адам менен үч баштуу ажыдаар- «Табият менен адамдын мамилесин түшүндүрөт. Адам жаралгандан баштап табият менен жапайы жаныбарлар ортосунда тынымсыз күрөш жүргөн.» Бул сүрөт да ошол доордогу адам менен табияттын ортосундагы мамилени түшүндүрөт.
Академик А.П. Окладниковдун жазган маалыматы боюнча «Таш доорунда күндү Алтын мүйүздүү Бугу катары элестетишкен күн-түн дебей тынбастан нурун чачып Чыгыштан Батышка карай жүгүргөн. Ошондуктан коло доорундагы сүрөтчүлөр мүйүздүү Бугуларды күндүн формасында тоголок кылып тартышкан. » Орто Азия элдеринде Бугу Энеге сыйынуу жогорку деӊгээлде өнүккөн жана Түрк элдринин эӊ негизги «тотеми» болуп, Бугу жөнүндө көптөгөн жомоктор сакталып калган.
Ыссык-Көл, Талас өрөөндөрүндө күн сымал түшүрүлгөн Бугунун сүрөттөрү көп табылган. Табылган таштардагы сүрөттөр, байыркы Ата-Бабаларыбыздын айтып келе жаткан жомокторун тастыктап тургандай.
Таштагы лабиринт, жылан, адамдын үч баштуу ажыдаар менен алышып, жатканы. Жомоктордо оӊ жана терс каармандар байлык үчүн күрөшөт. Ал байлыктын табыш үчүн карта керек, ал тоолордо жана башка жерлерге жашырылган. Логикалык жактан караганда лабиринт бир байлыктын картасы ал эми жылан ошол байлыктын сактоочусу, адам байлык үчүн күрөшүп жатканы деп да түшүнсөк болот. Мындай жомоктор Кыргыз жана Дүйнө элдеринде көп жолугат.
Орто Азияда петроглифтерди изилдөө экспедициясы 1946-жылы башталган. Алар төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзүлгөн:
• 1946-жылы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Институту
тарыхый – археологиялык экспедиция уюштуруп кыргызстандагы петроглифтерин изилдешкен. Экспедиция учурунда Ыссык-Көл өрөөнүн Жукка, Кулансай капчыгайы жана Талас өрөөнүнүн жаӊы петроглифтер табылган.
• 1956-жылы № 10 мектепбинин тарыхий – археологиялык тобу Талас өрөөнүнүн
Теке-Таш, Курган-Таш, Терек, Кулан, Каракол, Куганды, Күркүрөө-Суу, Ур-Марал деген жерлеринен жаӊы таш бетине түшүрүлгөн сүрөттөрдү каттоодон өткөрүшкөн.
• 1960-жылы Талас өрөөнүнүн жаӊы таш бетине түшүрүлгөн сүрөттөр табылган.
• 1968-жылы Батыш Тянь-Шандан жаӊы коло дооруна таандык, таш бетине тартылган сүрөттөр табылган.
• 1970-жылы дагы Талас өрөөнүнө археологиялык изилдөө иши жүргүзүлөт.
• 1980-жылы Тянь-Шань, Түштүк Сибир жана жогорку Енисейдин петроглифтери изилденген.
• 2005 – жылы мергенчилер тарабынан Падыша-Ата петроглифтери табылган, ошол эле жылдын июль айында ЖаМУ нун СГФ факультетинин Ата Мекен кафедрасынын тарыхчылары, Кашка-Суу айыл округуна караштуу Үчкемпир Турдубаев атындагы № 26-орто мектебинин тарых мугалимдери менен биргеликте барышып, катоодон өткөрүп келишкен.
Коло доорунда ( Бронзовый век ) Евразияда анын ичинде Орто Азияда эки маданияттын өнүгүүсү өкүм сүргөн Андронов маданияты (андроновская культура ) жана Чуст маданияты. (чуст-кайраккумской культура ) Андронов маданиятында – көчмөн (кочевник) мал чарбачылык жана метал иштетүү жакшы жолго коюлган. Чуст маданиятында жер иштетүү, дыйканчылык жогорку деӊгээлде өнүккөн.
Падыша-Ата аймагында андронов маданияты ън\ккъндугун байкасак болот. Жоон-Бакан жана Сары-Үӊкүр сайларында темир кендерин (шахта ) казып алуучу жайлар болгон деп ишеничтүү айтсак болот. Себеби, ал жерден азыркы күнгө чейин темир калдыктары (шлаг) сакталып калган. Мындай дилилдердин бири, Үчкемпир Турдубаев атындагы № 26-орто мектебинин «Край таануу » музейинин экспонаттарынын арасында аталган маданиятка таандык « жаргылчак » (Кол тегирмен) сакталып турат. Петроглифтер да Андронов маданиятынын өкүлү болуп эсептелет.
Коло доору Орто Азия жана адамзат тарыхынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон. Б.з.ч. III мин жылдыктан б. з. ч. X-VIII кк. чейинки мезгилди камтыйт. Анын ичинде кыргызстанда экономикалык жана тоо-кен иштетүү жагынан өтө өнүккөн. Бул доордо кыргызстанда Эне бийлигинин Ата бийлигине өтүү жараяны (процессии) өкүм сүргөн. Колодон жасалган (жез менен калайдын кошулмасы) эмгек куралдары, тиричилик буюмдарын жасоону үйрөнүшкөн. Ошол колодон жасалган зубила жана башка металдан жасалган предметтер менен таш боорлоруна жазуу, сүрөт, чиймелерди тартышкан.
Табияты кооз, суусу – абасы таза жана жапайы айбанаттарга бай, Падыша-Ата аймагындагы мындай баалуулуктар, байыркы сүрөтчүлөрдүн да кызыгуусун арттырса керек. Анын далили катары жогоруда көрсөтүлгөн сүрөттөр, петроглифтер жана тарыхчы илимпоздордун илимий пикирлери.
Падыша – Ата петроглифтери, толук изилденип бүтө элек бирок, азыркы убакта табылган илимий далилдерден улам Коло доорунан (Б.з.ч. III миӊ дылдыктан б. з. ч. X-VIII кк.) баштап эле Аксы өрөөнүндө элдердин жана уруулардын жашагандыгынын толук тастыгы. Келечектеги изилдөөлөрүм Аксы аймагында жашаган элдердин жана уруулардын социалдык-экономикалык жана руханий турмушунан көбүрөөк илимий материалдарды ала алам деп ишенем.
Бирок, дагы бир айтып кетүүчү нерсе ушундай тарыхый байлыктарыбызды Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын камкордукка албастан, кайдыгер көз карашта болуп жаткандыгы өкүндүрөт. Мисалы: биз сөз кылып жаткан петроглифтер, Падыша-Ата күмбөзү, Муг күмбөздөрү жана башка маданий жана тарыхый эстеликтер.
Кыргыз Республикасынын « Муниципалдык менчик » мыйзамынын 3-беренесинин 10- пункттунда « Жергигилктүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтери ». 6-беренесинин 2-пункттунда « Менчик маданий же тарыхый мааниге ээ болгондо же башка коомдук пайдалуу максаттарда пайдаланылган учурда » деп, маданий жана тарыхый жайлар Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын менчиги болуп саналат деп, так жана данаа кыргыз тилинде да орус тилинде да жазылган.

Камчыбек уулу Шекербек.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *