Гүлнара Каримованын абактан чыккандыгы кабарланууда

Иман Каримованын Instagram баракчасына жарыялаган билдирүүсү.

Батыш өлкөлөрүнүн телекоммуникациялык компанияларынан ири суммада пара алган деп айыпталып жаткан Өзбекстандын маркум президентинин кызы Гүлнара Каримова абактан чыкты. Мекенинде ал беш жылга эркинен ажыратылган.

Мындай маалымат 1-октябрда Гүлнара Каримованын кызы Иман Каримовага таандык делген Instagram аккаунтка жарыяланды. 28-сентябрда «Фергана» агенттиги Иман Каримова Ташкенттен Лондонго учуп кеткенин жазган.

​Бирок өлкөнүн Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова эркиндикке чыккандыгы тууралуу маалыматты четке какты. «Каримова мыйзамга ылайык жазасын өтөп жатат», — деп билдиришти көзөмөл органдан. Бирок анын кайсыл иш боюнча жазасын өтөп жатканын так айтышкан жок.

Буга чейин европалык телекоммуникациялык компаниялар АКШнын Юстиция министрлигине берген көрсөтмөлөрүндө Гүлнара Каримовага бир миллиард долларга жакын пара беришкенин мойундарына алышкан. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы болсо Каримованы салык органдарынан бир нече триллион сум жана эки миллиард долларга жакын кирешесин жашырууга, ошондой эле башка бирөөлөрдүн мүлктөрүн ээлеп алууга айыптаган.

«Азаттыктын» өзбек кызматы Гүлнара Каримова үй камагына чыгарылгандыгы тууралуу маалыматка быйыл августта ээ болгон. Анда укук коргоо органдарында иштеген чиновниктердин бири Ташкент облусундагы аялдар абагында кармалып турган Каримова экиндикке чыгып, Ташкенттеги үйүндө экенин билдирген.

28-сентябрда Иман Каримова Ташкенттен Лондонго учаар алдында аэропортто компьютери дыкат текшерилгенин жазган. 1-октябрда болсо апасы үйүндө экенин билдирди.

Иман Каримованын Instagramдагы билдирүүсү'е.
Иман Каримованын Instagramдагы билдирүүсү’е.

Былтыр 28-июлда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримовага каршы кылмыш иши козголгонун билдирген. Анда Ислам Каримовдун улуу кызы 2015-жылы беш жылга эркинен ажыратылганы кабарланган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *