Гүлдөй бер, Түрк аба жолдору

 

Эмки саякатыбыз түрк элинин тарыхы, сыймыгы болгон султандар жашап өткөн сарайларга болмокчу.

Turkish Airlines  компаниясы ММК үчүн уюштурган бул иш-чарага 18 мамлекеттен 100гө жакын журналисттер келгенин өткөндө айтып өткөнбүз. Келгенден бери орус тилдүү КМШ өлкөлөрү болгон Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандан келгендер дароо бири-бирибиз менен жакындан таанышып бир туугандай боло түштүк. Келген күнү эле “whatsapp”тан  группа түзүп, телефон номерлер менен алмашып, бири бирибизди сүрөткө тартып жакын болуп кеттик. Аталган мамлекеттерден башка Япония, Кытай, Малайзия, Сингапур, Индия, Монголия, Корея сыяктуу мамлекеттин өкүлдөрү менен англисче билгендер таанышып жатышты. Turkish Airlines  компаниясынын маркетинг жана сатуу бөлүмүнүн менеджери Жибек Камшыбаева баштаган казак кесиптештерибиз Ирина, Дана, Еркебулан жана Арман менен ошондой эле Тажиксандан келген кесиптештер Лайло Касымова жана Мухамад Егамзод менен бир туугандай боло түштүк. Ал эми бизден «Акипресс» сайтынан Гүлнара  Бейшекеева, «Zanoza. Kg” сайтынан Светлана Моисеева жана Түркия  элчилигинин  басма сөз  кеңешчисинин  жардамчы -котормочусу  Айзада Сарбагышева менен  бир үй-бүлөдөй  болуп чогуу  жүрдүк.

Картинки по запросу дворец топкапы турция

Топкапы сарайы

Ошентип автобус бизди бир базарга алып келди. Бул жерде түрк элине тиешелүү болгон атактуу «Рахат-лукумдун» түрлөрү, ар кандай таттуулар, жаңгактар сатыла турган базар экен. Биздин чет элден келгенибизди байкагандыктанбы же өздөрүнүн баасы эле ушунча кымбатпы, айтор биздин баага айлантканда биз үчүн кымбат болуп калат экен. Ошентсе да балдарга базарлык деп лукумдан баарыбыз алдык. Ал базардан алыс эмес жерде жайгашкан  Топкапы сарайына бет алдык. Түрк элинин атактуу «Даңазалуу доор» аттуу тарыхый  кино тасмасы дүйнө элине көрсөтүлгөндөн бери Султандар жашап өткөн сарайды көрүү көп эле көрүүчүлөрдүн каалоосу болсо керек. Мен дагы бул тасманы көргөндөн кийин сөзсүз көрүп келүүнү максат кылдым эле.

Эми минтип тилегим аткарылып Топкапы сарайынын алдында турабыз. Журналисттик күбөлүгүбүздүн негизинде биз кирүү билетин сатып алган жокпуз. Негизи сарайга кирүү акысы 40 лир (900 сом) экен. Ал эми гаремге кирүү өзүнчө 25 лир (550 сом). Сарайга кире бериш жерде аэропортко киргендей бардык текшерүүдөн өткөрүп анан гана киргизет. Кирүү үчүн кезек күткөндөр абдан эле көп.  Көптөн бери  эңсеген сарайдын короосуна кирип, залдарды аралап жүрүп кайрадан «Даңазалуу доор» тасмасы эсиме түшүп, бул сарайда  эмне деген гана тарыхый жылдар, эмне деген гана түрк элинин тарыхына өчпөс из салган адамдар жашады экен деп ойго баттым. Бирде султан Сулеймандын, бирде Ибрагим пашанын, бирде Хюремдин элестери тартылып, Сүмбүл ага алдымдан чыга калчудай топ элдердин арасынан караанын издедим. Ал эми сарай жактан Мармар деңизин карап туруп түрк Султандары да ушул жерден деңизди ойлуу карап, сулуулукка суктанып деңиз жактан соккон айдарым желге жүздөрүн тосуп турса керек деп ойлодум.

Топкапы сарайы Мехмед Султандын буйругу менен 1475-1478-жылдары салынган. Андан кийин Султан Сулеймандын доорунда Хюрем султандын өтүнүчү менен сарайдын ичине гарем салыныптыр. 1923-жылдан баштап Топкапы сарайы музей болуп калган экен. Осмон империясынын 6 кылымдык тарыхын камтыган бул сарайда  дүйнөлүк маанидеги тарыхый чечимдер чыгып, атактуу 25 түрк Султандары жашап өтүптүр. Топкапы сарайы 700 кв/м жерди ээлеп, тегереги 1400 кв/м дубал менен курчалган. Ошондой эле  Топкапы сарайы өзүнүн көркөмдүгү менен 19-кылымга чейин Султандардын сарайы статусун кармап турган жана Стамбул шаарынын ушул кезге чейин тарыхый байлыгы болуп эсептелет.

Сарайды айлана сүрөткө түшүп жатып ичи көңдөй болуп оюлуп калган эски даракты көрүп, оюлган ичине кирип сүрөткө түштүк. Далай тарыхтын күбөсү болгон бул карт дарак канча Султандарды көлөкөсү менен далдалады экен деп ойлоп жатып кайрадан Султан Сулеймандын даракты жеп жаткан кумурскаларга зыян келтирбей башка жакка көчүргөн боорукерлигин, бирок акыйкаттык үчүн  балдарын да аябаган катаалдыгын эстедим. Кумурскалар ичин оюп жеп койсо да бутактарын жайылтып өсүп жаткан карт даракты карап туруп канча душманды жеңип, мамлекетин гүлдөтүп өстүрүп жаткан түрк мамлекетине салыштырдым. Ылайым Түрк боордошторубуздун тамырлары тереңге кетип, канат-бутактары жайылып гүлдөп өсө берсин!

Картинки по запросу мечеть султанахмет

 Султан Ахмет мечити же Көгүш мечит

Эми баарыбыз Султан Ахмет мечити же көгүш мечит деп аталган мечитке келдик. Бул мечит 1609-1616-жылдары султан Ахмед1-нин буйругу менен, кадимки Султан Сулеймандын мечитин салган атактуу архитектор Синан Аганын  шакирти Седефкар Мехмет Аганын долбоору менен салынган экен. Мечитке кирүү акысыз. Кире бериште бут кийимди чечип, аялдар үчүн атайын тигилген кийимдерди кийип ичине кирдик. Бул мечиттин көгүш мечит аталып калышынын себеби изник керамикасы менен кооздолуп, көгүш, агыш түстөгү сыр менен сырдалыптыр. Мечиттин куполдору, дубалдары көгүш түстөгү оймо-чиймелер менен кооздолгондуктан 260 терезеден түшкөн жарык мечитти көгүш түстө кылып көрсөтөт. Ошондуктан Султан Ахметтин ысымы менен аталган бул мечитти европалыктар Көгүш мечит деп атап  коюшуптур.

Кечинде RADISSON BLU HOTELге кайтып келдик. Баса бул отелдин эки кишилик номерлеринин бир күндүк баасы 90 евродон жогору экен. Ар бирибизге эки орундук болгонуна карабай бирден номерге жаттык. Жүктөрүбүздү алып эми үйгө кайтуу үчүн аэропортко жөнөдүк. Казакстан, Кыргызстан, тажикстандыктардын учуу саатынын айрымасы  40 мүнөт, бир саат болгондуктан баарыбыз чогуу бизнес залга келдик. Ушунчалык чоң залда түрлүү тамак-аштар, кофе, чай, суусундук, ширелерди каалаганча жеп- ичкенге болот экен.

Тамактангандан кийин биринчи Лайло менен Мухамадды узаттык. Андан кийин казак достор кетишти. Акырында биз  учууга даярдандык. Ордубуз бизнес класс болгондуктан жүргүнчүлөрдүн баары орун алгандан кийин акырында барып отурдук. Орун алаарыбыз менен жүздөрүнөн жылмаюу кетпеген татынакай түрк стюардесса кыздар ширелердин түрүн жана ар кандай пирожныйларды  көтөрүп келишти. Ал эми меню менен жаккан тамакты тандап алса болот экен.

Бишкекке учуп келгенче  атын Буржу Пала деп тааныштырган стюардесса кыз улам-улам чай, кофе, ширелерди алып келип, дагы эмне керек деп илбериңки сурап жатты. Кыскасы, Turkish Airlines   авиакомпаниясы уюштурган бул саякат өзгөчө жакты. Баса, аталган компаниянын учагы менен Бишкектен Стамбулга бизнес класс менен учуу акысын карап көрсөм 1590-1850 доллар экен. Барып-келиш жолубуз, мейманкана, үч маал тамак-аш, ар кандай саякат жана авто унаа акысын орточо санап, аларды 100 адамга көбөйтүп көрүп укмуштай көп акча болорун ойлоп, Turkish Airlines   авиакомпаниясы мындан да бай жана дүйнөдөгү алдыңкы компаниялардын бири боло беришин тиледим. Ылайым Түркия мамлекети гүлдөп өсө берсин!

Бишкек-Стамбул-Бишкек

Лариса Асанбекова

Булак: “Асман плюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *