Гапаровдун “сырдуу” өлүмү же ажал чакырган Каныбек Досмамбетов

«Кыңыр иш кырк жылда билинет»-деп бекер айтылбаса керек да. Айрым учурда акыйкатты көөмп койгон менен ал акыры эң болбоду дегенде чөп да болуп өнүп чыгып, анан карасанатайлыктын көзүнө тикен болуп кирээри тууралуу уламыш жок жерден жаралбагандыр. Балким, төмөндө биз сөз кылаар окуя да бул уламыш сыяктуу акыры чындыктын толкуну уруп, жээкке сүрүлүп чыга келгендей таасир берет.

Эсиниздерде болсо мындан эки жыл мурун, тагыраагы 2016-жылдын 25-февралында Медакадемиянын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровдун өлүмү менен коштолтон окуя катталган. Ал маалыматка кайрыла турган болсок, Досмамбетов Каныбек башында турган Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын (АКСтин) 4-5 кызматкери Абдыкерим Гапаровду иш бөлмөсүндө пара менен кармоо опперациясын уюштурган. Жыйынтыгында өзүнүн иш бөлмөсүнөн коррупцияга шектелген Гапаров каза болгон эле. Бул иш болуп, өттү, кетти дейли. Эми кызыгы башка жакта. Мыйзам жолуна келе турган болсок, кимдир бирөөнү коррупция беренеси менен кармоо үчүн, кимдир бирөө арыз жазышы керек да. Ошол Абдыкерим Гапаровдун үстүнөн арыз жазды деп айтылган Епифанов Вячеслав Игоревич деген жаран так ошол окуя катталган күнү Кыргызстанда болгон эмес. Башкача айтканда ал окуяга чейин эле канча бир күн мурун Кыргызстандан чыгып кеткенин чек ара кызматындагы маалыматтар тастыктап олтурушат. Эми кызыктар башталчудай окшойт. Ошондо бул окуяны Каныбек Досманбетов өзү жомок катары токуп чыгып уюштурганбы? Эгер пара берип жаткан адам ошол маалда өлкөдө жок болуп атса анда Досманбетовдун тобу Гапаровду кантип «пара алып жаткан жеринен» кармашкан? Пара алдым эле деп жүрөгү кармап өлүп калуу деген да кандайдыр бир шек жаратпайбы? ‘Суроолор оголе көп. Бул боюнча кеңири маалымат алуу үчүн Досманбетовду издеп таба албадык, балким өзү гезиттен окуп калса үн катып коёр. Этикага ылайык анын да «чындыгын» чагылдыруу биздин милдет..

Булак: De-Факто

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *