ИИМ Алмаз Атамбаевдин кызы менен Райымбек Матраимовдун кайнежесинин ортосунда жаңжал болгонун ырастады

Бүгүн, 14-июнда КР Ички иштер министрлиги бир нече массалык маалымат каражаттарына 2017-жылдын 17-октябрында Алмаз Атамбаевдин кызы Д.А. менен Райымбек Матраимовдун кайнежеси Н.Т.нын ортосунда болгон жаңжалдын тарыхын ырастап айтып берди.

Көрсө 2017-жылдын 17-октябрында Атамбаевдин кызы Д.А. (экс президенттин биринчи никесинен Диана жана Динара деген эгиз кыздары бар) милицияга арыз жазып, саат 14.30.дар чамасында Бишкектин Ахунбаева жана Абая көчөлөрүнүн кесилишинде эки бейтааныш аял унаа токтотуучу жайды талашып, ага кол көтөрүшүп жана анын Тойота-Лендкрузер 200 үлгүсүндөгү машинасынын кузовун атайылап чийип салышты деп даттанган.

Октябрь райондук милициясы жаңжал болгон жерге чыгып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 234-бейбаштык беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошол эле күнү Атамбаевдин кызын тааныбай таарынтып алган Н.Т. аттуу жаран абакка алынган.

Соттук-медициналык экспертиза Атамбаевдин кызы Д.А. жеңил жаракат алган деп корутунду чыгарып берген. Ал эми техникалык экспертиза Атамбаевдин кызынын джипине 18632 сом зыян келтирген деп эсептеп чыгарган.

Бирок, кылмыш иши сотко келгенде эки тараптын элдешип алганына байланыштуу токтотулат.

Буга чейин КР Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов “Азия ньюс” гезитине интервью берип, анда анын кызматтан кетишине Атамбаевдин кызы менен өзүнүн кайнежесинин жаңжалы себеп болгонун айткан. Атамбаев бул жаңжал тууралу угары менен ачууланып, “Матраимовду кызматтан алгыла!” деп ызырынып буйрук бергенин анын шоопуру Икрамжан Илмиянов телефон аркылуу Матраимовго кабарлаган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *