Генпрокуратура, УКМК, Каржы полициясы президентке Кыргызстандагы 100 коррупционердин жашыруун тизмесин түзүп берген, анын ичинде Раим Матраимовдун ысымы жок

Президенттин суранычы менен КР Коопсуздук кеңешинин координациясы алдында Генпрокуратура, УКМК, Каржы полициясы биргелешип, президентке Кыргызстандагы 100 коррупционердин жашыруун тизмесин түзүп беришкен. Алардын ичинде мурун коррупциялык иштерге шектелип кылмыш иши козголгондор жана кайсы бир кадамдары менен коррупциялык кадамдарга барууга жөндөмдүү же барышы мүмкүн деп эсептелген мамлекеттик кызматкерлердин ысымдары бар. Бул тууралу биздин Ак үйдөгү жеке булактарыбыз кабарлады.

Президент ал тизмедегилерди мамлекеттин тармактарын башкарууга пайдаланбоо, кайсы бир саясый күчтөр тарабынан алардын талапкерлиги жылдырылып калса мамлекеттик жооптуу кызматтарга өткөрбөө максатында пайдаланат экен. Биздин булактын айтуусунда ал 100 коррупционердин ичинде Алмаз Атамбаев кыйкырып жүргөн Раим Матраимовдун ысымы жок. Демек Атамбаев адатынча калп айтып жүрөт, ал эми Генпрокуратура, УКМК, Каржы полициясы калп айтпаса керек. Эгер Матраимов коррупционер болсо Атамбаев аны өзү бийлик кылган 7 жыл ичинде камайт эле да. Жанында 7 жыл кошо алып жүрбөдүбү. Иши кылып, эми Кыргызстандагы 100 коррупционердин мындан аркы карьерасына чекит коюлду. Бул жакшы көрүнүш. Мамлекеттик кызматкерлер, эми уурулук кылбай, Президенттин коррупционерлер боюнча көмүскө тизмесине кирип калбаганга аракет кылгыла.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *