Генпрокуратура премьер-министр Сооронбай Жээнбековго Тайырбек Сарпашевди кызматтан алууну сунуш кылды

Бүгүн, 9-февралда КР Генералдык прокуратурасы  премьер-министр Сооронбай Жээнбековго КР Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевди кызматынан кетирүү боюнча сунуштама жөнөткөнү белгилүү болду.

Генпрокуратуранын билдирүүсү боюнча Тайырбек Сарпашев мурунку президенттин уулу Максим Бакиевдин Бишкек шаарынын Скрябин көчөсүнүн  45-дарегинде жайгашкан, Уляна Пак деген жакындарына катталган жеке менчик кыймылсыз мүлкүн прокуратуранын эскертүүсүнө карабай башка бир жарандарга мыйзамсыз каттатып берген. Муну менен Сарпашев  “Коррупцияга каршы күрөшүү” боюнча мыйзамдын 14-беренесин бузган.

Булак: Кyrgyztoday.кg

1 ой-пикир

  • Абдыкерим says:

    Сарпашевдин маселесин Сооронбай эмес, “кожоюн” чечет. Бирок генпрокурор деле “кожоюндун” макулдугусуз мындай сунуш берип жибере албасын эске алганда Сарпашевге “кожоюндан” терс ишаара болгонун андоого болот. Демек чемоданды жыйнай берчу кез келиптир Тайырбек мырза.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *