“Ичи тар итине бок бербейт”

“Ичи тар итине бок бербейт”. Ушинтип илгеркилер айтса жаш кезде мээбизге жетип-жетпей кала берээр эле. Көрсө ичи тарлык бир балээ экен. Өзү боло албаган, болгонду көрө албаган, бу дүйнөгө келип калганын эле башкаларга милдет кылып, эзели кабагы ачылбаган, кем жаралып калган элдин кем дүйнөсү экен.

Кемдин эмне экенин билген кайран кыргыз ичи тарларды эзели эл-журт башкарууга, маселе чечкен аксакалдыкка жакын жолоткон эмес. Эми бир байкуш жүрсө жүргөндүр деп, кара аламандын ичинде ысык-суугу билинбей кала берген.

Бирок кыргыз коому көргүлүктү совет бийлиги орноп жатканда, кийин контур заманында ошол ичи тарлардан көрүп, аттуу-баштууларынын баарын чалгы чапкандай кайра-кайра шылытып, күлгүнүндө күм-жам кылып о дүйнөгө узатып, бир күйгөн.

Кийин ичи тарлыктын кулк-мүнөзү мамлекеттик деңгээлге көтөрүлүп, бакан ооздук колдоого алынып, жакшыраак оокат кылгандардын баары суук тумшук көрүнө баштаганда гана кайран кыргыз эсине, акылына келип, адамдык, элдик жашоосун мамлекеттик жашоодон бөлүп алууга кудурет тапкан. Мамлекеттин мүлкүн уурдаганды эч ким ууру дебей калган. Колхоз-совхозду уурдап-тоногонду дээрлик эч ким бийликтерге айтып барбай калган. Тетирисинче, ким өкмөттүкүн жабылып жесе, көпчүлүк ырас кылып атыптыр деп колдоп, табалаар эле.

Ошол эле учурда эл эч убакта бири биринин мүлкүн уурдаган эмес. Малдын баары көчөдө эле байланып же алаң ачык короолордо камалып турчу. Дарбаза, коргон деген болчу эмес, эшиктерге кулпу салынчу эмес. Ичи тарлык менен бакан ооздук өз ийиндерине кирип, коомдук коркунучтуу көрүнүш болбой калган.

Анан Совет бийлиги кулады. Ал кыргызга чымын чаккандай деле болгон жок. Капиталисттик шылуундардын доору келди. Эмгекке жарамдуу элдин жармы жан бага албай тентип кетти. Калганы отуз жыл бою очорулуп бутуна тура албаган илең-салаң турмуш кечирүүдө.

Биз көкүрөгү көрлөр айтып жүргөндөй географиялык тупикте же туңгуюкта эмеспиз. Биз тогуз жолдун тоомундабыз. Бир жагыбыз чарбасы гүлдөгөн чоң Кытай. Бир жагыбыз жумушчу күчүн батыра албаган Өзбекстан. Бир жагыбыз кен байлыгы менен жер байлыгын батыра албаган Россия менен Казакстан… Бириникин бирине алып сатып коюп эле жыргап жашаар шартыбыз бар. Алып сатпасак, алардын бири бирине каттаар жолун салып берип, ошону тейлеп эле ойноп жашаар мүмкүнчүлүгүбүз бар…

Жок. Биз ичибиздин тарлыгынан отуз жылдан бери ошол иштин бирин жасабай келебиз. Кокуй, коңшулар өнүгүп кетпесин деп…

Бул эми саясат экен. Муну тим коёлу. Элдеги, өз ичибиздеги эле ичи тарлыкты айталычы. Эмне үчүн биз жакшынын кадырын билбейбиз?

Бишкекте бир уйгур эки бир туугандын “Фаиза” деген ашканасы бар. Эл кырылат кезекке туруп. Эки бир тууган эки ашканага кароолчу таңдан кечке чейин. Биздин кичине эле көзүбүз мындай болсо тамактын сапаты кетет дейт. Ошондуктан жылбай турабыз ушул жерде дейт. Элди үймөлөктөштүрбөй ашкананын санын, аянтын көбөйтө берсек деле болот, бирок анда тамактын сапатын сактап калууга кепилдик жок. Биз үчүн тамактын сапаты номур биринчи иш дейт.

Акча жасабай, тамактын, товардын, тейлөөнүн сапатын жасайын деген кыргыз көрүнбөйт. Сөзүбүз болсо асмандын башында. “Жаңыбайдын самсасын”, “Хашимдин бейтапканасын” жасайын деген бир-эки кыргыз чыкса итче тытып жеп койгондон кайра тартпайбыз.

Чынында эле ракты айыктырам деген сөз энеңдин оюнубу?! (Кээде ушинтип сөгүнбөскө аргаң жок калат) Бир кыргыз табып онкологдор өлөсүң деп чыгарып салгандарды жыйнап, көпчүлүгүн айыктырып жиберип жатса, ошого жардам берип, ыкмасын жайылтып, миңдеген шордууларга келген шыпааны пайдаланып калгандын ордуна, табыпты төө басты кылып тебелеп, бейтапканасын жаптырып жаткан карасанатайлыкты карап турган эл элби да, коом коомбу?!

Фейсбукта деле ошо. Хашимди да, анын бейтаптарынын да кыпындай ысык-суугун көрбөй, билбей туруп, оозуна алы жетпей жаман сөз айткандар иттин кара капталынан. Жаман сөз, ичи тарлык кыстарылбаган бир дагы жакшы жарыя көрө албайсың. Же бир артында кызыкчылыгы болсо да мейли го. Жөн гана, таптаза, дырдай жылаңач ичи тарлык. Кооз нерсени бузуудан, жакшыга бок шыбоодон ыракат алуу. Өздөрү ошол иштин кыпынын да жасай албайт. Бирок жасагандарды карап турат, кантип, кайсы жеринен чалып, жайлап салсам деп.

Ооба, ичи тарлар бул жашоонун сасыткылары, сасыктары, кем акылдары. Бирок аларды коомдук күчкө айлантып, мамлекеттик деңгээлге чыгарып жиберсек, анда жакшылардын деле барынан жогу…

Бейшенбек Бекешов, журналист

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *