Фото – ИИМ: Кылмыш иликтөө кызматына-100 жыл

Бүгүн 2018-жылдын 4-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин актовый залында кылмыш иликтөөнүн 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, министрдин орун басарлары, Жогорку Кеңештин депутаттары, ИИМдин КМКнын жетекчилиги, “Кыргыз Республикасынын Генералдар клубунун” төрагасы Садырбек Дубанаев,  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, милициянын ардагерлери жана чакырылган коноктор  катышышты.

Куттуктоо сөзү менен ички иштер министри Кашкар Джунушалиев  чыгып, 100 жылдык маарекеси менен кылмыш иликтөө кызматкерлери менен ардагерлерди куттуктады. ИИМдин башчысы кылмыш иликтөө кызматы ички иштер органдарындагы алдыңкы ыкчам бөлүмдөрдүн бири экендигин жана республика ичинде мыйзамдуулук менен тартиптин сакталышы боюнча зор салымдарын кошуп жатышкандыгы, кылмыштуулук менен күрөшүүдө  алардын мыкты сапаттарын  белгиледи.  Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлерине бекем ден соолук, үй-бүлөөлүк бейпил жашоо, кесиптик ишинде ийгиликтерди каалады. Кылмыштуулук менен күрөшүүдө зор салымдарын кошушкандары үчүн кылмыш иликтөө кызматынын ардагерлерине дагы ыраазычылыгын билдирип, аларга узун өмүр, бакубат жашоо каалап кетти.

Ички иштер министринин буйругу менен ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү кесипкөйлүүлүгү, эрдиги жана кылмыштарды бетин ачууда жогорку жыйынтыктарды көрсөткөндөрү үчүн Криминалдык милиция кызматынын бөлүмдөрүнүн 100дөн ашуун кызматкерлерине министрликтин сыйлыктары тапшырылды, ошондой эле милициянын ардагерлерине медалдар, төш белгилер жана Ардак Грамоталар тапшырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттин жана жарандардын коопсуздугу үчүн кызматтык милдеттерин аткарып, кылмышкерлерди кармоо учурунда каза болушкан кесиптештерин эскеришти. Алардын үй-бүлөө мүчөлөрү менен жубайларына белектер менен акчалай сыйлыктар тапшырылды. Кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдыгына арналган салтанатуу иш-чара  атайын даярдалган концерт менен аяктады.

Кылмыш иликтөө кызматынын тарыхы

Бүгүн Кыргыз милициясынын кылмыш иликтөө же бүгүнкү аталышы менен айтканда Криминалдык милиция кызматына 10 жыл тллуп турат. 100 жыл деген толук кылым. Бир кылымдык бай тарыхка жана катмары калыӊ тажрыйба менен кайгысы да артык эскерүүгө толгон бул кызматка, анын баскан жолуна, өткөргөн өмүрүнө байым салуу кезеӊи келип турат.

Башат жана баштапкы кадам

Советтик милиция жаңыдан калыптанып баштаган биринчи жылдары Кыргызстанда да милицияны штатсыз,  жалпы элдик милдет катары, жалпы калайыктын жардамы менен иш жүзүнө ашырууну туура көрүшкөн. Мындан улам советтик жумушчу дыйкандар милициясы түзүлүп баштаган. Бирок көп узабай эле турмуш агымы андай кылууга болбосун көргөзүп койду. Алчы таасын жеген, тажрыйбалуу кылмышкерге каршы карапайым адамдар эмес, атайын даярдыктан өткөн адистер күрөшүшү керек экени түшүнүктүү болду. Ушундай себептерди негиздеп 1918-жылы март айында НКВДынын жетекчиси, элдик комиссар Г.И.Петровский  милицияны штаттык негизде түзүү зарылчылыгын айтып чыгат. Бул сунуштан соӊ РСФСРдин НКВДсынын 1918-жылдын 5-октябрдагы коллегиясында бекитилген “ Кылмыш иликтөө жөнүндө” токтому кылмыш иликтөө башкармалыгынын укуктук негизин иш жүзүндө  аныктаган. Аталган токтомдо: “Революциялык тартипти сактоодо укук бузган кылмыштарды иликтөө үчүн жана бандитизимге каршы күрөшүү максатында кылмыш иликтөө башкармалыгы түзүлсүн”-делинет. Мындан улам 1918-жылдын 5-октябры Кыргызстанда кылмыш иликтөө кызматынын түзүлгөн датасы болуп катары калыптанып келет.

Кыял ишке ашканда же басмачылык мезгил

Кылмыш иликтөө кызматынын баштапкы түзүлүшүндө милициянын  башкы башкармалыгынын алдында Кылмыш иликтөөнүн борбордук башкармалыгы түзүлүп, жер жерлерде, калк көп жайгашкан бардык айыл кыштактарда ага баш ийген иликтөө бөлүмдөрү болоору айтылат. Албетте, баардык эле жаӊы башталган иш кыйын болоору ырас эмеспи. Кылмышкерлер менен күрөшүүчү милициянын жаӊы бөлүмүндө иш билген, курал кармап көнгөн адистер жетишсиз эле. Кызыл аскерде кызмат кылып келген жоокерлер, Советтик өлкөнү куруу ишине активдүү катышкан азаматтар милициянын катарында турушкан.

Ал эми аларга каршы Совет бийлигин жактырбагандар да жетиштүү болчу. Мисалы Ош шаарында Корбашы Калкожо өзүнө окшоп совет бийлигине каршы көз караштагы адамдарды чогултуп алып айыгышкан кармашка чыккан. Ал ошол кезде Ош милициясын жетектеп турган Султанов Балтакожонун башына ири өлчөмдөгү сыйлык койгон. Балтакожо менен Калкожонун  кармашы эски менен жаңынын, караӊгы менен жарыктын кармашындай бири-бирин аябаган, чындап баштарын канжыгага байлап коюп кармашкан кандуу кармаш эле. 1919-жылы сентябрь айында басмачылар Ош шаарына күтүүсүз кол салып, Балтакожону колго түшүрүп алышат. Советтик милициянын Ош шаарындагы бөлүмүнүн биринчи жетекчиси, кызылдардын идеологиясынын активдүү  жайылтуучусу Балтакожону абдан мыкаачылык менен, атка сүйрөтүп алып шаардын көчөлөрүндө чаптырып жүрүп өлтүрүшкөн. Мындай мыкаачылык милициянын калган кызматкерлеринин жана элдин үшүн алыш үчүн жасалган. Бирок бул мыкаачылык жаӊы гана түзүлүп жаткан милиция кызматкерлерин коркута албай, тескерисинче кыжырларын гана келтирген.  Балтакожонун кенже иниси Насрулла агасынын жолун улап, советтик милицияны жетектеп, 1919-жылдын 26-сентябрь күнү Ош шаарын басмачылардан бошотуп, агасына кол салгандарды камакка алган. Бул жигит басмачылар менен күрөштө дагы далай эрдиктерди көргөзүп, кийин Сүлүктү, Өзгөн жана Базар-Коргон милиция бөлүмдөрүн жетектеген.

Эрдигиӊер эч качан унутулбай, элесиӊер түбөлүк эсибизде

Өзүнүн алгачкы уюшулган күнүнөн тартып негизги милдети кылмыштуулукка каршы күрөшүү менен коомдук тартипти сактоого багытталган милиция негизги милдеттери менен катар эле башка иштерге да тартылып, кандай иште болбосун өзүнүн эрктүүлүгү, мыкты сапаттары менен элдин колдоосуна ээ болуп келди. Өлкөбүздөгү жумушчу-дыйкан милициясынын алгачык уюштуруучуларынын катарында бир туугандар Балтакожо жана Насрулло Султановдору, Газыбай Казыбаевди, Эргеш Алиевди, Табалды Пудовкин-Жукеевди, Абдылда Исабаевди, Николай Нерабоченкону, Петр Гайлисти жана башка жүздөгөн кызматкерлерди кошууга болот. Алар Совет бийлигинин түптөлүшүнө зор салым кошуу менен, граждандык согуштун каардуу мектебинде тарбияланышып, Совет бийлигин түшүнүү менен кабыл алышып, анын талаптарын аткарууда өз өмүрлөрүн аяшпады. Элдин бейпилдигин сактоодо бул аралыкта милиция кызматынын К.Салимбаев, Р.Худайбердиев, К.Алашпуров, Т.Алыкулов, М.Абдураимов, И.Алиакпаров, М.Базылбеков сыяктуу ондогон эр-азаматтар курман болушту.

Ооба, милиция кызматы түйшүгү түмөн, өзү татаал экенине тарых күбө. Бирок, ага карабастан, “милиция боломун” деген аруу тилек менен бул кесипти тандап алган мекенчил жигиттерибиз арабызда абдан көп. Алдыда түрдүү кырдаалдар күтүп турганын жүрөгү менен сезсе да, башын канжыгага байлап коюп, эли-жери үчүн кызмат өтөшкөн азаматтарыбыздын айрымдары кызмат учурунда курман болушканы, албетте, өкүнүчтүү.

Эрдик – эр жигиттин экинчи өмүрү. Ал эч качан унутулбайт. Элдин эсинде өмүр бою сакталып, аты алтын тамгалар менен жазылган эр-азаматтар ар дайым жакындарынын, кесиптештеринин катарында жүрүп, келечек муундар үчүн эр жүрөктүүлүктүн үлгүсү болуп кылымдан кылымга кала берет.

Туӊгуч жетекчилердин деми менен

1922-жылы Элдик комиссарлар советинин ордуна СССР  мамлекети  түзүлүп, анда кыргыздар Түркистан республикасынын курамында болгон. 1924-жылы  Орто Азия элдеринин суранычы боюнча Түркистан АССРи жоюлуп анын ордуна  Өзбек, Туркмөн республикалары жана кайсыдыр бир түшүнүксүз себептер менен Республика болбостон РСФСРдин тутумунда Тажик, Кара-Калпак, Кара-Кыргыз автономдуу облустары түзүлгөн. Кара-Кыргыз автономдуу облусунун милициясынын биринчи жетекчиси болуп Аркадий Павлович Арумов,  кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчилигине Имаш Кабеков дайындалат. Кара-Кыргыз облусу төрт округдан Пишпек, Каракол-Нарын, Ош, Жалал-Абад округдарынан турган. Ар бир округда Кылмыш иликтөө бөлүмдөрүн түзүү үчүн Имаш Кабеков катуу киришип 1925-жылы май айында аяктап, иштей башташкан. Ушул жерден белгилей кете турган нерсе:  Бир нече жылдардан бери дунган элинин тынчын алып, уйкуларын бузуп келген Люлюзу Эрбудунун бандасы кармалып, камакка алынган. Жакшы уюшулган, дайыма сак жана тез аракет кылган бул банданы колго түшүрүү оңойго турган эмес. Ошондуктан  аны колго түшүрүүдөгү кыраакылыгы жана тапкычтыгы үчүн кылмыш иликтөө кызматынын жетекчиси Имаш Кабеков “Кызыл Туу” ордени менен сыйланган.

Тарыхта калган так

Албетте кылмышкерлер менен күрөшүүдө ийгиликтер арбын болуп жатты. Бирок, жеӊиш жеңил келген жок. Колдорунан кетип жаткан бийликке, салааларынан агып бараткан байлыкка жандары күйгөн байлар тынымсыз аракет кылышып, акыркы күчтөрүн жумшап жанталашып жатышты. 1934-жылы 21-февралда Ноокат районунда жаңы уюшулган колхоздун төрайымы Уркуя Салиеваны басмачылар ырайымсыздык менен өлтүрүп кетишкен. Төрайымга кол салган мыкаачыларды кармоо ишин жергиликтүү кылмыш иликтөөчү А.Коконбаев колго алып, баш кесерлерди качырган эмес. Тайманбастыгы жана кылмышкерлер менен күрөштө сиңирген эмгектери үчүн Кыргыз АССРинин Элдик комиссары И.Жуковдун буйругу менен А.Коконбаев Күжүрмөн Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Улуу АтаМекендик согуш жылдары… Качкындар жана чыккынчылар менен кармашуу 

Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында  согуш талаасындагы жоокерлер сыяктуу милиция  кызматкерлери да өзгөчө маанилүү жана жооптуу милдеттерди аркалашкан. Кылмыш бетин ачуу, душмандык агенттерди табуу, аларды зыянсыздандыруу жана жок кылуу тапшырмасы милиция кызматкерлеринен жогорку кыраакылыкты, ыкчам чеберчиликти, кесиптик сезгичтик жана өткүрлүк сапаттарды талап кылган.

Тагыраак айтканда 1942-жылы январ айында Кылмыш иликтөө боюнча жаңы штаттык бөлүм түзүлгөн. Айтсак, бул кылмыш иликтөө бөлүмүндө үч бөлүмчө: биринчи талап тоноо жана киши өлтүрүүгө каршы,  экинчи уурулукка каршы, үчүнчү  алдамчылык, көчө кылмыштары жана тентектикке каршы күрөшүү бөлүмчөлөрү болгон. Бөлүмдү лейтенант Б.Е.Цейтилин, экинчи бөлүмдү Е.В.Осетров, ал эми оперативдик бөлүмдүн жетекчисинин орун басары болуп Муса Исабеков дайындалган. Андан көп узабай кыргыз милициясында 13 тандалган кызматкерден турган бандитизмге каршы күрөшүү бөлүмү түзүлүп, анын башында Абдылда Исабаев турган. Кургакчылык, ага байланыштуу жаралган ачкачылык, тынбаган мигирация,  түндүк Кавказдын элин Кыргызстанга көчүрүп келүү (130 миң адам), лагерлерден жана түрмөлөрдөн кылмышкерлердин аминстиция менен бошошу абалды оорлотуп жиберген. Бирок канчалык оор, канчалык кыйын болбосун  кыргыз милициясы коомдук тартипти талаптагыдай сактай алды.  Е.В.Осетров жетектеген кылмыш иликтөө бөлүмү 1942-жылы   көтөрүлүш жасап Кыргызстандагы  бийликти алууну максат кылган, дезертирлерден, кылмышкерлерден жана байлар менен кулактардын калдыктарынан турган “Өчпөс” деген жашыруун аты бар уюшкан кылмыштуу топту кармаган. Мындан  башка да бир нече кылмыштуу топторду камап жок кылышкан. Тагыраак айтсак: 1942-жылдан 1945-жылдар аралыгында  катарында 1489 адам турган 235 кылмыштуу топ, аскерге барып, куралын таштап качып  жүргөн 7845 дезертир, аркандай амал айла менен аскердик милдетинен качкан 24735  качкын, согуштук өнөр жайлардан качкан 11107 адам кармалган. 1941-жылдан согуш бүткөнчө 41769 кылмыш иши козголуп, алар боюнча 42735 адам камалган.

Өндүрүш өргө тарткан жылдарда

Улуу Ата-Мекендик Согуштан кийинки мамлекетти калыбына келтирүү жылдарында милиция коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ошол мезгилдин алдыңкы формалары менен ыкмалары иштей баштаган. Бирок, негедир Кылмыш иликтөө жааты 1949-жылы милициядан алынып, Мамлекеттик  коопсуздук министрлигинин карамагына каратылган да арадан алты жыл өткөн соӊ кайра 1955-жылы милицияга кайтарылган.

Кыргыз милициясы, анын ичинде кылмыш иликтөө кызматы да акырындан өсүп өнүгүп жүрүп олтурду. Кийинки жылдары маанилүү өзгөрүүлөр 1968-жылы болгон Фрунзе шаарындагы массалык тартип бузуулардан кийин болду десек жанылышпайбыз. Күтүүсүз жерден чыгып кеткен бул  көптөгөн адамдар катышкан тополоңду басүү үчун СССРдин атайын ыкчам тобунун кийлигишүүсүнө туура келген. Мындан кыргыз милициясы бир топ тажрыйба алып, өз ишинде кийин пайдаланүүга мүмкүнчүлүк алган. 1974- жылы эл менен иштөөнү жакшыртуу максатында алдын алуучу- көзөмөлдөө кызматы киргизилип, участкалык испекторлордун саны 50 адамга көбөйтүлгөн. Муну менен участкалык инспекторлор кылмыш иликтөө кызматынын чөң бөлүмүнө айланган, анда баардыгы 450 адам иштеген. Белгилей кете турган нерсе ушул жылы кылмыш иликтөө бөлүмү – “Кылмыш иликтөө башкармалыгы” болуп кайра түзүлүп, анын курамында  8 шаар-райондук бөлүм түзүлгөн. 17 шаар-райондук бөлүмдөрдө алдын алуу жана көзөмөл кызматы боюнча орунбасарлардын штаты киргизилеген.

Сестенткен сексенинчи жылдардагы бөлүнүү

1980- жылдардын башы кыргыз милициясы үчүн абдан кооптуу окуялар менен башталды. 1980-жылдын 4-декабрында Чолпон- Ата шаарындагы Өкмөттүк санаторийден Кыргыз СССринин Министрлер Советинин төрагасы С.И.Ибраимовду жана анын айдоочусу А.А.Вольфду белгисиз бирөөлөр атып кеткен.  Атайын ыкчам топ түзүлүп,”Сирена” деген иликтөө иш чарасы ишке киргизилген. Ага баш аягы 700дөн ашуун кызматкерлер тартылып, иш күнү-түнү тынбай жүргүзүлгөн. Натыйжада  ок аткан адам А.М.Смагин колго түшүрүлгөн. Ал республиканын чегинен чыгып кеткенге үлгүргөн экен. Кийин СССРди Ю.В. Андропов жетектеп турган мезгилде, Кылмыш иликтөө кызматынан алдын алуу-көзөмөл кызматы жана участкалык инспекторлор бөлүнүп кетти. Антпесе башкармалык абдан эле чоңоюп кеткен эле.

Кайра куруу “жараткан” кылмыштуулук

Ал эми кайра куруу доору жөнүндө кеп кылган кезде, мурдагы коомдук менчик идеоалогиясынын ордуна жаңы жеке менчик идеоалогиясынын келиши, базар экономикасы, маалымдуулук дегендер өлкөгө баш аламандыктарды алып келип, милициянын ишин кыйла кыйындатты. Тартип начарлап, жүздөгөн ишканалар иштебей, жумушчулары көчөдө калды. Кылмыштуулук күч алып,уюшкан кылмыштуу топтор пайда боло баштады. Ошол жылдары республикада 425 өтө коркунучтуу кылмышкер, 22 кылмыш авторитети, 3 “мыйзамдагы уурулар” , 55 ар кандай кылмыштуу топтордун башчылары болгон. 1989-жылы уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүм 6-бөлүм болуп кайра түзүлүп, ага мыкты делген 10 кызматкер тандалып алынган. Ушундай эле 6-бөлүм Ош обулусунда да түзүлуп анда 6 азамат иштеген. Бул бөлумдөр жыл ичинде 23 уюшкан топтун бетин ачып, 158 оор кылмышка катышканын далилдеген. Ал эми саясий абал өлкөдө уламдан улам курчуп, улам бир жерде улуттар аралык жанжал чыгып турду. Абхаз АССРинде, Фергенада, Казакстандын Гурьев обулусунда чоң тополоң чыгып, араң -араң басышкан. Бизде болсо 1990-жылы 4-июнда Ош облусунда жаштардын жер басып алуусунан чыккан чатак чоң жанжалга айланып 259 адам каза болуп, 341 үй өртөнүп, 2 миңден ашык кылмыш катталган.

Эгемендиктин эпкининде

Кылымдык тарыхы бар Кыргыз милициясы өздөрүнүн көөнөргүс эмгеги менен бүгүнкү күндө да улуу муундагы аталарыбыздын даңктуу жолун татыктуу улантышууда. Айрыкча 1991-жылы мурдагы СССР жоюлуп, Кыргыз Республикасы өз алдынча мамлекет болуп түптөлгөндөн баштап, ички иштер органдары да жаңылануу багытын түшүп, бир катар реформаларга тушукту.

Жетимиш жыл доорон сүргөнү менен дүйнөдөгү эң күчтүү державалардан болгон СССРдин кулашы Кыргызстандын өз алдынча өлкө катары таанылып, бардык тармактар боюнча өз алдынча иш алып барышына шарт түздү.  Идеологиялык жактан өзгөчө катуу тартип орноткон СССРдин учурунда жөнөкөй атуулдар үчүн да чет өлкөлөргө чыгуу өзгөчө оор болгондугу көпчүлүктүн эсинде. Ал эми жаңы гана көзкарандысыздыкка ээ болуп, экономикалык кризистин оор мезгилин башынан кечирип жаткан учурда Кыргызстанда кылмыштуулук күч алып, мамлекеттик казналарды карактап, оор кылмыштарды жасаган жарандар чет өлкөлөргө жыла качып, аларды кармоо, дегеле жасаган кылмыштарынын бетин ачуу ИИОнун кызматкерлери үчүн кошумча түйшүк жараткан.

Айрыкча, экономика тармагында оор кылмыштарды жасагандардын, афган наркотикасынын республиканын аймагында болуп көрбөгөндөй өсүшү Кыргызстандын укук сакчыларын жаңыча иштөөгө, чет элдик кесиптештери менен тыгыз аракеттенүүгө түрткү берди. Мындай өткөөл мезгилдерге туруштук берип, өлкөнүн коомдук коопсуздугун көз карегиндей сакташкан Кыргыз милициясынын эр-азаматтары эл алдында берген анттарынын өтөөсүнө чыгып, кылмыштуулук менен күрөшүүдө зор эрдиктерди көрсөтө алышты.

Айрым мисалдарга токтоло кетели, Кылмыштуулук эгемендиктин алгачкы жылы болгон 1991-жылга салыштырмалуу 1992-жылы 32 миңден 42 миңге өскөн. Ушул жылы өз милдеттин аткарып жүрүп 5 милиционер курман болгон.

Жаӊыланган мыйзамдар жана кылмыштуу топтор

Кыргыз милициясынын өз алдынча иштелип чыккан, кийинки шарттарга ылайыкташтырылган укуктук таянычы жок болгондуктан мурдагы СССРдин учурундагы мыйзамдар менен иштөөгө туура келген. Мындай документ 3 жылдан кийин пайда болуп, 1994-жылы” Кыргыз республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” деген мыйзам чыккан. Ал эми Кыргыз Республикасынын кылмыш кодекси болсо 1997-жылы гана жарык көргөн. Мунун баары ишке өз кедергисин тийгизбей койгон эмес. Өлкөдө кылмыштуулук жылдан жылга күч алып, рэкет, буйрутма киши өлтүрүү өңдүү кылмыштар пайда болгон. Бизнесмендер кылмышкерлер менен тил табышууга барышып, муну менен уюшкан кылмыштуулук ачыкка чыга баштаган. Эми бизнесмендер ортосундагы талаш тартышты криминал чечип, иш татаалдаган.  Ушундай шарттан чыгыш үчүн кыргыз милициясынын көптөгөн мыкты кызматкерлери канын-жанын, болгон жөндөмдөрүн  аябастан кызмат кылышты. Тагыраагы, “1996-жылдан 1999-жылга чейин эле 554 кылмыш “авторитети” аныкталып, тизмеге алынган. Алардын ичинен 120сы кылмыштуу топтордун башчылары болгон. Ошондой эле ар кандай кылмыштарга катышы бар 181 криминалдык топтор кармалып, жоопко тартылган. Алардын колунан 5982 ок атуучу курал тартылып алынган. 1999-жылдын биринчи беш айында кылмыш иликтөө башкармалыгы 250 кылмыштуу топту аныктап, алардын 1268 кылмышка катышы бар экенин далилдешкен.

Ал эми, так ошол кылмыштуу топторго каршы күрөштүн алкагында 2011-жылы эле кылмыштуу топтордун 315 башчылары жана мүчөлөрү кармалган. Бирок,  алардын ичинен 44 кылмышкер “жабырлануучу менен элдешип алышты” деген шылтоо менен бошотулуп кеткен. Сот аркылуу 161и кесилип, алардын 87си  жеӊил желпи, айып пул төлөө өңдүү жазаларды алышып, 19у колония-поселенияга жөнөтүлүп, болгону 55 кылмышкер жабык түрмөгө олтурган. Мына ушул өӊдүү бийлик бутактарындагы айрым бир карама-каршы келүүлөр милиция тармагына түздөн-түз көө жаап жана да жаманатты кылып жатканына тарых күбө.

Сөз соӊунда

Милициянын эл менен байланышын бекемдөө, элдин ишенимине ээ болуусу да бүгүнкү ИИОнун реформалоонун бир өзөгү катары колго алынууда. Себеби, коомчулук менен милиция биргелешип иш алып барганда гана кылмыштуулукту ооздуктап, өлкөдө үлгүлүү тартипти камсыз кылууга боло тургандыгы акыркы ачык айкын көрүнө баштады. Мына ушул алкактан алып караганда Кылмыш иликтөө кызматынын өкүлдөрү зор салым кошууда.

Майрамыныздар кут болсун урматуу кылмыш илиткөө кызматынын ардагерлери жанак ызматкерлери.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *