Ичүүчү суу менен камсыздоо секторунда 2017-жылы кол коюлган макулдашуулардын жалпы суммасы 100 млн АКШ долларын түздү

Ичүүчү суу менен камсыздоо секторунда 2017-жылы кол коюлган макулдашуулардын жалпы суммасы 100 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 17-апрелде, Өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» фракцияларына отчет берип жатып айтты.

Өкмөт башчы өткөн жылы жалпы суммасы 100 млн АКШ долларын түзгөн 7 макулдашууга кол коюлгандыгын, анда кредиттер –47,5 млн долларды, гранттар – 51,3 млн долларды түзгөнүн маалымдады.

Аны менен катар Өкмөттүн 2017-жылдагы ишинин жыйынтыктарын айтып жатып, Сапар Исаков арзан турак жайдын санын көбөйтүү үчүн ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставка 10-12%дан 8-10 %га чейин түшкөнүн жана баштапкы салымды төлөй албаса, кошумча күрөө коюуга уруксат берилгенин, 2017-жылдын аягына карата «Мамлекеттик ипотекалык компания» тарабынан 2,7 млрд сомго 2440 ипотекалык кредит берилгенин белгилеп кетти.

Андан тышкары Сапар Исаков 2017-жылы бюджеттин эсебинен 5,7 млрд сомго 440 объект каржыланганын, анын ичинде социалдык маданий багыттагы 284 объект, алардын ичинен 98 социалдык объекттин курулушу жана капиталдык ремонту толугу менен бүткөнүн маалымдады.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *