Фоторепортаж – Алмазбек Атамбаев 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революцияга арналган эстелик гүлбакчага барды

Алмазбек Атамбаев кечээ, 24-мартта, 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революцияга арналган эстелик гүлбакчага барды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Ахунбаев жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде гүлбакча жасоо демилгеси Алмазбек Атамбаевге таандык.  Мамлекет башчысы тарабынан бул максатка 7 миллион сом бөлүнгөн болчу. Ал эми Бишкек шаарынын мэриясы жергиликтүү бюджеттен кошумча 1,3 миллион сом бөлгөн.

Президент гүлбакчанын жана анын тегерегинин жашылдандырылышы менен таанышты. Символикалуу түрдө дарак көчөттөрүн отургузуу болду.

Андан соң Атамбаев өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга, быйыл боло турган президенттик шайлоого жана башка олуттуу темаларга тийешелүү журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Иш-чарага ошондой эле 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциянын активдүү катышуучулары да катышышты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *