ИИМ: Видеого тартылган окуучу балдардын мушташы 5 жыл мурун тартылган

Жакынкы күндөрү социалдык тармактарда жана маалыматтык агенттиктерде окуучу балдардын бири-бирин ур-токмокко алуусу чагылдырылган видеосу жарыяланган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Бирок, видеодо окуя болгон жер жана качан болгондугу маалымдалган эмес. Жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу бул видео коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Социалдык тармактарда чыккан күндөн баштап ИИМдин кызматкерлери жогорудагы факты боюнча текшерүү иштерин баштаган.

Милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, бул видео чагылдырылган окуя алдын ала маалымат боюнча 5 жыл мурун тартылганын такташкан. Окуя болгон жер аныкталып, ал Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында болгондугу билинди.

Ички иштер министрлиги акыркы учурда ушул жылдын жаз жана күз айларында мындай окуя катталбагандыгын белгилеп, жакынкы күндөрү социалдык тармактарда тараган балдардын мушташы жөнүндөгү видео алдын- ала маалымат боюнча 5 жыл мурун тартылгандыгын тастыктайт. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *