III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кандай өттү? Ийгиликтери менен кемчиликтери

“Той да болот, тойдун эртеси да болот”, — ​демекчи, өткөн жумада, 2–8-сентябрь күндөрү Кыргызстан, кыргыз эли үчүнчү ирет Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрдү. Биз да 1-сентябрда Бишкектен Чолпон-Атага, андан ары 3-сентябрда Кырчын жайлоосуна чет өлкөдөн келген расмий делегацияны коштоп баргандыктан, өз көзүбүз менен көргөн ийгиликтер менен айрым мүчүлүштүктөр тууралуу бир аз сөз кылуунун учуру келип турат. Демейде той өткөргөн адам деле конокторду узаткан соң кызмат кылгандарды чогултуп, жыйынтык чыгарат эмеспи. Арийне ийгиликтер менен кошо кемчиликтерди да өз учурунда айтып койсок, кийинки ушундай эл аралык деңгээлдеги иш чараларды өткөргөндө кайталанбастыр деген эле тилек.

Алгач белгилей кетүүчү жагдай, мамлекет казынасынын ички да, сырткы да карыздары астрономиялык чекке жетип турганда Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн зарылчылыгы жок деген пикирлер айтылган. Бирок бул иш чара менен кошо эски бийликтин күнөөсү менен эки жылдан бери артка жылдырылып келген Түрк кызматташтык кеңешинин саммитин өткөрүү, ага бүтүндөй түрк тилдүү мамлекеттердин президенттеринин келиши күтүлгөндүктөн, Көчмөндөр оюндарын сөзсүз өткөрүү жана эстафетаны башка мамлекетке берүү чечими кабыл алынгандыктан, артка кайтууга жол жок эле.

Бул ирет жалпысынан Көчмөндөр оюнуна спорттун 37 түрү киргизилип, 70 өлкөдөн 2000ге жакын спортчу катышты. Анда 594 медалдар топтому ойнотулду (174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло).

Жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар 40 алтын, 30 күмүш жана 30 коло медал (100 медаль) тагынып, биринчи орунду колдон чыгарышкан жок. Экинчи орунду 69 медал менен Казакстан, үчүнчү орунду Орусия ээледи. Орусиялык спортчулардын капчыгында жалпы 52 медал болду. Төртүнчү жана бешинчи орун Түркмөнстан (27–10 алтын, 5 күмүш, 12 коло) менен Өзбекстанга (33–7 алтын, 8 күмүш, 18 коло) тийди. Кийинки орундарды Венгрия, Иран, Монголия, Украина катары менен ээледи. Бирок 47 мамлекет бир дагы медал ута алышкан жок.

Ийгилиги: Кыргыздар дүйнөгө чыныгы көчмөн эл экендигин көргөздү

Бул күндөрү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндө көрсөтүлүп, АКШ, Европа жана Азия континенттеринин 56 өлкөлөрүнүн маалымат каражаттарынын 604 өкүлү катышты. Алардын ичинен 50сү телеканал, 12си радиостанция, 67си маалымат агенттиги, 48и газета жана 50сү эркин блогерлер. Оюндарды чагылдырууда дүйнөдөгү белгилүү, BBC, The New York Times, Financial Times, National Geographic Society, Associated Press, Канаданын «Journal of Nomads» журналы, «Aljazeera network», CCTV Кытай телеканалы, Казастандын «Хабар» сыяктуу бир катар маалымат каражаттарынын өкүлдөрү иштеди.

Мындан сырткары Көчмөндөр оюндарын 70тей жергиликтүү маалымат каражаттары чагылдырды. Алардын ичинен 26сы интернет басылмалары, жетиси радио, 30дан ашыгы мамлекеттик, облустук, жеке телеканалдар, 12си басылмалар. Айтор бул спорттук жана маданий иш чараны өлкөбүздүн эле эмес, чет мамлекеттердин миллиондогон жарандары көрүп, угуп, маалымат алып турушту.

Бул бир жума боюу дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар демейде революция, төңкөрүш, жакырчылык жана коррупция сыяктуу терс жактары менен гана таанылган Кыргызстанды жакшы жагынан таанып, кыргыз элинин байыркы, чыныгы көчмөндүк духу бар түпкүлүктүү улут экендигин билди дегендик. Айрыкча азыркы глобалдашуу же ааламдашуу доору бизге окшогон тарыхы терең болгон менен экономикасы алсыз, калкынын саны аз элдерди оп тартып, маданияты менен каада-салттарын куюн сымал учуруп кетип жаткан опурталдуу заманда дарыдай эле пайдалуу болду окшойт.

Эң негизгиси ысыкта тердеп-тепчип ныксыраган адам муздак душка түшүп сергигендей улам бир шайлоонун шайтан оюндары менен ар кандай саясый ызы-чуу, митинг, пикетке жыландын уусундай тумчуккан элибиздин духу, маанайы көтөрүлүп, келечекке оптимисттик маанай жаралды. Себеби Көчмөндөр оюндары бир гана спорттук эмес, маданий иш чаралар менен да коштолгондуктан, Кырчын жайлоосуна тээ Баткенден тартып келген алты дубандын өкүлдөрү өз ордолорун курушуп, каада-салт, ырым-жырымдарыбызды көрсөтүштү. Баарынан да миңге жакын боз үйдү тигүүгө мамлекеттик бюджеттен бир сом да жумшалбай, айыл өкмөттөр, райондук акимчиликтер жана облусттар, айланып келип, карапайым калк өзү көтөрдү. Алар бири колдо жасалган килемин, дагы башкасы кийиз, таар, шырдак сыяктуу буюмдарын этнобазардагы соодага коюп, сатып да пайда көрүштү.

Көрсө, адамзаттын келечеги же цивилизациясы илим, техника, компьютер эмес, улуттук каада-салттары, ырым-жырымдары, табигый жашоосу тура. Анткени океандын ары жагындагы Америкадан бери келген туристтер кыргыз элинин меймандостугуна күбө болушуп, жогоруда айтылган улуттук буюм-тайымдарын сатып алышты. Өзгөчө мегаполисттерде жашаган чет элдиктер табиятынын кооздугун сөз менен айтып сүрөттөй алгыс жайлоолорубуз менен арчалардын койнундагы боз үйлөргө түнөшүп, булактын мөлтүр кашка тунук суусун, кымызды ичишип, казанга жабылган токоч, каттама, куруттан ооз тийишип, ГМОсуз кой этин жеп, жандуу жаратылыштын күрөө тамырын да кармагандай болушту.

Каражат демекчи, бюджеттен 303,1 миллион сом бөлүнүптүр. Анын ичинен спорттук иш-чараларга 128 млн сом, анын 28 миллиону байге фондуна бөлүнсө, 100 млн сом уюштуруу, спортчуларды жайгаштыруу, иш-чараларды өткөрүү жайларын даярдоо, спорттук инвентарларды алууга жумшалган. Маданий иш-чараларга жети миллион сом гана жумшалган. Чет элдиктер, мынабу эле казак баурдастар болгону 5 млн. АКШ долларынын тегерегинде ушундай дүйнөнү дүңгүрөткөн иш чараны өткөргөнүбүзгө ишенбей, оозу ачылып калышты. Анткени жогоруда айтылгандай, бизде эч кандай театралдык иш чаралар үчүн кошумча декорация жасалган же чыгым кеткен жок. Табияттын кооздугу адам колунан жасалган баардык боёктордон ашып турат. Мындай жасалганы бир миллиард долларга да жасай албайсың.

Албетте, Көчмөндөр оюнунун тарбиялык мааниси, элибиздин турмушундагы орду тууралуу узак кеп кылса, ал тургай китеп жазса да болот. Бирок гезитибиздин көлөмүн эске алып, Кыргызстан мындан ары жакыр эмес, өнүгүп жаткан мамлекет, кыргыздар байыркы, түптүү, каада-салты менен маданиятын сактап калган, керек болсо ааламдашуу процессине каршы тура алган эл экендигибизди далилдеп, башыбызды бийик көтөрүүгө акыбыз бар десек болот.

Туризм департаментинин сары эсеби боюнча, Кыргызстанга бул күндөрү 60–70 миңдей чет элдик туристтер келиптир. Бул 2016-жылдагы оюндардан эки-үч эсе көп дегендик.

Эгер Кырчын жайлоосундагы ачылыш аземге 2016-жылы 30 миңге жакын адам келген болсо, быйыл бир күндө эле 150 миңдей адам келди. “Бут кирсе кут кирет”, — ​демекчи, бул ирет эки жыл мурдагыдан 5–6 эсе көп туристтин келиши ошончо акча кошо келди дегендик.

Кемчилиги: Эл аралык деңгээлдеги шарттын жоктугу

Театр кийим илгичтен башталгандай эле ар бир мамлекеттин инфраструктурасы, тейлөө маданияты аба мейкиндиги аркылуу учуп келген чет элдиктер үчүн аэропорттон көрүнөт эмеспи. Бул жагынан эң чоң деген жана эл аралык аталышы бар “Манас” аэропорту эгер үч эле самолет бир мезгилде конгондо конокторду тейлей албай тургандыгы же тардыгы көрүнүп калып жатты. Биз өзүбүз тосуп ала турган делегацияны утурлай барганыбызда жарым сааттын аралыгында Стамбулдан үч самолет келген экен, күткөн адамдарыбыз эки сааттай текшерүүчү өткөрмө залында туруп калышты. Аларды тосуп баргандар кошулуп, күтүү залында адамдар бири-бири менен түртүшүп калышты. Эгер уюштуруучулар кошумча паспорт текшерүү кызматын ачып же Көчмөндөр оюндарына атайын чакырылган делегацияны самолеттон түшөр менен эле өзүнчө, “Манас‑2” терминалынан өткөргөндө, мынчалык тыгын болбойт беле?

Себеби ушундай алгачкы башалмандык же уюштуруу иштериндеги кемчиликтер эле чет өлкөлөрдөн келген коноктордун көңүлүн кайт кылгандай болуп жатты. Андан ары волонтер деп аталган студенттер мойнуна бейжик жана атайын англис тилинде жазылган кийим кийип тосуп турушту. Эгер ушул эркек балдар улуттук баш кийимибиз калпак жана кыздарыбыз элечек менен тосуп алышса, чет элдиктерге чыныгы кыргыз элинин жүзү көрүнмөк.

Андан ары делегация мүчөлөрү аэропорттон эле Ысык-Көлгө атайын даярдалган машиналарда жөнөтүлүп жатты. Бирок биздин коноктор барган делегацияга халал мейманкана даярдалып (ислам мамлекетинен келишкен), намазканасы болгон менен самын, шампун сыяктуу майда-барат каражаттар жок экен.

Кечинде болсо конокторубузга Бостери айылы менен Чолпон-Ата шаарынан араң бир халал ашкана таптык. Кайсы кафе же ресторанга баш баксаң эле спирт ичимдиги турат. Анан кардарларга жагабы, жокпу, чаңкылдаган музыка кулагыңды тешет. Бул жагдай өзүбүз үчүн көнүмүш адат болгон менен чет элдиктер үчүн, айрыкча ислам мамлекетинен келген конокторго аябай терс таасир калтырып, алар экинчи келбей тургандай таасир калтырып жатты. Бир эле мындай иш чаралардын учурунда эмес, туристтик маалда да Ысык-Көлдө халал пляж, тамактануучу жайлар жана отелдер курулбаса, мусулман жана ислам мамлекеттеринен бай туристтердин келишинен үмүт кылбай эле койгон оң. Мындан тышкары бир да отелде же башка жайларда банкоматтарды кездештирбейсиң. Цивилизациялуу мамлекеттерде, айрыкча уурулук менен каракчылык күч алган биздин өлкөдө чет өлкөлүк туристтер акчасын бапыратып чөнтөгүнө салып жүрүшпөйт да.

Баарынан да 3-сентябрда Кырчынга барары барып, кайтарда кызык абалда калдык. Анткени бизге бөлүнгөн атайын машинанын айдоочусу алгач бир саат өзү жоголуп, аны араң тапкан соң “Такси менен эле өзүңөр кетип калгыла, айырмасы кандай, мен досторум менен оюн көрөм…”, — ​деп койсо болобу. Анын деңгээлин түшүнгөн соң айла жок Бостериге бозала чаң болуп такси менен эсен-аман жеткенибизге ыраазы болдук. Мына биздеги башаламандык жана уюштуруучулардын өздөрү чакырган делегацияга жасаган мамилеси.

Бирок Кырчынга эл ушунчалык көп баргандыктан, жол тыгыны болуп, элди, чет элдиктерди мындай кой, Түркиянын 1-айымы бир жарым саат туруп калып, азыр бир нече жетекчилер жоопко тартылары айтылууда. Себеби жолду оңдоп-түзөп, эки катар машина өтө турган кылып коюшкан эмес.

Баса, уюштуруучулар тарабынан суусу, башка шарттары бар, андан тышкары ар бир 50 метрге “Акы төлөнүүчү” ажатканалар курулган менен алар да жетпей, эл Эрмитаж музейине кезекке тургандай сааттап кезекте туруп калышты…

Эмилбек Момунов,

Булак: “Жаңы Ордо” 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *