ИИМ тарабынан “реформалар” жасалып жатса да болбой эле көбөйгөн кылмыштуулук

Акыркы күндөрү, азыркы бийликтин тушунда кылмышкерлер менен ууру-кескилер ачык эле карапайым эл менен бизнесмен-ишкерлерди талап-тоноп, ал тургай итти аткандай атып кетишүүдө. Өткөн жумада Чолпон-Атада 44 жаштагы адамды үч жигит баласынын көзүнчө уруп-сабады эле, алар кийин кармалып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү бо­луп чыгышты. Андан мурда Бишкектин чок ортосундагы “Бакыт” деген кытай кафесин автомат ме­нен куралданган 5-6 маскачандар тамактанып отурган адамдардын көзүнчө ок чыгарып, 100 мин Сомду тоноп кетишти эле. Жаны жылдын алдында болсо, даты бир маскачан 3-4 жигит борбордогу супермаркеттердин бирине кири- шип, ал жердеги сатуучу кыздарды топтой тепкилеп, болгону кассадагы 3-4 мин сомду алып кетишкен. Баарынан да кылмышкерлердин Бишкекте баласынын көзүнчө 60 жаштагы аялды атып кетишкендиги уккан адамдын төбө чачын тик тургузду. Бул окуя 22-февралда күндүз Аламүдүн-1 кичирайонунда болгон. Маркумду белгисиз кишилер өз үйүндө тындым кылышкан. Алдын ала маалыматтарга кара­ганда, аялдын жанында бир жашар ымыркай да болгон. Сөөктү алгач мектептен келген небереси көргөн. Ок анын башына тийген. Эгер санай берсек, почта, банк, дүкөндөрдү тоногон кылмыштар ондоп саналат. Бул мезгилде ИИМ жетекчилиги реформалар жасалып жаткандыгын айтып гана оозун куу чөп менен аарчышууда.

Булак: “Майданkg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *