Гүлжайна Атаканова, куудул: «Сүзмөнүн ичинде кат эзилип калыптыр…»

Айылдан биринчи жолу шаарга келгендеги күндөрдү баарыбыз эле унутпасак керек. Чоң-чоң үйлөр көзүбүзгө мунара сезилип, шаардын зымылдаган жолдору таң калтырып, конүшүп кеткенче далай окуялар болот эмеспи. Бүгүнкү “Мен айылдан келгенде” аттуу рубрикабыз дагы көнүлдү көтөрүп, сиз айылдан келген күндөргө жетелеп батат деп ишенебиз.

«2000-жылы таякемдерди ээрчип шаарга келгем. Эми чоңоюп 11-классты бүтүп келсем дагы өзүмдү кичинекей эле кыздай алып жүрчү экенмин. Азыр эле шаардык болуп кетпедимби. Ал убакта телефон деген жок, айылдык бир таанышымды көрүп калсам чуркап барып учурашчумун. Шаар көзүмө укмуш көрүнгөнү менен айылды са­гынып боздоп ыйлачумун. Апам таксилерден мага тамак-аш, сүзмө берип жиберчү. Бир күнү барып апам берип жиберген сүзмөнү алып жатсам эле ичинде кат жүрөт. Эзилип калыптыр, бирок тамгалары окулду. Окуп алып ыйлап жатам, эмнеге ыйлап жатканымды өзүм деле билбейм. Шаарга келгенден соң 9 ай өткөндөн кийин айылга баргам. Азыр деле айылга көп барам дечи, бирок ошондогудай сезимдер жок».

Булак: Де-Факто

2 comments

  • Аika says:

    Жайна кечирип кой, бирок, билим жагынан , руханий байлык жагынан абдан эле тайкы экенин суйлогон создорунон билинип турат. Тарбиялык, адамдык насил жактан суйлогон создорун нол. Туштуктун келиндери кочо шыпырат деп тантып атып, элди бөлүп бүттүң. Ошондон көрө башка жумуш кылчы. Суйлобой эле койчу. Сөз байлыгын болсо кочө создөр менен гана куралган. Элдин козүнө корүнбөй эле койгонуң кыфргыз үчүн абдан жакшы кызмат болот сен тарабынан.

  • Азамат says:

    Мен да кошулам. Ушакчы катындын образы, грубиянканын образын жараткандан башка иш кылгынан коргон жокмун. Бок ооз аябай, ага биздин кыздар уйронсо жаман эле болотко

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *