Ичимдикке берилген айымдардын саны өсүп баратат

Кыргызстанда ичимдикке берилген аялдардын саны жыл санап өсүүдө. Бул туралуу 11-апрелде “Дарыгерлер тынчсызданууда – Кыргызстанда ичимдикке берилген аялдар менен баңгизат колдонгон еспүрүмдөр көбөйүүдө» деген маселенин алкагында өткөн маалымат жыйында айтылды.

Улуттук наркология борборунун дарыгери Венера Жанузакованын айтымында, көпчүлүк ичимдикке берилген айымдар бул дартты оору катары эмес адат катары эсептешет. Аларда бул маселе менен дарыгерге кайрылуу уят деген ой калыптанып калган. 2016-жылы ичимдикке берилген деп 3 мин, 601, ал эми 2017-жылы 3 мин 961 аял катталган. Дарты менен күрөшуү үчүн дарылангандардын саны 2016-жылы 507 болсо, 2017-жылы 607 адамды түзгөн.

Булак: ”Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *