Гүлсайра Момунованын 80 жылдык салтанаттуу мааракеси өтөт

Бүгүн, 2018-жылдын 5-январында саат 17:00 дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң залында Кыргыз Эл акыны Гүлсайра Момунованын 80 жылдык салтанаттуу мааракесине арналган иш-чара болуп өтөт. Бул туурасында Маданият министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Гүлсайра Момунованын 30 дан ашуун ырларына обондор жазылып, эл арасында ырдалып жүргөнү көпчүлүккө маалым.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов, акын-жазуучулар, чыгармачыл интеллигенция, акындын чыгармачылыгын баалаган окурмандары, күйөрмандары катышышат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *