Фотобаян – Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Бишкектеги жаӊы мечиттин курулушу менен таанышты

Кечээ, 29-июнда КР Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ордо калаада жаӊы курулган мечитте болуп, анын имараты менен жеринде таанышты. Жаӊы курулган мечит өлкө аймагындагы эӊ ири мечит болуп калышы ажеп эмес. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мечиттин долбоору боюнча Кыргызстан менен Түркиянын муфтияттары биргелешип иш алпарып, түрк тарап анын курулушуна 25 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүп берген. Мечиттин бийиктиги 40 метрге, ал эми анын мунараларынын бийиктиги 70 метрге чейин жетет.

Анын имараттары толугу менен Түркиядан алынып келген мармар таш менен капталган. Курулушка жергиликтүү материалдар да колдонулду. Имараттын ички бөлүктөрү түрк чеберлери тарабынан кооздолду. Андан тышкары, мында «жылуу пол» менен видеобайкоо жабдуулары, лифттер орнотулду. Ошондой эле, зыяратка келгендер автомашиналарын өзүнчө жайларга токтото алышат.

Төрага Дастанбек Жумабеков мындай ири курулуш көп сандагы момун мусулмандардын зыярат кылуусуна мүмкүнчүлүк берип, ордо калаанын архитектуралык түзүлүшүнө көрк кошо турганын белгиледи.

 

1 ой-пикир

  • Пенсионер says:

    Мечит курганды токтотпойсунарбы? Мечит кобойгон сайын ыйманынар ыдырап жатат. СССР убагында мечит ар бир областа эле бар болчу азыр 2000. Ошондо мектеп, детсаддарга конул бурулуп жаштарыбыз билимдуу эле. Азыр жаштар 2ге 2ни кошо алышпайт, аттарын жаза алышпайт бирок кечке намаз окушат. Религия келечекте ошол жаштардын уй-булоосун багабы? Адам канчалык сабатсыз болсо ошончолук башкаруу оной. Ошондуктан религияны аябай жайылтып жатышат. Бизди манкурт кылып, баш ийдирип, олкону каалагандай уурдап-тоноп башкаруу учун. Минтсек жаштар сабатсыз, карангы, олкобуз Афганистан болот.Пенсияга чыкканда бекер жатып кечке намаз окушса болот. 5 маал намаз окугандын бири Атамбаев, ууру депутаттар. Ал эми чумконгон кыргыз кыздары кускунду келтирет. Качан биздин кыздар чумкончу эле? Бул тазалыктын белгиси эмес. Элде соз бар: “бети жабык к…у ачык” деген. Бул соз бекеринен чыккан эмес.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *