Хейли Орусиянын АКШ шайлоосуна кийлигишүүсүн “согуш” деп атады

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Орусиянын 2016-жылдагы америкалык шайлоого кийлигишүүсүн “согуш жүргүзүү” деп атады.

Бейшембиде Жордж Уокер Буш институтунун конференциясында сөз сүйлөгөн Хейли: “Эгер кайсы бир өлкө башка мамлекеттин шайлоосуна аралашса, бул согушту билдирет”, -деп маалымдады. Дипломаттын айтымында, АКШнын президенттик шайлоо кампаниясы учурундагы Орусиянын аракеттери башаламандык жаратууга багытталган.

Америка бийлиги Орусия өкүлдөрү менен Трамптын шайлоо штабынын катышуучулары кутумга барган-барбаганын иликтөөдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *