Халматов менен Сыдыкбаев докторлук иштерин коргоого киришишти

Биздин гезит менен үзбөй кызматташып, омоктуу ойлорун окурмандар менен бөлүшүп келген эки каарман бар. Бири медицина илиминин кандидаты Абдимиталип Халматов болсо, экинчиси саясый илимдердин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаев. Өз адистиктеринин кесипкөй инсандары ушул күндөрү илимдеги докторлук иштерин бышыкташып, илимий иштерин коргоого камынып жатышканын эшиттик. Учурда илимге мамлекет ийненин көзүнчөлүк жылуу мамиле кылбаган шартта, өздөрүнүн «таман акы, мавдай терлери» менен иш жакгоо алдында турган каармандарыбыздын жакшылыктарына ортоктош боло ийгилик каалап коюуну туура көрдүк. Ылайым илимдеги эмгегиңердин үзүрү элибиздин жаркын келечеги үчүн жумшалышына тилектешпиз.

Канжар Борпошов

Булак: ”Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *