Хиджабчан кызды зордуктоого аракет кылган таксист камалды

Хиджабчан кызды зордуктоого аракет кылган таксист кармалды. Анын өздүгү аныкталып, эки айга убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, жабырлануучунун дагы өздүгү аныкталган. Бирок, ал кыз уялганы үчүн алгач арыз жазуудан баш тарткан.

Эскерте кетсек, окуя 26-ноябрь күнү кечинде болгон. Эки жигит “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унаанын ичинен чыгып жаткан кыйкырыкты угуп, жардамга келишсе, 49 жаштагы таксист жүргүнчү кызды зордуктоого аракет кылгандыгы белгилүү болгон. Айта кетсек, тергөөнүн жүрүшүндө таксист мындан мурда дагы боюнда бар аялга асылгандыгы аныкталган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *